Форум бул жолу “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан астында өтүп жатат. Анда өкмөттүн алдында мигранттар кеңешин түзүү сунушу айтылды. Миграциянын кесепеттерине жетиштүү көңүл бурулбай жатканы сындалды.
Өмүрбек Абдилазизов Орусияда турмуш-шарты ирденип калган, ушул тушта жакындарына эле эмес башкаларга да жардам берген деңгээлге жеткен ондогон кыргызстандыктардын бири. Ал Москвада “Каймос” фондун жетектейт:
- Москвада иштеген балдардын жардамы менен өзүбүздүн айылга 4-5 миллион сомдук киреше кирди. Ал каражат жол курганга, көпүрөлөрдү оңдогонго, бала бакчаларды салганга жумшалды. Ушуну менен эле катар биз башка аймактарда да ушундай фонддорду ачууга кеп-кеңеш берип келе жатабыз. Мындай фонддор көп. Баарын кошо келсе чоң суммада эле акча жардам берген болот. Бул деген ата-энесине жөнөткөн акча эмес, Кыргызстандын инфраструктурасын, социалдык мекемелерин оңдоого кошкон салымы. Бирок айрым жерлерде мамлекеттик колдоосу болбогондуктан мындай фонддор жабылып да калып жатат.
“Мекендештер” форумуна бул ирээт 25 өлкөдө жүргөн 300гө чукул кыргызстандык чакырылды. Иш-чара экс президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулуп жатат. Отунбаева мигранттардын башын кошуу, алардын пикир алышуусуна аянт түзүп берүү маанилүү деп эсептейт:
- Миграция бул эмне деген процесс деп биз азыр ойлоно баштадык. Бул ушинтип эле бир тараптуу ага береби, бул качан токтойт, элдин агылганын кандай кесепеттери бар деген суроолор коомдо коюла баштады. Бул талкуу жаңы башталды. Четтеги кыргыз диаспоралары активдешип, ар кайсы жерде бир жылда үч-төрт жолу чогулуп атат. Алар да “курсагыбызды тойгузуп, кичине каражатты үйгө жөнөтүп ушинтип эле жүрө беребизби. Ушул жерде алган билимибизди, тажрыйбабызды, идеяларабызды, акылыбызды долбоорлорубузду үйгө, Кыргызстанга алып баралы, ошол жерде элге кантип жакшы жашаса болоорун айтып берели” деп жатышат. Мунун баары бизге өтө кызыктуу.
Ушул тушта Орусияда болжол менен жарым миллиондон ашык кыргызстандык иштеп жүрөт. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусовдун пикиринде, өлкөнүн миграция боюнча тарыхында жаңы этап башталды. Сыртта иштеп жүргөндөр иштеп тапкан акчасын күнүмдүк керектөөгө эле сарптабай, киреше алып келе турган нукка буруу башкы маселе экенин түшүндү. "Мындан улам БУУнун өнүктүрүү программасы менен бирге долбоор башталды", -дейт элчи:
- Мисалы сиз Ала-Букадан болуп, Москвада иштеп жатсаңыз ошол өзүңүздүн райондо ПРООНдун долбоору болсо алабукалык жигиттер салым кошуп, ошол долбоорлорду ишке ашырсын деп мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз.
“Мекендештер” форумунда өкмөттүн алдында туруктуу иштей турган кеңеш түзүү сунушталды. Украинадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Таалайбек Сариев миграциялык агымдын негизги этаптарын санады:
- Миграция, диаспоралар мындай да: биринчи көчөт, анан отурукташат, өзүнө келет, анан ирденип калганда бир уюмга биригет, бири-бири менен иштей баштайт. Азыр болсо биз андан кийинки этапка: өкмөт менен иштей турган этапка келдик. Андан башка дагы бир этап бар. Бул ошол башка мамлекетте калып калгандар ошол өлкөнүн саясий жашоосуна жуурулушуп, саясий тепкичтер менен жогоруласа биздин өлкөгө анык жардамы тиет. Мисалы Орусияда Мамлекеттик Думада эки кыргыз депутат отурганын элестетиңиз. Азыр эми мигранттар келип атат, кетип атат, акча жиберди, же жиберген жок деген маселелер турат. Бул кийинки 3-5 жылдагы маселелер. Эгер геосаясатты карай турган болсок, ошол биздин жарандар жүргөн өлкөлөрдө өзүбүздүн кишилерибиз болушу керек. Ошондо алардын жардамы тиет. Кийин “Мекендештер” форумуна башка жерлерде министр болуп калган мекендештерибиз да келип катышса кандай сонун болот.
Форумда “Азия полиси” аналитикалык борборунун эксперти Асел Мурзакулованын баяндамасы кызуу колдоого алынды. Эксперт миграциянын кесепеттерине кеңири токтолду жана өкмөттү иш орундарын түзүп, миграциялык агымды азайтууга аракет жасабай жатканын кескин сынга алды. Бул жагдай Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кыйла оорлоп калаарын эскертти:
- Азыр дээрлик ар бир үй-бүлөнүн эки-үч мүчөсү эмгек мигранты болуп жүрсө, Бажы биримдигине киргенден кийин үй-бүлөсү менен кетип калат. Мындан улам өзүбүздүн экономикалык потенциалыбыз төмөндөйт. Анткени экономиканы көтөрүү үчүн жумушчу күчү керек. Азыр биз Бажы биримдигине кире электе эле элибиздин 30 пайызы эмгек миграциясында жүрөт. Мындай шартта биз мамлекетти кантип сактайбыз. Бул чоң суроо. Ушул маселе тууралуу ачык сүйлөшүшүбүз керек. Болбосо анан абдан кеч болуп калат. Азыркы өкмөттүн миграция маселелерине кылган мамилеси Акаев, Бакиевдин убагындай, эч өзгөргөн жок.
“Мекендештер” форумунун алкагында четте жүргөн кыргызстандыктар Бишкекте ушуну менен экинчи ирээт чогулуп атат. Алгачкы форум эки жыл мурун августта өткөн болчу.