Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Индонезияда кармалган Жибек 17 жылга кесилиши мүмкүн


Жибек Сакеева камалганга чейин. Сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз.
Жибек Сакеева камалганга чейин. Сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз.

Индонезияда маңзат менен кармалган кыргыз кызы Жибек Сакеева африкалык бир таанышынын жүгүн бул өлкөгө жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбегенин айтууда.

Кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезиянын Бандунг шаарынын аба майданында былтыр күзүндө маңзат менен кармалып, абакка түшкөн. Анын соту январда башталып, жакын арада өкүм чыгаары күтүлүүдө.

Кыргызча “Бангкок Хилтон”

Бул кыздын окуясын “Азаттыкка” индонезиялык журналист Закы Ямани айтып берди.

Ал бүгүн (27-апрель) эртең менен Индонезиянын Бандунг шаарынын түрмөсүнө иш боюнча барып, ошол жерде кыргыз кызын жолуктуруп калыптыр. Камакта отурган кыздын аты Жибек Сакеева, 21 жашта, түбү жалалабаддык. Бишкек гуманитардык университетинде кытай тилин окуган.

Жибек Сакеева журналисттердин суроосуна жооп берүүдө. Ал бул күнү түрмөдөгү сулуулар сынагына катышып жаткандыктан боёнуп алган. Бандунг шаары, 27-апрель.
Жибек Бандунг шаарынын аэропортунда 2010-жылдын октябрь айында кармалат. Анын айтмында, африкалык таанышынын жүгүн Индонезияга жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбептир.

Жибек Сакееванын иши январь айынан тарта сотто карала баштайт, жакын арада акыркы отурум болушу күтүлүүдө. Айыптоочулар ага 17 жыл сурап жатыптыр. Ага азыр Индонезиянын борбор шаары Жакартадан келген адвокат жардам берүүдө.

Закынын айтымында, Жибек бул тууралуу эжелерине гана айткан, ал эми ата-энеси кыздын тагдыры тууралуу билишпейт. Эжелеринин болсо Индонезияга келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экен. Жибек Малайзиядагы кыргыз элчилиги менен бир нече жолу байланышууга аракет жасап, бирок жооп ала алган эмес. Бандунг шаарындагы түрмөнүн жетекчиси да Куала-Лумпурдагы кыргыз элчилиги менен байланышууга аракеттенген, бирок андан да майнап чыккан эмес.

Индонезиялык журналисттин айтымында, Жибек кыргыз бийлигинин жардамына өтө муктаж. Ата-энесин көргүсү келет, ага укуктук жактан да жардам керек.

Кыргыз тарап бул окуядан кабардар

Биз Малайзиядагы кыргыз элчилигине чалып, консул менен байланыша албай койдук. Элчинин катчысы консулдун чөнтөк телефону өчүк деп жооп кайтарды. Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин кызматкери Руслан Маткеримов болсо кыргыз тарап бул иштен кабардар экенин билдирди:

- Жибек Сакееванын кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги алектенүүдө. Биздин укук коргоо органдары Индонезиянын бийлигине кат жазып, аны элчилик аркылуу жолдогон. Индонезияда биринчи жолу кыргыз жараны маңзат менен кармалууда. Бирок афро-америкалык топтордун баңги затты ташуу үчүн адамдарды колдонушу кеңири тараган көрүнүш. Жибек алардын курмандыгы болгон окшойт. Бироок биз индонезиялык соттун ишине эч кирише албайбыз. Ошол жагынан кыйынчылыктар бар.

Бандунгдагы жергиликтүү журналист Закынын байкашынча, Жибек аябай акылдуу жана анын 17 жылга кесилишин эч ким каалабайт. Жергиликтүү журналисттер да бул окуяны массалык маалымат каражаттарынан чыгарышып, кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүн суранууда.

Түштүк-чыгыш чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө маңзатты ташыгандар, саткандар жана колдонгондор үчүн өлүм жазасы колдонулат. Алардын катарына Индонезия да кирет.

Биз Бандунгда камакта жаткан мекендешибиздин тагдырына мындан кийин да кайрылып турмакчыбыз. Жибек Сакеева тууралуу кабар берген индонезиялык журналист Закы Ямани да андан кабар алып турууну убада кылды.

Акыйкатчы Жибектин укугун коргоого киришти

Акыйкатчы Турсунбек Акун 27-апрелде "Азаттыктан" Жибек Сакеева тууралуу баянды угар замат бул маселени иликтөөгө жана аны мүмкүн болсо укугун коргоп, бошотуп алууга киришкенин бейшембиде жар салды.

Акун учурда Кыргызстан жаранынын укугун коргоого чакырып президент, башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлигине жана Жогорку Кеңешке кат даярдап жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Мындан сырткары Индонезиядагы акыйкатчылар менен байланышууга аракет жасалууда. “Ал жакта ар кайсы багытта төрт акыйкатчы бар. ТИМдин бул окуяны жарым жылдан бери билсе да же бизге, же башка органдарга айтпай отура бергени туура эмес. Тилекке каршы буга чейин 3-4 соттун жыйыны болуптур. Өкүм чыгарып коюу коркунучу бар. Ал жакта маңзат менен кармалгандарга көбүнчө атууга өкүм чыгарылат. Ал эми бул кыздын укугун коргогон эч ким жок, абалы оор дешет," - дейт Акун.

Азамат Кайбалиев: Жибекти Индонезиядан экстрадициялоо өтө оор болот

Кыргызстандын Индонезияда элчилиги жок, бул өлкөдөгү иштер Малайзиядагы элчиликтин карамагында. Малайзиядагы кыргыз элчилигинин үчүнчү катчысы Азамат Кайбалиев 28-апрелде “Азатыкка” Жибек Сакееванын иши боюнча толугураак айтып берди.

- Кечээ Жибек 6 айдан бери элчиликтен жооп ала албай койдум деген турбайбы. Бир аз жаңылып калгандыр. Анткени биз бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен 18-ноябрда (2010) алганбыз. Ошол эле күнү Малайзиядагы элчилик Жибек менен байланышып, сүйлөшүп, баарын билип, 22-ноябрда кайрадан Тышкы иштер министрлигине жооп кайтарганбыз.

Андан кийин иштер уланып, 10-декабрда тышкы иштер министринин орун басары Индонезияга III Бали демократиялык форумуна келген. Мен дагы делегациянын мүчөсү катарында Бали аралына баргам. Ошондо биз Индонезиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстан боюнча жооптуу департаментинин директору менен жолугуп, Жибек жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Алар да кабардар экен. Экстрадиция тууралуу талкуулаганбыз. Алар Индонезия менен Кыргызстандын ортосунда тиешелүү макулдашуулар жок болгондуктан аябай оор болот деп жооп кайтарышкан.

Бирок Индонезия тарап тергөө учурунда Жибектин укуктары бузулбайт деп сөз берген. Биздин элчилик Индонезияда катталган эмес, Малайзияда гана иш жүргүзө алабыз, бирок ага карабастан, Жибек Кыргызстандын жараны болгондуктан аябай ичибиз күйүп эле атат...
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG