Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

«Ballon d'or 2019»: эмне үчүн Месси?


Лионел Месси.
Лионел Месси.

Бүгүн 3-декабрга оогон түнү Париж дүйнөлүк футболдун борборуна айланып, 2019-жылдын эң мыкты футболчусун аныктады.

«Ballon d'or» же болбосо «Алтын топ» сыйлыгы жылына бир ирет, бир гана футболчуга берилет. Бирок, быйылкы жылдын жеңүүчүсү өз артынан көптөгөн кайчы пикирлерди жаратты. Себеби, жылдагыдан айырмаланып быйылкы талапкерлердин арасында таза лидер жок болчу. Андыктан сыйлоо аземине бир күн калса да белгилүү футболисттер, машыктыруучулар жана эксперттер «Алтын топтун» уюштуруучуларын ар кандай пикирлер менен басымга алуусун токтоткон жок. Эмесе сөз башынан болсун.

Виржил ван Дейк - негизги талапкер

Иргелип отуруп негизги үч талапкердин катарына баягы эле Криштиану Роналду, Лионел Месси кирсе, эми алардын катарына «Ливерпулдун» борбордук коргоочусу Виржил ван Дейк кошулду. Дал ушу түбү голландиялык жигиттин «Жылдын мыкты футболчусу» деген наамын жеңип алууга мүмкүнчүлүгү көп эле. Эрте күздөгү бардык сурамжылоодо Виржил ван Дейк ишеничтүү биринчи орунда келе жаткан.

Виржил ван Дейк.
Виржил ван Дейк.

Виржил ван Дейк жазында «Ливерпуль» менен Чемпиондор лигасынын жарым финалында Мессини баш кылып «Барселонаны» 4:0 эсебинде токтоткон. Андан соң «Ливерпуль» Чемпиондор лигасын жеңип алды. Бул турнирде ван Дейк 1080 мүнөт ойноп, бир да чабуулчу аны алдап өтө алган эмес экен. Ушул көрсөткүч голландиялык коргоочуну команданын ичинен лидерге айлантты. Быйылкы жылдын эсебинен ал Англиянын «мыкты оюнчусу» аталып, УЕФА болсо жайында ван Дейкти «мыкты футболчу» деп тапты.

Коргоочунун дагы бир жетишкендиги - быйыл ал Нидерландды Улуттар лигасынын финалына чейин алып келди. Ал финалда Роналду курамына кирген Португалия командасына утулуп калды. Бирок ага карабай жогорудагы жетишкендиктердин бардыгы эксперттер үчүн «Алтын топ» быйыл да Роналду менен Мессиге ыйгарылбай калганына ишенип турушкан.

Роналду жылдагыдай эмес

Португалиялык Криштиану Роналду эки жыл катары менен алдыңкы үчтүккө кирсе да жетиштүү упай топтой албай, «Алтын топтон» кол жууп отурат.

Ал 2019-жылды былтыркы деңгээлиндей да өткөрө алган жок. Бирок Италия чемпионатынын жеңүүчүсү жана Улуттар лигасынын кубогу баары бир Роналдуну мыктылардын катарына гана кошпостон, «алтын топко» негизги атаандаштардын бири кылып койду.

Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Бул эки кубок команда аркылуу келгени менен Криштиану быйыл жеке көрсөткүчтө кандайдыр бир ийгиликтери менен айырмалана албай койду. Ал көнгөндөй «Ювентуста» дүңүнөн гол киргизе алган жок.

Жылыга 30дан ашык гол киргизип жүргөн Роналду быйыл Италиянын «А сериясында» атаандаштардын дарбазасына 21 гол киргизген. Бул көрсөткүч менен ал болгону төртүнчү орунга жайгашты.

Ал эми Чемпиондор лигасы Роналду үчүн чейрек финалда эле аяктаган. Бул турнирде да ал мыкты үч бомбардирдин катарына кире алган жок.

Айтор мына ушу факторлордун жыйынтыгында Роналдуга быйыл «Алтын топ» берилбей турганы сыйлоо аземине чейин эле белгилүү болуп калган. Аны өзү дагы туя билген португалиялык футболчу Парижде өтө турган сыйлоо аземине катышпай турганын алдын-ала эле маалымдаган.

Месси жөн гана көп гол киргизди

Буга чейин сурамжылоодо Виржил ван Дейктен кийин экинчи орунда келаткан Лионел Месси акыркы эки айда ишеничтүү биринчи орунга чыгып кетти. Аргентиналык оюнчу Испаниянын премьер-лигасын жеңгени менен андан жогору деңгээлдеги кубоктордон куру калды. Айрыкча Аргентина менен Түштүк Американын кубогунда жарым финалда Бразилиядан утулганда Месси да «Алтын топтон» бир кадам алыстай түшкөн.

Бирок ноябрда Лео Аргентина менен суперклассиконун кубогун жеңип алды. Бул албетте абройлуу турнир болбогону менен Мессиге кандайдыр бир деңгээлде упай алып келди десек болот. Ага кошумча FIFA жылдын футболчусу деп Мессиге наамды бериши, көпчүлүгүн кайра башынан ойлондуруп койду өңдөнөт.

Лионел Месси FIFAнын сыйлыгын алган учуру (сентябрь, 2019-жыл).
Лионел Месси FIFAнын сыйлыгын алган учуру (сентябрь, 2019-жыл).

Ошентсе да эмне үчүн жылдын мыкты футболчусу кайрадан Лионел Месси аталып калды? Бул жерде эң негизгиси - «Ballon d'or» жеке оюнчуга берилчү сыйлык экенин эске алуу зарыл. Месси «Барселона» менен Европанын мыктысы болбосо да, жеке оюнчу катары 2019-жылды жогорку чекте жыйынтыктап жатат. Ал Испан лигасында 37 гол киргизип, башка чабуулчуларды жакын жолоткон жок. Маселен экинчи орундагы «Реалдын» оюнчусу Карим Бенземада 21 гол.

Мындан тышкары Месси «Барселонаны» Чемпиондор лигасында жарым финалга чейин «сүйрөп» келди. Эгерде жеке өзүн ала турган болсок, ал кандай сезон өткөргөнүн сандар эле айтып турат. Чемпиондор лигасында 12 гол менен ал жакта да мыкты бомбардир болуп чыга келди.

Леонун айып соккулары кол менен дарбазага жумшалгандай эле барган сайын кызыгына кирди. Месси Испаниянын премьер-лигасында 428 голу менен тарыхтагы эң мыкты бомбардир болуп жана дагы эле бул көрсөткүчтөр арбый бермекчи. Айтор Лионел Месси бүгүнкү күндө бүтүндөй «Барселонаны» өзү менен кошо жетелеп келатканын көрсө болот. Ошол эле учурда Виржил ван Дейк «Ливерпулдун» ичинде стратегиянын бир оюнчусу деп гана айта алабыз.

Лионел Месси.
Лионел Месси.

Албетте, «Алтын топтун» уюштуруучуларына, анын ичинде добуш берүү системасына доо арткандар көп. Кандай болгон күндө да «Ballon d'or» - тарых жактан жана аброй боюнча да азырынча дүйнө футболчулары эсептешип, мотивация берген негизги сыйлык.

Лионел Месси ушуну менен тарыхта алтынчы жолу «Алтын топту» алган футболчу болуп калды. Мындай көрсөткүчкө эми башка футболчулар өз карьерасында жетише алары өтө күмөндүү суроо болуп калса, дүйнө элдери дагы бир ирет «Месси башка ааламдан келген футболчу» деген аңызга ынанууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG