Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” акциясы өттү

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы өттү. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгышты.

Бүгүнкү акцияда "Райым камалсын", "Акыйкат орносун" деген ураандар жаңырды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген. Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

Кечээ, 13-февралда президент Садыр Жапаров Райымбек Матраимов боюнча териштирүү улана турганын айткан.

"Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлкү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт".

Уюштуруучулар жүрүш бир саат уланарын, аянтта иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жана мамлекеттик гимнди аткаруу менен жыйынтыкталарын айтышты.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.

Гимндин катышуучулары Кыргызстандын гимнин ырдап жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG