16:30
29.3.2013
Бишкек: Сот алдындагы митинг
Тасмада: Жалал-Абаддагы акция
16:14
29.3.2013
Жактоочулар сот имаратына кирүүгө аракет кылышты
“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, соттун cыртында турган эл милицияларды түртүп өтүп, соттун короосуна кирип кетүүгө аракет кылышты. Бирок милиция тартипке көзөмөл кылууда. Ал жерде жүргөн укук коргоочу Азиза Абдирасулова чогулгандарды эмоцияга, провакацияга алдырбай, сабырдуу болуп, сот чечимин күтө турууга чакырды.
Сот айыпталуучу депутаттардын акыркы сөзүн уккан соң, чечим чыгаруу бөлмөсүнө кирип кеткен. Бүгүн депутаттарга карата өкүм чыгышы мүмкүн.

16:12
29.3.2013
Чогулгандар милициянын тосконуна болбой, имарат жакка отконго аракет кылышты. Азиза Абдрасулова элди сабырдуулукка чакырды.
— Kubat Kasymbekov (@Kubat_Kasymbek) 29 марта 2013 г.
16:00
29.3.2013
соттун алдында ызы-чуу, Мотуев дагы келди #атажурт #сот
— Eliza Kenenbaeva (@Elizchik) 29 марта 2013 г.