Бишкек шаардык кенешинин депутаттары калаа башчысын шайлоого чогулушту. Жыйын башталуу алдында турат. #бишкекшайлоо pic.twitter.com/nUatWQx1G7
— Janar Akaev (@JanarAkaev) 15 января 2014
Бишкек шаарынын мэрлигине КСДП фракциясы Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин көрсөттү. 2013-жылдын 7-авгусутунда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин кыска мөөнөттө президенттин кеңешчиси болуп да иштеген эле. 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийин Бажы кызматын жетектеп келген.
Көпчүлүк коалиция Ош шаарынын мэрлигине Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул инсан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары кызматын аркалап келген.
Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн. 5-декабрга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп турду.
Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн. 5-декабрга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп турду.