Кыргызстандагы саясий кырдаал КМШ менен Европадагы бир катар белгилүү басылмаларда талданып, өлкөнүн саясий туруктуулугунан шек санаган жоромолдор айтылууда. Маселен, «Regnum» агенттигине чыккан «Кыргызстан: «сомалилешкен» өлкө, алсыз бийлик» деген макала кыргызстандыктарды айрыкча териктирди. Аны Орусиянын Улуттук стратегия институтунун директору, саясат таануучу Юрий Солозобов жазган. Анда «Кыргызстан азыр «жолу болбогондордун аралы» деп аталып жатат, бийлик улам алсырап баратат, мындай «кара тешик» мамлекеттерге башкалар жардам бериши керек» деген пикир айтылган.
Ал арада Кыргызстандын күч түзүмдөрү мурдагы президентке таандык телеканалды жаап, тарапташтарын камакка алууну улантып жатышат. Андыктан айрым жергиликтүү байкоочулар саясий кырдаалга терс таасир этчү факторлордун алдын алып, тобокелчиликке көңүл буруш керек экенин айтып жатышат. Алардын бири, укук коргоочу Динара Ошурахунова социалдык чыңалууга алып келчү жагдайлардын катарына Атамбаевдин тарапташтарын жапырт камоо, ага таандык болуп саналган телеканалды жабуу, коррупцияга каршы тандалма күрөш сыяктуу көрүнүштөрдү кошту:
«Башкы кишини (ред: Атамбаев) камагандан кийин бийлик күч топтоого аракет кылат. «Эми баарынын оозун басабыз» дейт. Бирок бул абалды сактай албайт. Анткени мамлекеттин бардык системасы чирип жатат. Маселен, Райымбек Матраимов тууралуу коомчулук бир жылдан бери айтып жатат. Ага эч кандай көңүл бурулган жок. Эми күзүндө парламент келип, саясатчылар эс алуудан кайткандан кийин бул маселе кайра көтөрүлөт. Канчалык көп киши камалса да социалдык абал курчуй берет».
«Марал FM» радиосунун жетекчиси Руслан Акматбек акыркы саясий окуя мамлекеттик институттардын чабалдыгын дагы бир жолу көрсөттү деп эсептейт. Анын баамында, азыркы жагдайда бийлик «жети өлчөп бир кесиши» керек.
«Жөнөкөй тил менен айта турган болсок жардын кырына барып келдик, - деди ал. - Акыркы окуялар бийликтин, өкмөттүн, күч органдарынын көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Чечим кантип кабыл алынарын, укуктук маселелер чаржайыт экенин көрсөттү. Мындан жыйынтык чыгарбасак бул эртең да кайталанат».
Саясат таануучу Марс Сариев айрым мүчүлүштүктөрдү эске албаганда мурдагы президенттин камалышына байланыштуу окуялар мыйзам ченемдүү көрүнүш деген ойдо. Ал бийлик бардык саясий күчтөрдүн салмагын эсептеп, ушундай кадамдарга барганын айтты:
«Азыр тобокелчилик жок. Тобокелчиликтин туу чокусуна чыгып кайра түштүк. Азыр «атамбаевчи» күчтөр талкаланды. Эми алар күчтөнгүчө көп бар. Атамбаевди кармаар алдында аймактык факторду эске алып Чүйдүн кландары менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Эми түндүктөгү топтордун күчтүүсү болсо дагы Бабанов менен сүйлөшүү болду. Текебаевди эмнеге чыгарышпайт? Анткени ал түштүктөн күчтүү саясатчы болуп жатат».
Марс Сариев азыркы бийлик жазылбаган саясий тең салмактуулукту кармоого аракет кылып жатканын кошумчалады.
Бирок журналист Турат Акимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо менен маселе чечилеринен күмөн санайт. Ал айрыкча Атамбаевди кармоо учурундагы алешемдик боюнча бийликке сын токтобой турганын эскертти:
«Операция өзү аябай чабал болуп калды. Аны иликтеп чыкса бир топ нерсе ачыкка чыгат. Анан ал операциянын өзүнүн мыйзамдык жагына шек кетет. Бул деле ЖЭБ сыяктуу юридикалык чыр болуп бир топко созулганы калды».
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы эки күнгө созулуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) башында турган биринчи операция үзгүлтүккө учураган. Бул операцияда эки офицердин бири курман болуп, дагы бири өтө оор жарадар болушу жана бир топ кызматкерлер Атамбаевдин тарапкерлеринин курчоосунда калышы бийликтин кадырына доо кетирчү сынга себеп болду.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМ жүргүзгөн экинчи атайын операцияда камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушу боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. Ошондой эле Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шек саналууда.