Муну окуу жайдын айрым мугалимдери мамлекеттик тилди басмырлоо катары кабыл алууда. Бул өлкөдөгү эки тилдүү окуу жайлардагы мамлекеттик тилдин макамы боюнча талкууларга жем таштады.
Кыргыз – орус Славян университетинин окутуучу Асылжан Кешикбаев кыргыз тилинде окуу китебин жазып жатканы үчүн жумуштан уруксат сураган.
Бирок Финансы жана кредит кафедрасынын башчысы Дамира Бектенова окуу жайда билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлбөй турганын айтып, мугалимдин өтүнүчүнө каршы болгон.
Кафедра башчынын мындай мамилесин профессор Кешикбаев окуу жайдагы кыргыз тилин чектөө катары баалап жатат:
- Мен өз тармагым боюнча кыргыз тилинде окуу китебин жазып берүүнү пландагам. Себеби, бул багытта орусча китептер көп. Бирок ага жетекчилик уруксат бербей койду. Менин жазган арызыма “биздин Сляван университетинде кыргыз тилинде сабак берилбейт, ошондуктан негизсиз деп” виза салып берди. Мен кыргыз тилдүү студенттер үчүн эне тилинде китеп жазууга укугум жокпу? Баарыбыз кыргыз тилин өнүктүрөлү дейбиз, ушул сыяктуу китептер мамлекеттик тилде жазылбаса кантип өнүгөт?
Анткен менен Славян университетинин жамааты жагдай негизсиз көбүртүп-жабыртылганын, анын артында жеке кызыкчылыктар жатканын билдирүүдө. Арызга кол койгон финансы кафедрасынын башчысы Дамира Бектенова мындай жол менен Кешикбаев жоопкерчиликтен качуу айласын көрүп жатат дейт:
- Ал окутуучу жумушка келбейт, студенттер издеп убара болушкан. Сураштырсак, "кыргыз тилинде китеп жазып жатканым үчүн жумушка келе албайм" деп мага кат жазып бериптир. Ага жооп катары “Славян университетинде окутуу орус тилинде гана жүргүзүлөт, ошондуктан сиздин шылтоолоруңуз негизсиз” деп виза жазып бергем. Эми аны көбүртүп-жабыртып жатышат. Мен кыргыз тилине эч качан каршы чыкпайм. Тескерисинче, мен да мамлекеттик тилде китеп жазгам.
Муну мамлекеттик деңгээлден алып карасак, Кыргызстанда ачылган окуу жайда мамлекеттик тилде билим берүүнү жакшыртууга кошкөңүл мамилени, жада калса чектөөнү көрүп жатабыз.Чоробек Сааданбеков
Славян университетинин окутуучуларынын түшүнүк каты интернетке тараган соң социалдык тармактарда ар кандай талкууларды жаратты. Айрымдар чырды Кыргызстанда жайгашкан окуу жайдын мамлекеттик тилди басмырлоосу катары кабыл алышты.
Кыргыз тилин интернетте жайылтуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып келген “Биздин мурас” коомдук фондунун башчысы Чоробек Сааданбек окуу жайда жаралган жагдай мамлекеттик тилге кошкөңүл мамилени көрсөткөнүн белгилейт:
- Бул түшүндүрүү каты жумушчу менен жетекчилик ортосундагы ичи ара териштирүү бөлөк иш. Балким, катка виза коюп жаткан кишинин кандайдыр бир негиздери бардыр. Бирок муну мамлекеттик деңгээлден алып карасак, Кыргызстанда ачылган окуу жайда мамлекеттик тилде билим берүүнү жакшыртууга кошкөңүл мамилени, жада калса чектөөнү көрүп жатабыз.
Чынында эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелишип түзүлгөн университеттин уставында окуу тили орусча жүргүзүлөрү айтылган. Ал эми кыргыз тилин үйрөнүү милдеттүү катары көрсөтүлгөн.
Билим берүү жана илим министрлиги жакынкы убакта университеттин жаңы уставы бекитилерин билдирүүдө. Анда окуу жайдын уставына өзгөртүү киргизилип, окуу программасына мамлекеттик тилге көңүл буруларын билим берүү министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов “Азаттыкка” маалымдады:
- Мурдагы уставда окуу орус тилинде гана жүргүзүлөт деп айтылган. Ал эми жаңы уставда мамлекеттик стандартта белгиленген көлөмдө милдеттүү түрдө кыргыз тили окутулушу керек деген пункт киргизилип жатат. Бул шартты сактабаса, биз уставын бекитпейбиз.
Кыргыз-Орус Славян университети Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Өлкөдө биргелешип ачылган Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-түрк “Манас” университети иш алып барат. Америка университетинде окутуу негизинен англис тилинде жүргүзүлсө, "Манас" университетинде кыргыз жана түрк тилдеринде окутулат.