10:29
26.12.2013
Кумтөр боюнча Темир Сариев маалымат бергени жатат
— Eleonora B. (@mambetshakirova) 26 декабря 2013
10:26
26.12.2013
Депутаттар Сатыбалдиевден ЖКнын Кумтөр боюнча соңку токтомунун аткарылышы боюнча кеңири маалымат талап кылып жатышат.
— Eleonora B. (@mambetshakirova) 26 декабря 2013
10:19
26.12.2013
айрым депутаттар Сатыбалдиевди Центерраны адвокаты деп айыптап жатат.
— Eleonora B. (@mambetshakirova) 26 декабря 2013
10:18
26.12.2013
Кумтөр боюнча келишимди бир тараптуу токтотуунун кесепети Кыргызстан үчүн оор болот. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан талкууда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ал ошондой эле эгер биргелешкен жаңы ишкана түзүлсө, андан түшкөн кирешенин эки проценти социалдык маселелерди чечүүгө жумшалаарын, эмки жылы 2 миллион доллар түшөөрүн кошумчалады. (EBM/RK)