Кумтөр — дүйнөдөгү эң ири алтын кендеринин бири. Ал Тян-Шандын чыгыш тарабында деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан. Кен чыккан жерди Centerra Gold Inc компаниясы иштетип келет. 27-июнда "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча Мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетине үч айлык мөөнөт ичинде Кумтөр боюнча келишимди кайра карап чыгуу тапшырылган. Жанар Жолдошбаевдин сүрөттөрү