Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Алматы: кыргызстандык ишкерлер кысымга кабылууда


Алматыдагы Алтын Ордо базары.
Алматыдагы Алтын Ордо базары.

Алматыдагы кыргызстандык ишкерлердин чакан тобу кошуна өлкөдө соода кылууга расмий уруксат алып берүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылды.

Мындай кайрылууну мигранттар Алматы шаарындагы базарларда иштеп жаткан кыргызстандыктарга Казакстан бийлиги тарабынан кысым күчөп жаткандыгы менен негиздешүүдө. Мигранттардын чакан соода иштерин жүргүзүшүн кепилдеген эки тараптуу макулдашуу болбогону менен көпчүлүк мигранттар соодагерчилик аркылуу жан багышат.

Маал-маалы менен кайталанчу машакаттар

Март айынын башынан бери Казакстандын миграция кызматы Алматы шаарындагы базарларда соода жасаган кыргызстандык жарандардын документтерин жапырт текшерүү иштерин баштады. Коңшу мамлекеттин аймагында соода иштерин жүргүзүүгө уруксат кагазы жок болгондугуна байланыштуу кыргызстандык соодагерлерге иштөөгө тыйуу салынууда.

Бул тууралуу билдирген жеке ишкер Нурбек Жолдошалиев бир жумадан бери соодага чыга албай калганын кошумчалады:

- Бизге соода кылууга уруксат берилбей жатат. Бул маселе көптөн бери чечилбей келгени менен биз кадимкидей эле иштеп келдик эле. Анан жакындан бери базарларды түрө кыдырган миграция кызматы кыргызстандык жарандарды кармап алып, иштөөгө тыйуу салууда. Айла жоктон бир жумадан бери базарга чыга албай калдык. Биз мына ушул маселени чечип бергиле деп атайын Бишкеке келдик.

Казакстандын миграция полициясынын мындай аракеттерин Алматыдагы кыргызстандык мигранттар аларды кысымга алуунун экинчи толкуну катары кабыл алууда. Анткени 2010-жылы да март айынын аягында башталган мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоо иштери алты айга жакын созулган.

Казакстандын бул шаарында соода кылган дагы бир кыргызстандык Жеңиш Түгөлбаев аттуу жаран жазаналар жана мыйзамсыз акча талап кылуулар мурдагыга караганда беш эсе өскөнүнө токтолду:

- Базарлардын алдына автобустарын токтотуп коюшуп, күндө кадимки ишке келгендей келчү болушту. Базарларды тазалап, кармап алгандарга оңой эмес өлчөмдө жазана салышып, же акча алып койо беришүүдө. Ошол эле кезде иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпей жатышат. Күндө кармалсаң, күндө жазана салышат же ири өлчөмдө акча талап кылышат. Биринчи жолу кармалсаң жүз доллардан кем алышпайт.

Казакстан өзүнүн рыногун коргойт

Мыйзамдарга ылайык, чет элдик жарандар Казакстандын аймагында соода иштери менен алектенүүгө уруксат берилбейт. Бирок ага карабастан кыргызстандык жарандар Казакстандын шаарларында соода иштерин жүргүзүп келишет. Мезгил-мезгили менен Казакстандын миграция кызматы мыйзамсыз соода кылгандарды кысымга алгандыктан улам ал жактагы кыргыз жарандары алардын абалын мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда.

Тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаев Казакстан өзүнүн рыногун коргоо боюнча мыйзамды аткарууга мажбур экенин түшүндүрдү:

- Казакстан деген Кыргызстан эмес. Ал мамлекеттин өзүнүн мыйзамдары бар. Ошого жараша ал өлкөнүн аймагында соода кылууга мыйзам жол бербейт экен. Бирок биздин жарандарга карата алар кандайдыр бир мезгилде көз жумуп келишкен. Анан албетте мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жаңы чаралар пайда болгон болуш керек. Негизи Казакстан өзүнүн жумушчу рыногун коргоо үчүн соода кылууга уруксат бербейт.

Бийликтин кадыры канчалык?

Буга чейин эки тараптуу макулдашунун негизинде Казакстандын аймагында кыргызстандыктардын каттоосуз жүрүү мөөнөтү отуз күндөн токсон күнгө чейин узартылган. Бирок соодадагыларга иштөөгө уруксат берүү жагы каралбай калган.

Ошол эле кезде акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик өзүнүн жарандарынын укугун коргоо боюнча жеткиликтүү иш алып бара албай жатканын сынга алды:

- Качанга чейин биздин мигранттарды кыйнай берет. Каалаган учурда ушул маселени көтөрүп чыга келишет. Бул биздин бийликтин алсыздыгы. Биздин бийлик маселени кабыргасынан коюп, чечүүнүн жолдорун издеш керек болчу. Болбосо “биздин колдон келбеди, укугуңарды коргой албайбыз” деп ачык айтыш керек. Мен бул маселени тиешелүү деңгээлде көтөрүп чыгам.

Алматы шаарында иштеген соодагерлер жана эмгек мигранттары бул маселени чечип берүүнү өтүнүп, президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG