Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

“Франс-Пресстин” кабарчысы Кыргызстанга киргизилген жок


 Крис Риклтон.
Крис Риклтон.

“Франс-Пресс” агенттигинин кабарчысы, британиялык журналист Крис Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга депортацияланганын "Азаттыкка" анын кесиптеши Толкун Наматбаева билдирди. Дубайдан Риклтон кайра Казакстандагы “Франс-Пресстин” кеңсесине барууну пландап жатат.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген британиялык Крис Риклтон Кыргызстанга кире албай калганын 9-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан.

Ал эртең мененки саат бештен бери аэропортто отурганын, кыргыз бийлиги аны Дубайга депортация кылууга камынып жатканын кечке жуук "Азаттык" радиосуна телефон аркылуу билдирген:

- Мен бүгүн таңкы саат бештерде "Манас" аэропортуна Дубайдан келген учак менен кондум. Мени паспорт текшерген жерден токтотушту. Алар мени "барып жүгүңдү ал" дешти, чемоданымды алган соң кайрадан паспорт көзөмөлдөөчү жерге келдик. Ал жакта жарым саат күткөндөн кийин мага Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганын билдим. Андан соң Дубайга түз кете турган кийинки учакка отургузуш үчүн жүргүнчүлөр кете турган залга жиберишти. Түшүнгөнүмө караганда алар мени келген тарапка депортация кылууну чечишти. Чек арадагылар мага эмне үчүн кирүүгө тыюу салышканын айтышкан жок. Менимче, анын себебин алар өздөрү деле билишпейт. Менден себебин сурашканда мен да айта алган жокмун.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киргизет деген үмүтү бар экенин айткан. Ал "Фейсбуктагы" кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон.

Кийин маалым болгондой, Крис Риклтон Кыргызстанга буга чейин виза режимин бузганы үчүн киргизилген эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери “Франс-Пресс” агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын жандуу чагылдырган.

Крис Риклтондун Кыргызстандагы досу, "Kloop" сайтынын негиздөөчүсү Бектур Искендердун маалыматы боюнча, Риклтон алгач Кыргызстанга 2008-жылы келген, 2010-жылдан бери Бишкекте такай жашап жаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG