Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Жээнбеков Путин, Ниязов жана сөз эркиндиги тууралуу


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Журналисттер менен жолугушуу Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы жолу уюштурулуп жатат.

Ниязовдун арызы жана татыктуу кадрлар

Жолугушууда Жээнбеков президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун арызы тууралуу комментарий берди.

Жээнбеков "Фарид Ниязов - мыкты мамлекетчил инсан, мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер. Ал тууралуу эч ким эч качан жаман нерсе жазган эмес" деди:

- Ал менин шайлоо алдындагы штабымды жетектеди. Ал жакка президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан келди. Биз эгер мен шайлоодо жеңсем, ал кайра президенттик аппараттын жетекчисинин кызматына кайтаарын макулдашканбыз. Бир жума мурун кетээрин айтты. "Чарчады го" деп ойлоп, бир жума өргүү бергем. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. "Кетем" деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар.

Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы өткөн аптада белгилүү болгон.

Путин жана шайлоо

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы шайлоо тууралуу да кеп салып, азыркы президент Владимир Путиндин жеңишке жетишин каалай турганын айтты. Жээнбеков Путиндин экономикага жана коргоо кызматына кошкон салымы зор экенин белгиледи.

Депутаттын кармалышы

Жогорку Кеңеш депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышын катуу кабыл алганын айтып, Дамирбек Асылбек уулу "жеңил ойлуулук кылганын" билдирди. Ал Казакстан акыйкат тергөө жүргүзөт деген ишеничте экенин жана бул өлкөнүн ишине киришпей турганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков журналисттерге гүл тапшырды.
Сооронбай Жээнбеков журналисттерге гүл тапшырды.

Сөз эркиндигине мамилеси

Президент журналисттер менен жолугуу учурунда сөз эркиндигин коргой турганын айтып, бирок ошол эле учурда ар бир адамдын тагдырына жоопкерчилик менен караш керек деген пикирин айтты.

"Басма сөз жана коомчулук менен кызматташууга даярмын. Биз дайыма ачыкпыз. ЖМК - бул бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Журналисттер саясий маданиятты калыптандырууда чоң роль ойношот. Биз мамлекеттин өнүгүшүнө бирге салым кошобуз", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ушул жерден ал журналист Кабай Карабеков менен соттошконун эске салды.

"Мен Кабай Карабековду жакшы билем. Ал журналист гана эмес, саясатчы дагы. Ал мындай катаны кетирбеши керек болчу. Мени бир нече жолу "экстремист" деп айтты. Сотто мен экстремист эмес экенимди далилдей алдым. Журналистиканын үлгүсү элди алдабашы керек",- деди Жээнбеков.

Туугандар жана кызмат

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, көптөр андан туугандарын мамлекеттик кызматка дайындайт деп шектенет. Бирок ал туугандарымды бийликке аралаштырбайм деп сөз берди.

«Алар өз ишин мыкты билет. Мен Акаев менен Бакиевдин тагдыры кандай болгонун көрдүм. Эл алдында жүзүм жарык болушун каалайм", -деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп кызматына киришкенине 3-мартта 100 күн болду. Анын бийлиги Конституциядагы президенттин айрым ыйгарым укуктарын азайткан беренелер күчүнө кирген маалга туш келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG