Шаардык сотто жарытылуу териштирүү деле болбогонун айтып, нааразы болгон саясатчы Садыр Жапаров прокуратура анын күнөөсүн тастыктаган бир дагы далил келтире албаганын билдирди:
- Бул тарыхый иш, бул жасалма кылмыш иши. Эгерде чындап эле кылмыш иши болгон болсо, түздөн-түз кылмышка тиешеси бар адамдарды алып келип ушул жерден сурамак. Бирок андай болгон жок. Бир дагы күбөнү чакырбай, сурабай, соттун өкүмү бурмаланып жазылып келип жатат.
Ал эми сот өкүмүн окуган судья Жаңыл Мамбеталы Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштурганы далилденип, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алганга түз тиешеси болгонун белгиледи:
- Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда митингди даярдап коюп, бир күн калганда өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми 7-октябрда Каптагаев митингчилер тарабынан барымтага алынган маалда Жапаров аларга Каптагаевди барымтадан бошотпоо тууралуу көрсөтмөлөрдү берип турган. Ал бардыгы план менен кетип жатат деп балдар менен телефон аркылуу байланышта болгон.
2013-жылдагы митингде негизги жабырлануучу деп айтылып жаткан өкмөтттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев буга чейин сот процессине келип Садыр Жапаровго доом жок деп бир нече жолу көрсөтмө берген. Атүгүл Каптагаев Садыр Жапаровду актоо тууралуу шаардык сотко доо арыз да тапшырган.
15-сентябрда сот өкүмүн угузуп жатып судья Жаңыл Мамбеталы экс-губернатордун доо арызын канааттандырган жок жана Садыр Жапаровду 11,5 жылга кескен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жогорку Сотко арыз жолдой турганын “Азаттыкка” айтты:
- Мен азыркы сот системасынын талкаланганын көрүп, Жогорку Сотто оң жыйынтык чыкпашына көзүм жетип турат. Ошондой болсо дагы биз мыйзамдуу укугубузду пайдаланабыз. Бир жылдын ичинде көзөмөл иретинде даттанууга укугубуз бар, ошол аралыктын ичинде сөзсүз ал укугубузду да пайдаланабыз.
Шарабидин Токтосуновдун оюнча, Жапаров азыркы бийликке ыңгайсыз фигура болгондуктан соттун өкүмү Ак үйдүн басымы астында чыккан.
Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев болсо Садыр Жапаровдун сот өкүмү үчүн бийликти күнөөлөгөнүн туура көрбөйт:
- Ар бир соттон утулган киши бийликке шылтап актанса, жараша берет. Жапаров өзү мурунку саясатчы болгондуктан, өзүнүн ишин саясатка буруп жатканы түшүнүктүү. Чындыгында Садыр Жапаровдун соттук ишине бийлик кийлигишкен жок. Өз учурунда мыйзамды бузуп иш кылган, эми ошол аракеттерине жооп бере турган маал келди.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2-августта чыгарган өкүмүнө ылайык, Садыр Жапаров Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук акталып, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.
15-сентябрда Бишкек шаардык соту ошол өкүмдү күчүндө калтырды.