Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Жапаровдун сотуна негизги күбө келбей жатат


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин сотунда күч органдарынын өкүлдөрү көрсөтмө берсе, Жапаровдун өзүнүн сотунда негизги күбөлөрдүн бирөө гана катышты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров жана анын тарапкерлеринин соту күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен уланып жатат. Саясатчынын тарапкерлеринин соту өзүнчө өтүүдө.

Милиция жана УКМКдан келген күбөлөр

Садыр Жапаровдун айыпталып жаткан 12 тарапкеринин сотуна 7-июлда УКМК жана милициянын өкүлдөрү келип, суроолорго жооп берди.

Алардын бири УКМКнын 10-бөлүмүнүн кызматкери Айбек Жумалиев айыпталып жаткандар арасынан Чыңгыз Кожогелдиев менен Эрланбек Тагаевди таанып, бул экөө 25-марттагы митинг учурунда экстремисттик чакырык жана агрессивдүү кадамдары менен эсте калганын айтты:

- Мисалы, тээ тиги кара кепкачан (Тагаев - ред.) жигит элдин баарын туура эмес үгүттөп жатты. Бул аксакал (Кожогелдиев - ред.) элди активдүү үгүттөп, анысы аз келгенсип автобустун терезесин сындырган.

Ошол эле учурда УКМК кызматкери экстремисттик чакырыктарга кандай сөздөр кирерин так түшүндүрүп бере алган жок. Ал эми айыпталуучу Чыңгыз Кожогелдиев УКМК кызматкери анын айткандарын бурмалаганына токтолуп, 25-мартта айткан өзүнүн сөздөрүн чечмелеп берди:

- Мен ал күнү элге чындыкты айттым. Кыргыздардын оокаты өтпөй, Орусияга барып, айрымдары өлүп жатат дегем. Ал күнөөбү? Кыргыз тентип кетти деп айткам, ошол күнөөбү? Ошол калппы? Эгер айткандарымды туура эмес, экстремисттик чакырык десеңер, анда мени камагыла!

Отурумга дагы бир күбө катары келген шаардык патрулдук милициянын кызматкери Эркинбек Алканов, айыпталуучулардан митингде экстремисттик чакырыктарды укпаганын моюнга алды. Ал митингчилердин милициянын курчоосун жарып кирүү аракетине баа берүү менен чектелди.

Сот учурунда айыпталуучу Айдынбек Шамшидин уулу, атасынын ден соолугу начарлаганын айтып, ооруканадан дарылоого мүмкүн эмес деп үйгө чыгарылганын жүйө келтирди. Бул себепти эске алып өзүн үй камагына кесүүнү өтүндү. 25-мартта ооруканада атасын карап жатканын, митингге катышпаганын, сырттан карап турганда кармалганын кошумчалады. Бирок судья айыпталуучунун өтүнүчүн четке кагып, негиздемелердин жетишсиздигинен аны үй камагына чыгаруудан баш тартты.

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту
Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту

Күбө көп сырды ачты

Ушул эле күнү райондук сотто окуя боюнча башкы айыпталуучу Садыр Жапаровдун да иши каралып, негизги күбөлөрдүн бири Наристе Калчаев келди.

Ал 2013-жылдын 7-октябрындагы Караколдогу митингде Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алганы үчүн соттолуп, №8 колонияда мөөнөтүп өтөп жатат. Калчаев 7-октябрдагы митингге чейин Садыр Жапаров менен эки жолу жолукканын, бирок Жапаров ал митингди уюштурбаганын билдирди.

- Биз Жапаров менен жолукканда Саруу эли Кумтөр боюнча митингди 7-октябрга (2013-жыл - ред.) белгилегенибизди айтканбыз. Ал (Жапаров - ред.) митингди башка мөөнөткө жылдыралы, Нарын, Ош эли даяр эмес деген. Бирок биз жетисинде өткөрө беребиз дегенбиз. Ошол маалда Жапаровдун жанында Кубанычбек Кадыров бар болчу. Ысык-Көлдүн губернаторун кетирүү демилгесин ошондо Кадыров көтөрүп чыккан, бул боюнча Жапаров унчуккан эмес. Ал эми митинг учурунда Каптагаевди машиненин ичинде барымтага алгандардын арасында биздин балдар жок экен, баары чоочундар экен.

Күбө Наристе Калчаев Караколдогу митингге Садыр Жапаров түз финансылык колдоо көрсөтпөгөнүн, кийин гана айрымдардан Жапаров 90 миң сом каржы бөлгөнүн укканын айтты.

Көпчүлүк күткөн Жумабаев келген жок

Ал эми дагы бир негизги күбө деп эсептелген Кенжебек Жумабаевдин көрсөтмө берүүдөн баш тарткан каты айыпталуучу жана адвокаттардын ишенбестигин жаратты. Садыр Жапаров күч органдары атайылап Жумабаевди сотко күбө катары алып келбей жатканын айтып, соттон анын келишин камсыздап берүүнү талап кылды.

Караколдогу митинг (7-октябрь, 2013-ж)
Караколдогу митинг (7-октябрь, 2013-ж)

- Кенжебек Жумабаев сотко барам же барбайм деп айткандай ал эркиндиктеги адам эмес. Ал түрмөдөгү адам жана аны ушул жерге алып келишиңер керек. Мен ошол кишинин арызы менен ушул жерде жатам. УКМК кызматкерлери ага жалган арызды жаздырып, эми күбө катары алып келбей жатат. Менин ага көп суроом бар.

Кенжебек Жумабаев дагы 2013-жылы 7-октябрдагы митингге катышы бар деп, бийликти басып алуу аракети үчүн соттолгон. Тергөөдө Жумабаев митинг учурунда түз көрсөтмөлөрдү телефон аркылуу Садыр Жапаровдон алганын, ал киши каржылык жардам көрсөткөнүн айтып берген. Жапаров өзү Жумабаевдин тергөөдөгү көрсөтмөсү басым алдында коркутуу жолу менен жазылган деп жатат.

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган.

4-июлда Жапаровдун атынан аны президенттикке талапкер кылып каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берилген. Бирок БШК экс-депутаттын документинде мүчүлүштүктөр бар деп, арызын кабыл ала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG