Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Чачтан көп карыз мугалимди акылдан айныттыбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Карыздын айынан Кызыл-Жар психикалык ооруканага түшүп калган мугалим келиндин ишин Ала-Бука райондук милициясы кайрадан тергеп, экинчи ирет райондук соттун кароосуна жиберди.

Жабырлануучулар болсо айыпкерди сот калкалап жатат деген ишенимде болушууда. Алардын айтымында, айылдык мугалим жыйырмадай кишиге жалпысынан 1,5 миллион сом карыз.

Ала-Бука районундагы Ызар айылынын тургуну Жумагүл Мырзабекова күйөөсү Орусияда иштеп тапкан 120 миң сомун алдатып жиберип, ушул күнгө чейин алалбай жүрөт. Андан бул акчаны айылдашы Насиба Чуянова 2011-2012-жылдары ар кандай себептерге байланыштуу бөлүп-бөлүп алган экен:

- Бир күнү үйдө кирип келди. Жолдошу ооруп жатканын айтып, карызга 30 миң сурады. Айылдашпыз, мектепте мугалим болуп иштесе жок дей албай, жолдошум Орусиядан жөнөткөн акчаны бергем. Кийин курулуш жүрүп жатканын айтып, үстөк пайыз менен акча сурап кетти. Ошентип отуруп менден 120 миң сом алды. Кийин эле эл арасында Насиба көпчүлүктөн акча алып, кайтара албай жатканын уктук. Аны көчөдөн кармап алып, паспортун колунан алып койгом. Үйүндө кайненеси, жолдошу "карыздарын биз төлөп беребиз" деп айткан болчу. Бирок азыр алар заңгыратып үйлөрдү салып, унааларды тээп жүрөт. Ал эми Насиба ошол бойдон жок болуп кетти, акчабызды да ала алган жокпуз.

Жумагүл Мырзабекова Насиба Чуяновага алдандык деген жыйырмадай жабырлануучунун бири. Алар алдаткан акчанын жалпы суммасы 1,5 млн. сомго жеткен. Райондук милиция алардын арызын үч жыл мурда биринчи жолу тергеп сотко өткөргөн. Бирок сот Чуянованын акыл-эси жайында эмес деп тыянак чыгарып, Кызыл-Жардагы психикалык ооруканага жаткырган. Жабырлануучулар мындай чечимдин акыйкаттыгынан күмөн санашууда. Алардын бири Ражагүл Кочкорбаева буларды айтты:

- Ала-Буканын милициясы тергеп, сот болгон. Анда Насибанын акыл-эси жайында эмес деп жиндиканага жаткырып коюшкан. Биз жогорку инстанциядагы сотко берип, кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Психикалык ооруканада ал жакшынакай эле басып жүрөт, былтыр ошол жерде төрөгөнүн уктук. Бул жерде кылмыштан кутулуунун айласы гана болуп жатат. Биздин үнүбүздү эч ким укпай жатат. Алдагандар ошентип жыргап кете беришет экен.

Ушундай арыз-даттануулардын негизинде Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү ишти кайрадан экинчи ирет тергеп, өткөн жумада райондук сотко өткөрүп берди. Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Алмаз Калмуратов билдиргендей, айыпталуучу жаран дагы эле акыл-эсин жоготкон абалда ооруканада кала берүүдө:

- 2012-жылы Ала-Бука райондук ИИБсы бул багытта Чуянованын үстүнөн Кылмыш кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүп берген. Ишти Аксы райондук соту карап, "Насиба Чуянова өз аракетине жооп бере албайт, психикалык ооруканада дарылансын жана кылмыш иш кыскартылсын" деп өкүм чыккан. Ага жабырлануучулар канааттанбай облустук сотко кайрылышып, сот кайрадан тергөөгө жиберген. Биз суракка алынбай калгандарды сурап, кайрадан тергөө жүргүзүп, Ала-Бука райондук сотуна жибердик. Чуяновага төрт жолу комиссиянын негизинде текшерүү дайындалып, дагы акыл-эси жайында эмес деген тыянак чыгарылган.

Кызыл-Жардагы республикалык психикалык оорукананын башкы дарыгери Гүлнура Минбаева бейтаптын абалы боюнча “Азаттыкка” маек берүүнү каалаган жок.

Насиба Чуянова акчага байланышкан ызы-чуудан улам күйөөсү менен ажырашкан. Андан кийин жакындары ушул ооруканага жаткырышкан. Ал Ызар айылына 2009-жылы келин болгон. Кесиби – мугалим. Айылдагы №13 Осмоналиев атындагы мектепте үч жылдай чет тилинен сабак берчү.

Айыпталуучу эмгектенген мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары Гүлнара Олжобаева Насиба мектепте жакшы иштегенин, эч кандай оорусун байкабаганын айтат. Карыз боюнча жагдай жаралганда мектеп жамааты ага окуу сааттарын көбөйтүп, карыздарынан кутулууну айтышкан. Кийин үй-бүлөлүк жагдайдан улам ал жумуштан чыгып кеткен:

- Келин болуп жашагандан бери ал биздин мектепте үч жыл иштеди. Жаман мүнөзү жок, жакшы эле иштеп жүргөн. Соңку учурда эле телефондон көп сүйлөшүп, ар кимден акча алып, карыз болуп кетиптир. Мектептеги мугалимдерден да алган экен. Кийин кайненеси менен келип суранганынан биз сабактардагы саатын көбөйтүп бергенбиз, төлөп кутулсун деп. Ошентип эле иштеп жаткан, кийин эле ооруканага жатып калганын уктук. Жолдошу менен балалуу боло албай ажырашып кетти окшойт. Акыркы учурда коркок болуп, бизге келип "кантип кайтарам" деп ыйлап турчу. Бизге айтканына караганда кайненесинин акчасын иштетип жүрүп, ортодо бир нерсе болгон да. Азыр биз да таң калып отурабыз.

Айыпталып жаткан мугалим келиндин жакындары жана мурдагы күйөөсү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Насиба Чуянованын өзү менен сүйлөшүүгө да дарыгерлер уруксат берген жок. Бул иш азыр Ала-Бука райондук сотунун кароосунда жатат.

XS
SM
MD
LG