Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:48

Жалал-Абад: алгачкы сессия үзгүлтүккө учурады


Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары бүгүн алгачкы сессиясын өткөрө албай коюшту.

Буга азчылыктагы “Өнүгүү-Прогресс”, "Ата Журт" партияларынын 13 депутатынын келбей коюшу негиз болду. Мөөнөтүнөн мурда өзүн өзү тараткан мурдагы чакырылыштын депутаттары да алгачкы сессияда эле бириге албай тарап кетишкен.

Алгачкы сессиянын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо киргизилген. Бирок көпчүлүк коалициядагы 18 депутат төрага шайлоого жол берген жок. Анткени 31 депутаттын 3/2 бөлүгү катышканда гана төраганы жана шаар башчысын шайлоо өттү деп эсептелет.

Кесиптештеринин келбей калуусуна таң калган КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков аларды дагы бир ирет биригүүгө чакырды:

- Эмне себептен келбей койгондору бизге белгисиз. Биз дагы бир ирет башка партияларды шайлоочулардын кызыкчылыгы үчүн биримдикте иштөөгө чакырабыз. Шаар үчүн иштейбиз деп шайланып келген соң өз милдетибизди аткаралы. Эски таарынычтарды артка калтыралы. Азыр эки партия келбей жатат, тыныгуу жарыялап турсак.

Көпчүлүк коалиция демилгелеп, шаардык кеңештин аппараты уюштурган алгачкы сессияга “Өнүгүү Прогресс” менен “Ата Журт” фракцияларынын 13 депутаты катышкан жок. Анын себебин “Ата Журт” фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев сессиянын мыйзамсыз уюштурулушу менен байланыштырды.

- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык алгачкы уюштуруу сессиясы экс-төраганын демилгеси менен гана чакырылат. КСДП баштаган коалициядагы партиялар андай кылбай, өзүмбилемдик менен сессияны өздөрү каалагандай чакырып, мыйзамсыз аракеттерин жүргүзүп жатат. Ошол себептүү биз аларды мыйзамдык алкакка чакырып, туура жол менен баралы деп жатабыз. Андан сырткары КСДП партиясынын лидери биз менен теңата сүйлөшүүнү каалабай, өзүмбилемдик кылып жатат. Ошол себептүү биз партиябыздын орду бар экенин көрсөтөлү деп бүгүнкү сессияга да барган жокпуз.

Башка партиядагы кесиптештерин бир саатка күткөн депутаттар тобу алгачкы сессияны ача алышпай, сессияны кийинки аптада улантуу чечимине келишти. Бирок ал кайсы күнү өтөөрү такталган жок.

Жыйын өтпөгөнү менен бул күнү депутаттар экинчи жолу мандат жана төш белгилерди алышты. БШК ушул аптанын башында берген күбөлүккө депутаттар канааттанбай, өздөрү каражат чогултуу менен кымбатыраагын жасатышкан. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Бактыгүл Беркбаева мындай дейт.

- 2017-жылдын бюджетин карап жатканда бизде шаардык кеңештин депутаттарына мандат жана төш белги жасатууга каражат каралган эмес. Бул жолу алар өз каражатына сатып алышты. БШК берген мандатта жергиликтүү кеңештин же шаардык кеңештин депутаты деп жазылбагандыктан алар өз алдынча жасатуу боюнча сунуш беришип, аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымынын колу менен кайрадан алдык. Төш белгилер БШК тарабынан берилбеген соң аны да депутаттар өз акчасына сатып алышты.

Ошондой эле Беркбаева алгачкы сессиянын мыйзамдуулугу боюнча буларды кошумчалады.

- Шаардык кеңештин 1-сессиясын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесине ылайык мурунку чакырылыштын төрагасы чакырат. 6-чакырылышта Эрнист Ормоков төрага болуп иштеген. 7-чакырылышта төрага жок, өзүн өзү тараткан соң 8-чакырылыштын алгачкы сессиясын көпчүлүк коалициянын сунушу менен шаардык кеңештин аппараты уюштурууга мажбур болдук. Анткени биз бул багытта БШКга кат жөнөтсөк ал жактан жооп болбой койду.

Депутаттардын оюну казынаны кемитти

Депутаттардын оюну казынаны кемитти

Жалал-Абад шаардык кеңеши үч айдан бери сессияга чогула албай, анын айынан кеңештин төрагасы, шаар мэри шайланбай, шаар бюджети бекибей турат.

19-июнда шаардык кеңеште КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Республика” партияларынын 18 депутатынан турган “Жаңы багыт” коалициясы түзүлгөн. “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата Журт” партиялары алар менен пикир келише албай кирген эмес.

“Ата Журт” фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев:

- Бизди коалицияга учурдагы мэрликке КСДП партиясынан талапкер адам гана бириктире албай жатат. Эгерде көпчүлүк коалиция ал талапкерин алмаштырса, биз менен теңме тең кесиптеш катары сүйлөшүүгө барса алар менен иштешүүгө даярбыз. Алдыдагы апталарда биригүү тууралуу дагы сүйлөшүүлөр болот.

31 мандаттуу Жалал-Абад шаардык кеңешине былтыр декабрь айында шайланып келген КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” жана “Республика - Ата Журт” партияларынын депутаттары бириге албай, быйыл март айында өзүн өзү таратып жиберген. Анда да азыркыдай мэр тандоонун айланасындагы жагдай аларды биримдикке алып келе алган эмес болчу.

Көпчүлүк коалиция болсо шаар башчылыгына талапкер катары мурункудай эле КСДПдан азыркы мэр Салайдин Авазовдун талапкерлигин алып чыгышарын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG