Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Айылдын маселесин чечкен Айдаров


Жалалабаддык Аким Айдаров жаңы долбоору менен Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылын аралаган жолду оңдоону көздөөдө.

Бул айылга ал мурда түзгөн долбоорлордун жардамы менен электр түйүндөрү орнотулуп, ар бир үйгө жарык жана таза суу киргизилген. Кыргыз-өзбек улутундагы адамдар аралаш жашаган Аралга облус борборунан чакан маршрутка каттабайт.

Какыраган таштактуу жерде мурда талаптагыдай токтун жоктугунан Аким Айдаровду электр жарыгын тартуу жагын ойлонот. Электр тогун ар ким өз билгениндей тартканынан кокустук болуп, адам өмүрү үзүлгөн:

- Үй курууга ушул жерден жер бөлүнгөндө адамдар устундар аркылуу ток алып өтүшкөн. Тартылган ал зым үзүлүп жерге түшөт. Айдап бараткан малын сактайм деген кош бойлуу келин үзүлгөн токко урунуп өлгөн. Электр тогу начар болчу. Ошондо ЮСАИДдин “Кош аракет” программасынын кызматкерлери биз жашай баштаган жаңы айылдын муктаждыгын сурап, эл менен жолугушту. Жашоочулар электр жарыгы менен таза суунун керектигин, адегенде жарыкты, андан кийин сууну түшүрүп алууну айтышты. Ал кезде бул жерде жыйырма эле там бар болчу.

Айдаровдун Сузак районундагы Арал айылына жарык тартуу долбоорун ЮСАИДдин “Кош аракет” программасы колдойт. Ал программа электр мамыларын орнотуп, зымдарын тартууда ал жумуштардын улам бүткөнүнө кезек-кезеги менен зарыл акчаны бөлүштүрүп берет:

- Биз түзгөн долбоордун баасы 1 миллион 400 миң сом болду. "Кош аракет” программасы ал акчаны бөлүп бергенден кийин 115 электр бетон мамыларын орнотуп, зымдарын тарттырдык. Убада бергенибиздей, аны 2004-жылы 5-мартта баштап, 5-апрелде бүтүргөнбүз.

Адегенде жыйырма чакты там болгон жаңы конушта мурда таза суу чыккан эмес. Аким Айдаров мында да тим турбай, анын таза суу долбоорун райондогу Таш-Булак айыл өкмөтү, жергиликтүү калк кубаттайт. Бирок элден суу чыгарууга акча топтоо оңой болгон жок. Долбоор ээси ар бир үйгө улаштыруу үчүн айылдаштарын суу түтүктөрүн сатып алууга үндөйт. Суу скважинасы эми эл менчигине өткөн Аралда азыр күнүнө төрт саат суу берилет:

- Быйыл төртүнчү жыл болуп атат. Бул суу өз колубузда. Каалаганда иштетип, керек эмес маалда өчүрүп койобуз. Жаз-жай күндөрү күнү-түнү суу айылда чыгып турду. Азыркы күндө экинчи багыттагы курулуш иштери жүрүп жатат. Ал жумуш бүткөндөн кийин суу тынбай берилет. Мурун керексиз болуп жаткан скважинаны бардык жабдуусу менен 120 миң сомго, трансформаторду 400 миң сомго эл менчигине сатып алганбыз. Долбоордон 400 миң сом утуп алдык, калган каражаттарды элден чогулттук. Ар бир үйдө суу бар. Жашылча-жемишти базардан сатып албай, корообузда өстүрүп алабыз.

Аралда ушул убакта миңге чукул адам жашайт. Жалал-Абаддын четинде турган айылга маршрутка каттабай, улуу-кичүү чакан автобус жүргөн шаар көчөсүнө дейре бир чакырымдай жөө басат. Аралдын ички жолуна асфальт төшөлө элек. Айыл тургуну Сабринса Анарбаева ушул көйгөйгө көңүл бурууда:

- Биз бул жерде 2000-жылдан бери жашайбыз. Биз жаңы көчүп келгенде электр жарыгы тартылып аткан. Азыр кышында да электр жарыгы өчпөйт. Айылыбызда кары-картаң, балалуу үй-бүлөлөр, кош бойлуу келиндер бар. Алар чакан автобус токтогон жерге дейре басып барууга аргасыз болушат. Кышында, жаан-чачын күндөрү кыйын болот. Жолду оңдоп, маршрутка жүргүзүп койсо жакшы болмок.

Жол көйгөйүн айыл өкмөтү менен кеңешип бүтүрүүнү Аким Айдаров өз планына мерчемдептир:

- Айыл жолуна асфальт төшөөнү айыл өкмөт башчысы менен сүйлөштүк. Ал жолду аз-аздан бүтүрүүгө убада берди. Жол оңдоого да долбоор жазабыз. Анткени элдин күчү менен бул ишти бүтүрүү аябай оор.

Ал эми айыл тургуну Анаркан Ысманова суу болгондуктан өз жерине картошка, бадыраң, помидор сыяктуу жашылчаларды өстүрүп алгандыгын айтты.

Аким Айдаровдой жакшы адамдын шарапаты менен аралдыктар жакырчылыктан кутулуп, жашоосун өздөрү жакшыртууда. "Муктаждыкты башка бирөө бүтүрүп берсе деп күткөндөн жаман нерсе жок", - дешет алар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG