Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтына бүгүн 2005-жылдагы март окуясынын элүүдөй катышуучусу чогулду. Алар ыңкылапка катышып, кийин каза болгон маркумдарга багыштап куран окушту. Бул жолу да шаар бийлиги тарабынан чогулгандарга сый тамак берилди.
Окуя учурунда милициядан токмок жеген тогуз киши кийин каза болгонун, катышуучулардын 20га чукулу майып болуп калганын активист Медер Үсөнов билдирди:
- 24-март кандай күн экенин тарых өзү далилдейт. Жалгыз менин же башка адамдын колунан эч нерсе келмек эмес. Анын мааниси тереңде жатат. 2010-жылдан бери жергиликтүү бийлик бул күндү эскерүү күн катары белгилеп, окуянын катышуучуларына сый тамак берип келет. Бирок мен ыңкылап учурунда жабыркагандардын дарылануусу үчүн жеңилдиктер берилсе деп өтүнөм.
2005-жылы Аскар Акаевдин бийлигине каршы элдик толкундоо алгач 4-мартта Жалал-Абадда башталган. Окуяга түздөн түз катышкан филология илимдеринин кандидаты, доцент Дилбар Чокоева “ыңкылаптын максаттары уурдалып кетти" деген пикирде:
- Бийлик март жана апрель революцияларын экиге бөлдү. 24-мартты кызыл датадан чийип салып, 7-апрелди белгилүү даталарга кошуп койду. Бул абдан туура эмес мамиле. Революция – бул элдин аң-сезиминин көтөрүлүшү. 2005-жылдагы март окуяларында чыныгы эл, кемпир-чалдар чын жүрөктөн элдик толкундоолорго кошулган. 2002-жылдагы Аксы, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларын бири-биринен бөлүп кароого болбойт. Ошол себептүү эки датаны тең кызыл же эскерүү күнү гана кылуу керек болчу. Бул бийликтин катачылыгы деп ойлойм.
Бийлик март жана апрель революцияларын экиге бөлдү. 24-мартты кызыл датадан чийип салып, 7-апрелди белгилүү даталарга кошуп койду. Бул абдан туура эмес мамиле.Дилбар Чокоева
2005-жылы Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянт элге толуп, катышуучулар үн күчөткүч аркылуу ошол кездеги бийликти сындап турушкан.
Жергиликтүү гана эмес, башка мамлекеттерден да медиа өкүлдөрү Жалал-Абадга барып, абалды чагылдырышкан. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бийликке ачык каршы чыккан элдин арыз-муңуна дүйнө байкоо салып турган.
Бул күнү шаардагы Барпы Алыкулов атындагы театрда туруктуу элдик кеңештин жыйыны өттү. Бирок жыйын башталбай жатып уюштуруучулар менен шаар мэри Салайдин Авазов кайым айтышып, ызы-чуу чыкты.
Элдик кеңештин жыйынынын уюштуруучуларынын бири Кадыр Кошалиев жергиликтүү бийлик жыйынды өткөрүүгө бут тосуп жатканын билдирди:
- Жоогазын революциясынын урматына жыйынды алгач шаардын борбордук аянтында өткөрүү тууралуу бийлик менен макулдашуу болгон. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин суранычы менен биз жыйынды Барпы театрында уюштурмак болгонбуз.Анткени губернатор элди чогултуп, митинг кылып ызы-чуу салбай эле, залда өткөрүңүз деп сунуштаган. Бирок жергиликтүү күч органдары аны өткөрүүгө бут тосуп, уюштуруу иштерине тоскоолдук кылышты. Бүгүн болсо шаардык мэрия келген элди бөлүп, "чай беребиз" деп башка жакка алып кетти. Үч күндөн бери Жалал-Абадда күч структуралары расмий бийликке баш ийбегенин көрүп жатам. Бул жерде бирдиктүү саясат жок экен.
Ал эми шаар мэри Салайдин Авазов "Азаттык" радиосуна жыйын өткөрүүгө "бут тосуу болуп жатат" деген маалыматтарды четке какты.
- Шаардын Барпы атындагы театрында өтүп жаткан туруктуу элдик кеңештин жыйынына жергиликтүү бийлик эч кандай тоскоолдук кылган жок. Жыл сайын шаардык мэрия март ыңкылабынын катышуучуларын борбордук аянтка чогултуп, сый тамак тартуулайт. Андан пайдалангысы келген айрым күчтөр элди бөлүп-жарууга аракет кылып, мага каршы чагым уюштуруп жатышат. Аларды эл ээрчиген жок. Биз тууралуу айтылган дооматтар негизсиз.
Жалал-Абаддагы жыйынга катышкан жарандык активисттер
Президент Сооронбай Жээнбеков март ыңкылабынын 13 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жолдоду. Анда 24-марттагы элдик революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлей турганы, ушул күнү эл адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөнү, бирок элдин үмүтү акталбай, элдик революция максатына жетпей калганы жазылган.
- Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады. Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди. Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны эстен чыгарууга акыбыз жок. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан, 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз. Элдин эрки, апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди.
"Азаттыктын" март ыңкылабына арналган иликтөөсү.
2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган.
Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, беш жылдан кийин 2010-жылы 7-апрелде ушул эле жол менен өлкөдөн чыгып кеткен.
24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген.