"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул тема талкууланды. Ага Карыялардын республикалык “Ынтымак” уюмунун мүчөсү Сатканкул Бапышев жана ишкер Табылды Эгембердиев катышты.
Камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен Бишкекке карыялар тобу келди. Алар Ак үй алдында намаз окуп, мамлекеттик имаратты айланта жөө жүрүш уюштурду. Камактагылардын тагдырын сот чечиши керекпи же карылардын талабы менен бошотуу туурабы?