Эл өкүлдөрү өткөн тогуз ай аралыгында мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө функцияларын канчалык аткара алышты? Жогорку Кеңештин быйылкы ишинин натыйжасы элге сезилдиби? Конституциядагы соңку өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин бийлик сересиндеги позициясына кандай таасир этти, алсыздандырып жиберген жокпу?
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” талкуусуна Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жана “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков катышты.
“Азаттык”: Дастан мырза, парламенттин ишинин жыйынтыгы, андагы чечимдер депутаттарды шайлаган элдин турмушуна түздөн түз таасир тийгизиши керекпи? Эл арасында “парламент жакшы иштеген жок” деген көз караштын калыптанышына эмне себеп болуп жатат?
Депутаттардын келип-кетип, катышканын, жыйындарда аз болгонун айтып жатышат. Анда референдум өткөрүп, "элге парламенттин кереги барбы же жокпу?" деп суроо салышыбыз керек.Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков: Көп эле иштер жасалып жатканынан балким эл кабардар болбосо керек. Бүгүнкү күндө пенсиялардын көбөйүшү, айыл чарба багытындагы арзан насыялардын берилиши - мунун баарын өкмөт айтып турушу керек эле. Бирок бул жерде парламентке нааразылык айтылып жатат. Эки айга каникулга кетип жатканыбызды айтышууда. Биринчиден, эки айга эмес, бир айга эле кетебиз, эл менен жолугабыз.
Экинчиден, депутаттардын келип-кетип, катышканын, жыйындарда аз болгонун айтып жатышат. Анда референдум өткөрүп, "элге парламенттин кереги барбы же жокпу?" деп суроо салышыбыз керек.
Бүгүнкү күндө парламент кандай милдет аткарат? Парламент мыйзамды чыгарып, аны көзөмөлдөп, эл өкүлү болгондон кийин өкмөттүн үстүндө туруп, ар бир кадамын көзөмөлдөшү керек. Биз ушул ишти жасап жатабыз.
Мына азыр технологиялар жыл сайын өзгөрүп жатат. Мыйзам да ошондой, убагы келгенде мыйзамдын кошумча-алымчасы болот экен. Ошол мыйзамды өкмөт же депутат өзү алып чыгып, демилгечи болуп, өзгөртүүгө алып келет. Ошол мыйзамдын бир үтүрү же сөзү өзгөргөндө, элге жардамы тие тургандай кылып жатабыз.
"Азаттык”: Мирлан мырза, жакында парламентте аялдар жана балдар укугу туурасындагы өкмөттүк саатта эркектердин бардыгы сыртка чыгып кеткенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алар үчүн бул маселе андай деле олуттуу эмеспи? Сиз өзүңүз катыштыңызбы? Мисалы, бул маселе боюнча кандай сунуш бердиңиз?
Мирлан Бакиров: Туура, парламент дүйнө жүзү боюнча популисттик жана мыйзам чыгаруучу орган. Кошуна мамлекеттерде деле ушул парламент абдан жакшы дегенин уккан жокмун. Бирок ошол эле учурда парламент өзүнүн жумушун аткарып жатат. Мен ал өкмөттүк саатка катышкан жокмун. Себеби мен ал учурда ооруканада элем. Жумушка чыкканыма эки гана күн болду.