Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Майрамдын маанайы жана капчыгы


Эгемендүүлүктүн 21 жылдыгына карата республиканын аймактарында жана Бишкекте маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата шаардык маданият башкармалыгы уюштурган иш-чарада белгилүү ырчылар, Бишкек шаардык этнографиялык оркестри, ар улуттун ыр-бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.

Ала-Тоо аянтында буга чейинки мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп келген маданий иш-чараларда милиция кызматкерлери тегерете тосуп, атайын чакыруу барагы менен келген адамдарды гана аянтка койо берип, карапайым калк театрлаштырылган оюн-зоокторду көрө албай калчу.

Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов бул жолку иш-чараны атайын эл үчүн өткөрүү пландаштырылганын белгиледи.

- Мурдагы майрамдарда тиги жактан, бул жактан тосуп, элди өткөрбөй убара кылчу эмес беле. Азыр андай жок. Майрамга келген жарандар бала-чакасы менен ээн-эркин каалаган жерине барып, оюн-зоокту көрө алышат. Мурдагысынан мына ушунусу менен айырмаланат.

Ош шаарынан келген Абдыашым Атызов Бишкектеги маданий иш-чара тынч, маданияттуу өтүп жатканына күбө болгонун айтты.

- Караңызчы, эл өзү каалагандай басып, өзү каалагандай ээн эркин эс алып жүрүшөт. Бүгүн эркиндик күнү. Эркин эс алуучу күн. Мен бир нерсеге таң калып турам: бири-бирине катуу сүйлөгөн, бирөөнү капа кылган адам жок. Абдан маданияттуу өтүп жатат.

Бала-бакырасы, үй-бүлөсү менен майрамдап келген жарандар аянтта концерттик программаны көрүшүп, Панфилов, Эмен гүл бактарында ээн-эркин сейилдеп жүрүштү. Айрымдары аянтта өз алдынча ордо оюнун уюштурушту.

"Кыргызстандын кылымдардан бери зарлап күткөн Эгемендикке жетишкени чоң бакыт", - дейт студент Акылай.

- Башка мамлекеттер сыяктуу Кыргызстан өз алдынча эгемендик алганына мен сыймыктанам жана бактылуумун. Болбосо канчалаган эл өздөрүнүн мамлекети жок зарлап жүрүшөт.

Аянтта майрамдап жүргөндөрдүн дээрлик бардыгы шаардын карапайым тургундары, аймактардан мейманга келишкен адамдар. Бир дагы көрүнүктүү саясий же коомдук ишмерди, парламент депутатын, аткаминерди бала-бакырасы же үй-бүлөсү менен жолуктура албадык. Болгону иш-чараны өткөрүүгө жооптуу шаар бийлигинин өкүлдөрү жүрүштү.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов куттуктоо сөзүндө элди ынтымакка чакырды:

- Эгемендүүлүк күнү атуулдук духка, улуттук биримдикке сугарып, жалпы коомчулукту биримдикке чакырып турат.

Ар бир майрам болгондо үй-бүлөлүк бюджетке да таасирин тийгизери айдан ачык. Аянтта бала-бакырасын ээрчиткен ата-энелер сүрөткө түшүп, балдарына балмуздак, шар алып беришип сейилдеп жүрүштү.

"Үй-бүлөлүк бюджетти мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша бөлүп, жакшы майрамдап жатабыз. Мен ата-энемди, неберелеримди ээрчитип келдим эле. Жакшы көңүл ачып, эс алышты деп ойлойм", - деди шаар тургуну Батма Мураталиева.

Арзыбаган айлыгынан үнөмдөп, балдарын майрамдатып келгендер да болду. Алардын бири Курманжан Мамбетова балдарына араң балмуздак алып бергенин жашырган жок.

- Менин айлыгым төрт миң сом. Үч балам бар. Биздин үй-бүлөгө төрт миң сом жетпейт. Бул жерде балдарым бекер концерт көрүшүп, кичине көңүл ачсын деп алып келгем. Буларга эптеп бирден балмуздак алып бердим.

Эгемендик күнүнө карата каалоо-тилегин билдирген Таластан келген Абубакир мырза болсо, “ач курсак тоюнар, жыртык кийим бүтөлөөр, ырыс алды ынтымак болгондо гана эркиндик деген ыйык дөөлөт жугумдуу болот”, - дейт.

- Ак боз үйлөр тигилип,
Ак калпак элим сүйүнүп.
Эгемендүүлүк майрамы,-деп
Жаш балдар жүрөт жүгүрүп.
Ырылдашпай, чырлашпай,
Ынтымак болуп өлкөмдө,
Дайыма болсо экен ушундай сүйүнүч.


Эгемендик күнүнө карата Бишкек шаарынын эс алуу парктарында, жаңы конуштарда маданий иш-чаралар өткөрүлсө, ал эми республиканын бардык аймактарындагы шаарларда, район борборлорунда да ыр-күүлөр жаңырып, спорттук оюндар өттү.

Саратанда салтанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00
XS
SM
MD
LG