Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы болсо акциянын жайын кылмыштуу топтордун аракеттерине байлап, расмий талаптарды жүйөөсүз деп жатат. Анткен менен акцияны 16-декабрда токтоткон камактагылар талаптар аткарылбаса эки аптадан кийин акция уланарын эскертишти.
Жапырт ачкачылык жарыялаган Бишкектеги №1 тергөө абагына киргенибизде андагы кармалуучулар биринен-бири өтүп, өз дарттарын айтып калууга ашыкты. Алар казынадан бөлүнгөн каражаттар абактагыларга жетпей, жашоо шарттын өтө оордугун билдиришүүдө.
№1 тергөө абагында кармалгандардын бири абактагы шарттарды боюнча мындайча датын айтты:
-Биз үчүн бөлүнгөн тиешелүү тамактар берилбейт. Жууркан- төшөнчүдөн баштап, тамак-ашка чейин үйдөн алдырабыз., Берилсе нан берилет, берилбесе эч нерсе жок. Берилсе да катыган нан берилет. Телевизордон абал сонун деп айтып жатышат. Анын баары калп. Ошонун баарынын акыйкатына жетсеңер болот эле.
Ушинтип тууган-уруктарынан келген тамак-аш менен “өлбөстүн күнүн” көрүп жатышса, акыркы учурда алар менен жолугушуу кыйындап баратат. Кесилген адамдардын айтымында, түрмөнүн кызматкерлери тууган-уруктар менен жолугушуу үчүн акча талап кылышат:
-Туугандар менен жолуга албай жатабыз. 1 саатка жолугуу үчүн 100 доллар, 3000 сом сурашат. Бизде андай акча жок, туугандар менен жолуга албай айла жоктон отурабыз.
Абактагылардын айтымында, шарттын начардыгынан улам ден соолугунан айрылгандар абдан көп. Түрмөдө кеселдеген адамдарга эч ким көнүл бурулбай жатканын төмөнкүчө айтып беришти:
- Берилгенин тамактарды көрсөң, ит жебеген тамактар. 3 күндөн бери ачкачылык жарыялап жатабыз, андан бери дарыгерлер кызыгып да коюшкан жок. Алардын иши да жок. Бир эле дарыны бардык ооруларга бере беришет. Бир дарыны көрсөтүп, “жарымы өтүң үчүн, жарым бутуң үчүн, алмаштырып алба” деп келекелешет. Мөөнөтү бүткөн дарыларды беришет.
Абактагылардын айтканы адилетүүбү?
Анткен менен Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматы ачкачылык акциясы түрмөдөгү кармоо шарттарынын начардыгынан келип чыгууда деген дооматты төгүнгө чыгарышууда. Биз кирип чыккан №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков соттолуучулардын тамак-аш жетишпейт деген талабы орунсуз деп билдирди:
-Дары-дармек жетишпеши мүмкүн, бирок тамак-аш боюнча кине коюу туура эмес. Мамлекет тарабынан коюлган норманы беребиз. Андан ашык бере албайбыз.
Ал эми жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары Калыбек Качкыналиевдин айтымында, ачкачылык акциясын өткөрүүгө себептер жок, анткени түрмөлөргө мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын чегинде камкордук көрүлүүдө:
-Тамак-аш боюнча эч кандай доомат коюлбашы керек. Анткени бизде 2 айга жете турган тамак-аш белен турат. Ал эми жууркан-төшөнчүлөр эски деп айтышкан. Алардын эскилиги чын, бирок абактарда канча соттолуучу болсо, ошол сандагы жууркан-төшөктөр бар. А түгүл ашыгы менен камдалган.
Ачкачылык учурунда бир нече абакка кирип, өз изилдөөсүн жүргүзгөн “Кылым Шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова акция катышуучуларынын талаптарын адилеттүү дейт. Укук коргоочу азыр маселенин түйүнүн башкага шылтап, убактылуу көңүл жубатуу аракети келечекте кайрадан калкып чыгат деген пикирде:
-Бир камерада кармалып турган 14 кишиге беш идиш, үч кашык бар экен. Жаздыгыңар барбы деген суроомо абактагылар эмнени сурап жатасыз деп жөн гана күлүп жооп беришти. Кандай болгон күндө деле абактагы шартты оңдошубуз зарыл. Ондобосок ушундай боло берет. Анын үстүнө бизде кырдаалда тынч эмес, олку-солку болуп жатат.
Ошол эле кезде ачкачылыктын келип чыгышына өз изилдөөсүн жүргүзүп жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстанда коңшуларга салыштырмалуу түрмөлөргө көрүлгөн камкордук дурус экенин белгилейт:
-Казакстанда түрмөдөгү ар бир адамга 42-43 сом бөлүнөт. Ал эми өзбекстанда 23-24 сом бөлүнүп келе жатат. Кыргызстанда болсо 73 сом. Биздин экономикабыз, жогорудагы өлкөлөргө караганда үч-төрт эсе төмөн экенин эске алганда, канчалык көнүл бурулуп жатканы көрүнүп жатпайбы. Мунун баары бизде демократия болгон үчүн эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар акыйкатчынын көмөгү менен түрмөлөр ачык болуп, көйгөйлөрү билинип жатат.
Түрмөлөрдөгү ачкачылык акциясы 16-декабрда токтотулду. Бирок абактагылар кармоо шартты оңдоо, тамак-ашты жакшыртуу, тууган-уруктары менен жолугушууну оңойлотууну талап кылышып, бийликке 2 апта мөөнөт берди. Бул аралык ичинде Кыргызстанда түзүлгөн өкмөттүк, парламенттик жана көз карандысыз бир нече комиссия абактагы ачкачылыктын чыныгы чоо-жайын изилдейт.