Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Азыр кыздар кантип жар тандайт?


Социoлогдордун байкоосунда акыркы 10 жылдын ичинде бойго жеткен кыздардын жар тандоодо түшүнүктөрү бир топ өзгөрдү.

Күйөө тандоодо кыздар жигиттердин материалдык абалына көбүрөөк көңүл бурушат деген талаштуу пикир бүгүн деле актуалдуу.

"Азаттыктын" бул жолку “Аялзат” түрмөгүндө бойго жеткен кыздардын жар тандоодогу маселелерине токтолобуз.

Кыргызстанда аялдар укугу жаатындагы уюмдардын байкоосуна ылайык, айрым ата-энелер материалдык абалы жакшы күйөө бала табылса, кыздарынын жаш курагына карабай турмушка берүүнү каалашат. Адистер ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн улам өлкөдө секелектерди - жашы жете элек кыздарды күйөөгө узатуу токтобой келет дешет.

Бишкектеги жеке фирмалардын биринде иштеген Айнура Кемелова көпчүлүк кыздардай эле болочок жары анын оюндагыдай болсо экен деп тилейт. Бири-бирин жакшы көрүү сезимдеринен сырткары, бай болбосо да үй-бүлөнү кем кылбай бага турган жигитти кыялданат:

- Кыргызстанда мен байлыгына карап тийем деп кыздар ачык айта албайт. Антип айтсаң эле балээге каласың. Балдар сындап жатып калат. Бирок, ар бир кыз ичибизден жакшы, үй-бүлөнү бага ала турган жигитке тийсек деп кыялданабыз. Баары даяр болсо, кыйналбай жашасак деп ойлойсуң да. Эми азыр автоунаа байлыктын көрсөткүчү эмес, жашаганга үйү болсо дейсиң. Бирок, атайын максат коюп ушундай жигитке тийишим керек деп тандабайсың. Буйруктан деп коюшат го.

Азыр Айнура 24 жашта, мындан төрт жыл мурун колун сураган жигит болгон. Бирок, ата-энеси менен кеңешип андан баш тартып койгон экен. Анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Анда ал, мен да студент элек. Ал бала менен достордой эле жолугуп жүрчүмүн. Атамдардын таанышынын уулу болчу. Айылдан Бишкекке келип, батирде жашап окуучу эле. Өзү иштечү эмес, айылда ата-энесинин малы болсо керек. Мейли, ал экөөбүз баш коштук дейли, экөөбүз тең иштебесек кантип жашамак элек?

Ар бир ата-эне өз кызын эч нерседен кем болбогон бардар үй-бүлөнүн келини болсо деп тиленет. Байкоочулар акыркы мезгилде билимдүү, социалдык жагдайы жакшы кыздардын турмушка чыкпай жүргөндөрү көп экенин айтышат. Маселен, шаар тургуну Турсун Шамшидинова отузга чыгып калган кызынын турмуш курууга шашылбай жүргөнүнө сарсанаа. Элүүдөн өтүп калган эне жолдошун кантип тандаганын эстеди:

- Эми анда күйөө тандайт деген жок эле. Кыздар сүйлөшкөндө жогорку окуу жайды бүтүптүр, билимдүү экен деп кеп кылаар элек. Азыркыдай үйү, машинеси барбы деген жок болчу. Мен 1980-жылдары турмушка чыктым. Жолугуп жүрүп эле эч нерсесине карабай тийип алгам.

Кыргыз менталитетинде кыздын жар тандоосунда ата-эненин кийлишүүсү кадыресе эле көрүнүш. “Гендер коомчулуктун түшүнүгү менен” деп аталган изилдөөдө сурамжылоого катышкан алты миң үй-бүлөнүн ичинен жыйырма пайызы материалдык абалы жакшы күйөө бала табылса, кыздарынын жаш курагына карабай турмушка берүүгө даяр экенин айтышкан.

Эки жаштын баш кошуусуна жакындарынын кийлигишүүсү дайыма эле жакшы натыйжа алып келбейт. Кыргыз коомунда кыз киши ата-энесинин каалоосуна каршы чыгышы өөн учурайт эмеспи. Макаланын башындагы каарман Айнурадай ар бир кыз кыялданган жигити, тандаган адамына баш кошууну каалаганы менен айрым учурда анын тагдырын ата-энелер чечип койгон болот. Блогер Алия Суранованын пикирин угалы:

- Азыркы күндө деле ата-энелердин таасири күчтүү. Күйөө бала бизге жаккан жок, бирок өзүң бактылуу болсоң болду дегендер сейрек кездешет. Айрымдардын түшүнүгүндө кызды чоңойтуп, окутуп билим бердик эми күйөөнү дагы өзүбүз тандашыбыз керек дейт.

Интернет форумдарда кайсы мезгил болбосун “кыздар жар, ата-энелер күйөө бала тандоодо эмнесине көңүл бурат” деген суроо дайым кызуу талкуу менен коштолот. Бүгүн Фейсбук социалдык тармагынан алынган айрым пикирлерге токтолсок:

Молжигит Тейитбеков: Кыздар жумушуна, алдындагы унаасына, айлыгына, үйүнө кызыгат!

Элгиз Жумалиев: Баары бирдей эмес. Бактылуу болуп жашаш үчүн байлык мааниге ээ эмес. Азыр татыктуу жар табайын дегендер көп. Байлыкка кызыгышпайт.

Бахтияр Касидинов: Кызым кыйналып калбасын деп, материалдык жактан жакшы турган үй-бүлөгө берет.

Гулина Жайнакбек Кызы: Мурда кыздар ишкер жигиттерди издечү. Азыр мырзалар кыздардын ишин сурашат экен. Ушундай окуяларды угуп таң каласың.

Бишкектеги радиолордун биринде иштеген Түмөнбай Абдинаби уулу учурда бойдок. Түмөнбайдын пикиринде жаштар жар тандоодо билимдүүлөрдү баалап калганын байкап жүрөт. Бирок, ал материалдык абалына карап турмушка чыккан кыздарды сындабайт. Ар бир адам өмүрлүк жарын кантип, кандай тандайт өзү билет дейт:

- Кыздар тобокелге салып эле бирөөгө тийип албайт. Аны менен өмүр бою жашаш керек. Ар бир кыз жакшы жашоого, мыкты үй-бүлө күтүүгө акылуу. Татыктуу күйөө табайын дегендин эмнеси жаман. Мен сүйүп калдым деп эле турмушка чыгып кеткен сейрек кездешет. Азыр билимдүүлөр, акылдуулар жакшы акча таап калган мезгилге келдик. Кыздар ушундай балдарды тандап жаткандыктан, жигиттер да билимдүү болуп, акча табууга умутулуп калышты.

Кыргыз жаштары.
Кыргыз жаштары.

Ал эми Күлүпанын жыйырма бешке чыккан уулу үйлөнбөй жүрөт. Баласы Орусиядан иштеп, каражат топтоп турак жай, автоунаага ээ болуп анан келиндүү кылам деген экен. Күлүпа азыркы жаштардын мындай түшүнүктөрүн жактырбайт:

- Кенже уулум Орусиядан эки жылдан бери иштеп жүрөт. Үйлөн десем, үй салып, машина алып анан үйлөнөм дейт. Илгери биз баш кошуп алып оокат курачу элек.

Эркин коомдо кыздар жар тандоодо мындай көрсөткүчтөргө басым жасайт деп бир жактуу айтуу туура эмес. Он адамдын пикири, тандоосу он башка. Деген менен он жыл мурункуга караганда бойго жеткен кыздардын жар тандоо түшүнүктөрү кыйла өзгөрдү. Бул жаатта психолог Назира Кубанычбек кенирээк сөз кылды:

- Азыр кыздардан кандай күйөөгө тийгин келет деп сурасаң, колу менен кадимкидей санап берет. Бул бир четинен жакшы, бирок биздин коомго өөн учурап жатат. Тандоо көрсөткүчтөрүн санап берсем: байлыгы, билими, социалдык статусу, ата-энеси, жердиги, үй-бүлөө канчанчы бала деген сыяктуу майда нерселерге дагы көңүл бурушат. Анан дагы улам кыздардын жашы өткөн сайын акылдуу болуп, оңой менен жигит жакпай калат. Азыр диний түшүнүктөр менен дагы жар тандоо тендециясы катуу байкала баштады. Кыскасы, он жыл мурункудан көп нерсе өзгөрдү. Бул жаманбы, жакшыбы коомдогу көрүнүш экенин мойнубузга алышыбыз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG