Омуртка сөөгү ката электе турмуштун запкысын көп тарткан Чарлз Жон Хаффем Диккенс (Charles John Huffam Dickens) жакырчылык, адилетсиздик, зомбулук эмне экенин жон териси менен сезип, бала чагынан турмуштун ак-карасын айырмалап, тааныйт.
1828-жылы он алты жашында адвокаттардын конторунда кенже кызматкер болуп орношуп, Доктор Коммонз сотунда көз карандысыз кабарчылык даражага жетет. Ошол мезгилде Англияда болуп жаткан окуялар жөнүндө жакындан билип, парламенттеги кызуу талаш-тартыштарды көрүп, саясий жактан дагы көз карашы калыптанат.
Анын ошол кездердеги жазган “Боза очерктери” нравалык жактан таасир берүүчү алгачкы очерк катары бааланып, катардагы лондондуктардын психологиялык кулк-мүнөзүн таамай-таасын ачып берген.
Чарлз Диккенстин адабиятка аралашып, алгачкы жолу жазган “Пиквик клубуна өлүм алдындагы кол жазма” аттуу чыгармасы 1836-жылы Лондондо болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетет.
Классик жазуучунун чыгармалары Кыргызстанда бүгүнкү күндө дагы чоң кызыгуу жаратаарын филология илимдеринин кандидаты, кыргыз-түрк “Манас” университетинин Батыш тилдер бөлүмүндө ага окутуучу Каныкей Калиева белгиледи:
- Кыргызстандагы студенттерди, окуучуларды англис тилине үйрөтүүдө негизги текст катары жана Англиянын маданиятын, тарыхын социалдык жашоосун үйрөнүү үчүн биз адабий чыгармаларды пайдаланабыз. Мына ошолордун арасынан эң көп колдонулганы Чарлз Диккенстин “Оливер Твистин жоруктары”, “Скрутч” сыяктуу чыгармалары. Бул китептер кыргыз студенттерине англис тили аркылуу, котормолор аркылуу жана экрандаштырылган фильмдер аркылуу тааныш.
Чарлз Диккенсти англис юморунун негиздөөчүсү катары да баалашат. Анын чыгармаларында башынан өткөргөн кыйын күндөр, оор окуялары кеңири орун алып, реалдуу турмуштагы терс көрүнүштөр, социалдык теңсиздиктер негизинен сатиралык мүнөздө берилген.
- Чарлз Диккенсти англис юморунун негиздөөчүсү, улантуучусу же аны өнүктүрүүчү катары да айтып жүрүшөт. Көптөгөн изилдөөчүлөрдүн баамында, ал жөнөкөй эле жашоонун күлкүлүү жактарын көрсөтүү же бирөөнү келекелеш үчүн эмес, ошол жашоонун терс жактарын жөнөкөй көз менен карап, жөнөкөй күлкү, юмор менен көргөзүп берген.
Ал эми Чарлз Диккенстин чыгармалары кыргыз окурмандарына эмнеси менен кызыктуу экенин Каныкей Калиева төмөндөгүдөй чечмеледи:
- Анын жазуу стили өзгөчө деп айтаар элем. Себеби анын чыгармаларындагы окуялар окурмандын кабыл алуусуна, түшүнүүсүнө абдан жөнөкөй жана кызыктуу. Анан нравалык тарбиясы бар, идеялык мааниси дагы терең. Мисалы, “Оливер Твистин жоруктарында” бай менен кедей, жаман менен жакшы, караөзгөйлүк менен боорукердикти айырмалап билиш үчүн кичинекейинен ошондой азап-тозокту көп көргөн баланын турмушу кандайдыр бир деңгээлде кыргыз жашоосуна дагы окшошуп кетет. Англияда болобу, Кыргызстанда болобу "кедейликтен кантип чыгуу керек, кантип жамандыктан алыс болуш керек" деген темаларды ошол Диккенстин чыгармаларынан көрсө болот.
Чарлз Диккенс ондон ашуун романдарды жазган. Анын ичинен "Мартин Чезлвит", “Муздак үй”, "Оливер Твистин жоруктары жана жашоосу" “Домби жана уулу”, "Дэвид Копперфильд" сыяктуу романдары ага дүйнөлүк атак-даңк алып келип, классик жазуучулардын катарына кошкон.
Чарлз Диккенсти англиялыктар улуу драматург Ульиям Шекспир менен бир катарга коюп, 1880-90-жылдары айтылуу Байрондон да атактуу болгондугун айтышат.
Анын чыгармаларынын дээрлик бардыгы экрандаштырылып, мыкты көркөм тасмалар тартылып, спектаклдер коюлган.
Чарлз Жон Хаффем Диккенс 1812-жылы 7-февралда Англиянын Портсмаус шаарына жакын жердеги Лендпорт деген жерде туулган. Үй-бүлөдөгү сегиз баланын экинчиси болот.
Окуганды, жазганды энесинен үйрөнүп, кийин башталгыч мектептен окуйт. Анын атасын мамлекеттик карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн түрмөгө отургузганда, окуусун таштап, он эки жашынан баштап ар кандай оор жумуштарда иштейт. Ал өз талантын өжөрлүгү, талыкпаган эмгекчилдиги менен телчиктирип, адабият чөйрөсүндө абройлуу жазуучулук кадыр-баркка жеткен.
7-февралда Британияда классик жазуучу Чарлз Диккенстин 200 жылдык мааракеси белгиленип, Вестминстердеги мүрзөсүнө ханзада Чарлздын катышуусунда гүл чамбар коюу аземи өттү.
Атактуу жазуучу 1870-жылы 9-июнда 58 жашында инсульттан каза болгон.