Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Кloop.kg сайты иштей баштады


Kloop.kgнин кеңсеси.
Kloop.kgнин кеңсеси.

Kloop.kg сайты кайра иштей баштады. Ал мындан ары ишин эл аралык сервер менен улантышы мүмкүн.

Kloop.kg мындан ары эл аралык сервер менен ишин улантышы мүмкүн экендигин 15-декабрда “Азаттыкка” аталган басылмадан кабарлашкан болчу. Учурда сайт кайра иштей баштады.

Буга чейин ProHost компаниясы Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйругу менен аталган сайтты жаап жатканын билдирген маалымдама жөнөткөн.

Kloop.kgнин жамааты муну бийликтин кысымы катары баалап, Башкы прокуратура жана Байланыш агенттиги анын редакциялык саясатына мыйзамсыз кийлигишип жатканын жазышкан.

Буга чейин Kloop.kg Байланыш агенттиги өлкөдөгү интернет-провайдерлерден “Казак жихадчыларынын балдары” тууралуу макалага тыюу салууну талап кылганын, мунун айынан сайт Кыргызстанда толугу менен ачылбай калуу коркунучунда экенин жазган. Учурда бул сайт ачылбай, редакциянын жабылышы тууралуу маалымат гана чыгууда.

Акишев: Биротоло жабылбайбыз

"Азаттык" аталган сайттын редактору Улугбек Акишев менен байланышты.

"Азаттык": Kloop.kg сайтынын жабылышына бийликтин басымы себеп болду, деп маалымат тараттыңыздар. Мүмкүн болсо, кенен түшүндүрүп бересизби, кандай басымдар болду?

Улугбек Акишев.
Улугбек Акишев.

Акишев: Ноябрдын соңунда британиялык Daily Mail гезитинин тасмасын сайтыбызга жарыялаган элек. Анда казакстандык жашы жете элек балдар өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун курамында жихадга даярданып жатканы көрсөтүлгөн. Балдар ошол топтун атайын лагеринде согушка даярданып жатканы тартылган. Биз ал тасманы сайтка жайгаштыргандан кийин казак бийлиги видеону алып салууну суранып кайрылуу жөнөткөн. Биз макул болгон эмеспиз. Себеби, эрежеге ылайык, Kloop.kg жарыяланган материалдарды өчүрбөйт. Ошондон кийин коңшу өлкөдө биздин сайтка чектөө киргизилип, ал жакта ачылбай калды. Казак бийлигинин бул кадамы биздин өкмөткө да таасир этти. Ички иштер министрлиги биздин сайт экстермисттик маанайдагы тасма жарыялаганын айтып, аны өчүрүүнү суранды. Бирок, биз ага да макул болгон жокпуз. Андан соң министрлик прокуратурага кайрылган. Жакында Мамлекеттик байланыш агенттиги Башкы прокуратуранын талабы менен биз иштешип жаткан провайдер - ProHost компаниясына сайтты жаап жатканын билдирген маалымдама жөнөтүптүр.

"Азаттык": Башкы прокуратура менен Мамлекеттик байланыш агенттиги сайттын ишине мыйзамсыз кийлигишип жатканы тууралуу да айтып жатасыздар. Кайсыл аракеттери мыйзамсыз болду?

Акишев: Биринчиден, алар сайтты жабуу тууралуу бизге эч кандай кат жөнөтүшкөн жок. Мыйзам боюнча, маалымдама бериши керек болчу. Алар сайтты жабуу талабын провайдерге коюп атышпайбы. Кыргыз бийлиги бул маселени сот аркылуу чечиши керек эле. Эгер сот биз жарыялаган тасманы экстремисттик маанайда деп тапса, анда биз өчүрөт элек.

"Азаттык": Kloop.kg журналистикага кызыккан бир катар жаштарды тарбиялап чыгарганын билебиз. Айрымдары порталдын өзүндө иштеп да жаткан болчу. Алар мындан ары эмне кылышат?

"Ислам мамлекети" тобу тараткан видеодогу балдар.
"Ислам мамлекети" тобу тараткан видеодогу балдар.

Акишев: Сайт биротоло жабылат деген коркунуч жок. Маалыматтарыбызды эл аралык сервер аркылуу чет элдик хостингге которуп, иштей беришибиз мүмкүн. Балким бул эртең эле ишке ашат. Убакыт өтүп, биз башка домен менен жумушубузду уланта беребиз. Азырынча, журналисттерибиздин жазган макалалары Facebook социалдык тармагындагы расмий барагыбызга жарыяланып турат.

"Азаттык": Сайт кайра ачылса, ушул эле аталышта иштейби?

Акишев: Биз бул аталышты алмаштырбайбыз. Сайт 2007-жылдан бери кыргыз медиасында иштеп, өз ордун таап алды. Азбы-көппү бренд түзгөнгө жетиштик. Буйруса, Kloop деген атылышта иштей беребиз.

P.S: Башкы прокуратура жана Байланыш агенттиги бул боюнча үн ката элек.

Буга чейин “Ислам мамлекети” радикал тобу казакстандык делген жашы жете элек балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы интернетке жарыялаган. Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча тасма интернетке 22-ноябрда коюлган. Тасмада ошондой эле балдар Куранды жана араб тилин үйрөнүп жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк жашыл түстүү кийимчен ошол эле балдар колдоруна курал кармап, аскердик машыгуудан өтүп жатканы тартылган.

Ушундан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы тасманы терроризмди пропагандалоо деп таап, террористтик аракеттерге катышууга үгүттөгөн видеолорду маалымат каражаттарында көрсөтүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG