Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Банк кызматкери кардарларын алдап кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун элүүдөн ашык тургуну банк кызматкерине алданып калганын айтып чыгышты.

Алардын айтымында Ысык-Көлдөгү "Компаньон" банкынын кызматкери жалпысынан 20 миллион сомдон ашык каражатты алдап, алып кеткен.

Аталган банк азырынча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтууда. Жергиликтүү милиция "кардарларын алдап кетти" деген адамга эл аралык издөө жарыялана турганын билдирди.

Күнөөлөнүп жаткан банк кызматкери жана анын жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Каракол шаарынын жана Түп, Ак-Суу райондорунун "алданып калдык" деген тургундары 21-августтан бери Теплоключенка айылындагы "Компаньон" банкынын жанына чогулуп жатышат.

Алар ушул банкта насыя бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген Айгерим Макерова аттуу аялга алган насыясын алдатып жибергенин айтышууда. Алардын айрымдары "Азаттыкка" буларды билдирди.

Ак-Суу районунун тургуну Калыйбүбү Океева насыяны эми кантип жабарын билбей турганын айтты.

"2018-жылы декабрь айында менин атым менен 200 миң сом алган. 2019-жылдын апрель айында жолдошумдун атынан 150 миң сом алган. Анысы аз келгенсип, 31-июнда 35 миң сом процентке алып бергем. Ал 100 миң сомго чыгып кетти. 2008-жылы "Компаньон" банкынан насыя алып жүрчүбүз. Ишеничке кирди да. "Эже кызым ооруп атат ошого керек" деп алган. "Айболит" дарыканасына таштап кеткем. Пенсионермин, эми кантип төлөйм билбейм сыздатып кетти да...".

Ак-Суунун дагы бир тургуну Нурбүбү Үмөталиева Айгерим буга чейин далай жолу насыя алдырып, акчаны убагында берип жүргөнүн кошумчалады.

несиндей болгон адамды алдайт деп ойлогон эмесмин. 2014-жылдан бери "Компаньон" банкынан насыя алчубуз. "Эже алып бериңизчи" дегенинен 100 миң алып, 50 миңин ага бергем. Бирөөнү жапканбыз. Үч жолу алдык. Убагы келгенде акчаны берчү. Качып кетет деп ким ойлоптур. 130 миң сомго чыгым болдук. Кантип төлөйм деп башымды мыкчып отурам”.

Аты-жөнүн жашырган Каракол шаарынын тургуну Айгеримге жарым миллиондон ашык акча карматкан.

еримди сатып, 750 миң сомду Айгеримге карматкам. Кыздарым Москвада иштейт. Алар окуяны билбейт. Эми эмне болом?.

Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Самат Мухтаров “Компаньон” банкынын филиалынын башкы адиси Айгерим Макеровага байланышкан иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, ага эл аралык издөө жарыяланарын билдирди. Буга жергиликтүү тургундардан түшкөн 54 арыз негиз болгон. Арыз менен кайрылуулар дагы эле уланып жатат.

"Айгерим Компаньон банкында иштеп жатканда 700 абоненти болгон. Болжол менен 400гө жакын кардарды алдаган деп айтылууда. Арыздардын негизинде Чек ара кызматына кайрылуу жөнөткөнбүз. Жарандарыбыз кайрылган күндөн бир күн мурда шектүү Казакстанга чыгып кеткени маалымдалды. Эл аралык издөө салууга даярдык көрүп жатабыз".

Тергөөчүнүн билдиргенине караганда Айгерим Макерова Казакстанга күйөөсү менен 20-августта чыгып кетиши мүмкүн. Ал банктын кардарларына 50 миллион сомдон ашык чыгым келтирген деп болжолдонуп жатат.

"Компаньон” банкынын башкармалыгынын төрайымынын орун басары Дамир Досумбетов Айгерим Макерова банкта 2012-жылдан бери иштеп келгенин ырастап, учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында 2019-жылдын апрель айында, банктын саясатына каршы келген иш-аракеттерди аныктоо максатында, насыя алган кардарларга мониторинг жүргүзүлгөн. Ошол учурда кардарлардан бир дагы арыз же даттануу түшкөн эмес.

"2019-жылдын апрель айындагы текшерүүдө кардарлар менен жолугушуу болгон. Алардын арасында азыр жабырлануучу катары арыз менен кайрылып жаткандар бар болчу. Мониторинг учурунда бул кардарлардан эч кандай даттануу же арыз түшкөн эмес. Азыркы учурда банкта ички иликтөө жүрүп жатат. Банк ар бир кардардын берген арызына ылайык мыйзам алкагында иш жүргүзүүгө даяр".

Шектүү катары айыпталып жаткан Айгерим Макерованын сиңдиси Каныкей Макерова акча доолаган бир топ аял үйүнө чейин келип, тынчтык бербей жатканын айтып, 23-августта Ак-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылган. Милициянын маалыматында, шектүүнүн жакындары Макерованын кайда экенин билишпейт.

Ал эми “Компаньон” банкынын кардарларын алдап кетти деп шек саналып жаткан Айгерим Макерова Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну, үч баланын энеси. Шектүү күйөөсү менен кыргыз-казак чек арасынан катталып, тышка мыйзамдуу чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG