Ош шаарынын тургуну Дилфуза Юлдашева эптеп-септеп казан кайнатканга көнүп калды. Анткени аларда азыр биртке картөшкө, сабиз жана пияздан башка колго илинээрлик деле азык жок. Бул үй-бүлө көптөн бери эт көрө элек:
- Акыркы жолу качан эт жегенибиз деле эсимде жок. 1 айча болуп калды окшойт. Эт эмес азыр бизде башка азыктар деле жетишсиз болуп калып атат. Көпчүлүк мезгилде карандай чай менен нан, шекер салып ичкенге сүйүнүп олтурабыз. Бир нерсе тапсак өзүбүз да жебей туруп, усталарга беребиз. Үй куруп аткандан кийин аларды да багышыбыз керек да.
Дилфузанын айтымында, тамак-аштын жетишсиздигинен үйдөгү кичинекей 4 баласынын ден соолугу да начарлап кеткен:
- Биз го чоң кишибиз, жүрө берет экенбиз, жаш балдарга ар кандай тамак болбосо кыйналат экен. Балдарым «эт жегим келип атат, жумуртка жегим келип атат» дейт, дарыгерлер болсо балдарыңарда витамин азайып кетиптир, иммунитети азайып кетиптир, күчтүү тамак бергиле дейт. Бирок акча жок болсо кайдан алып беребиз. Тапкан нерсебиз менен курсагын тойгозуп жатабыз да.
Ош шаарындагы Камилжан Ашыров көчөсүндө жайгашкан бул үйдө жалпысы болуп 10 киши жашайт. Алардын бирөө гана анча мынча жумуш кылып калбаса, көбүнчөсү 70 жаштагы Ханипа Азимованын пенсиясын тиктейт:
- Тамак-аштан чынында кыйналып атабыз. Пенсия тийээри менен дароо азык-түлүк сатып алганга аракет кылам. Бирок азыр болгону 1 кап ун, 1 кап картөшкө, биртке пияз, сабиз эле бар. Муну менен кыштан чыга алабызбы, жокпу, билбейм. Эл аралык уюмдар тарабынан жардам берилип калабы деп үмүт кылып атабыз.
Наавай нан жаап үйгө аз-маз киреше киргизип жаткан Баатыр Хусанов болсо үйгө күнүгө азык-түлүк ташып келүүгө аракет кылат:
- Мамлекетке эле карап жатып албашыбыз керек. Чет элдик уюмдардан деле гумжардам тынбай келе бербесе керек. Тапкан ташыганымды үйгө алып келүүгө аракет кылам. Наавайканадан сырткары курулушка иштеп да акча таап атам. Кыштан жакшы эле чыгабыз, буюрса.
Маалым болгондой, 2010-жылкы кандуу капсалаңда эки миңдей үй-бүлө үйүнөн ажыраган. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан өткөн кышка чейин 28 чарчы метрден убактылуу жай салынып берилген. Быйыл анын 1634үнө дагы 50 чарчы метр үй кошулуп тургузулууда.