Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

Мурунку жана азыркы президент бирдей шартта жоопко тартылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестик макамынан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда дээрлик бир добуштан кабыл алды. Буга чейин Конституциялык палата «экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу азыркы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек» деген сунуш берген.

Экс-президенттерди кол тийбестик макамынан ажыратууга багытталган «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда кабыл алынды. Ага жыйынга катышкан 114 депутаттын үчөө гана каршы добуш берди.

Мыйзам долбоорун «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана «Республика – Ата Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Масалиев долбоор экинчи окууга келгенде олуттуу өзгөрүлгөнүн белгилеп, бул жолу аны кайтарып алууну сунуш кылды. Муну ал мыйзамдагы 12-берененин аталышы менен ичиндеги мазмуну дал келбей калганы менен түшүндүрдү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Эч кандай кол тийбестик, ар кандай формада болбош керек. 2006-жылы түпкү тамыры менен алып салганбыз. Аны баары тең билет. Азыркы биздин алдыбызда отурган коноктордун чечими менен биз бүгүн айла жок оорлошкон жолу менен иштеп жаткан президентке теңеп койгонубуз туура эмес. Редакция боюнча 12-берененин аталышы туура эмес болуп калып жатат, анын мазмунуна дал келбейт. Ушуну эске алгыла. Балким кайтарып, токтотуп иштетиш керек муну. Ар бир мыйзам кынтыксыз болушу керек да».

Парламент бул мыйзам долбоорундагы экс-президенттин чексиз кол тийбестигин караган 12-беренени алып салып, аны мамлекет башчысы болуп турган кезинде жасаган иштери үчүн кылмыш жообуна тартуунун тартибин аныктаган жана анын саясат менен алектенишине чек койгон өзгөртүүлөрдү былтыр декабрда биринчи окууда карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берген. «Азыркысы баштапкы концепциядан кыйла өзгөрүп кетти» деген Масалиев экс-президент деле эл катары кылган ишине жооп бериши керек деп эсептейт.

«Президент мезгилинде иштеген учуру үчүн Жогорку Кеңештин жана башкы прокурордун макулдугу менен аны жоопко тартса болот» деген норма кирип жатат. Менин жеке пикирим өзгөргөн жок. «Эч кандай макулдуктун кереги жок эле, эл катары жооп берсин» деген талабым. Элде деле, саясатчыларда деле «экс-президентте кол тийбестик болбошу керек» деген талап болчу. Бүгүн Конституциялык палата чечмелеп берип, «иштеп жаткан президент менен тең кылыш керек» деген аракет ишке ашып жатат», - деди депутат Масалиев. Ал буга чейин мындай аракеттерди президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы кошоматчылык катары баалаган.

Буга чейин сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун Баш мыйзамга шайкештигин Конституциялык палата карап, «экс-президент кол тийбестикке ээ» деген 12-беренени Конституцияга каршы келет деп тапкан. «Бирок экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу азыркы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек» деп, бул боюнча өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган.

Кезинде Конституциялык палатанын өкмөт менен парламентке жиберген мындай сунушун Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жактырган эмес. Алар «судьялар өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланды» деп сынга алышкан.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорундагы экс-президенттин саясат менен алектенишине чектөө койгон норма маселе жарата турганын белгиледи:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Экс-президент «партияга кире албайт, мамлекеттик органдарда кызматта иштей албайт» деген тыюу жазылган. Бул Конституцияда жазылган эмес. Жарандар ошол боюнча сотко кайрылышы мүмкүн».

Талкууда белгилүү болгондой, мыйзам ишке кирсе ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонулат. Ошондой эле экс-президенттер өз ыйгарым укуктарын аткарган кезде кылмыш кылып, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев кол тийбестик качан, кантип алынышы керек экенин «Азаттыктагы» маегинде айтып берди. Анын пикиринде, абсолюттук кол тийбестик деген болбошу керек. Адис ошол эле учурда кол тийбестик макамы кызмат аткарган адамга гана берилерин, кызматын тапшырган соң ал автоматтык түрдө алынышы зарыл экенин айтты:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Бизде абсолюттук кол тийбестик деген болбош керек. Анткени биз демократиялык мамлекетпиз, бизде республикалык түзүлүш. Ошол эле учурда кол тийбестик деген укук кызмат аткарган адамга берилет. Ар кандай кызматтагы адамга берилет. Ошол ыйгарым укуктарды коркпой-үркпөй, өзүнүн эмес, элдин кызыкчылыгына пайдаланат. Биздин аткаминерлер аны өз кызыкчылыгына иштеп жатпайбы. Эгер демократиялык мамлекет экенибиз чын болсо, аны танбасак, Баш мыйзамды өзгөртпөсөк кызмат учурунда гана кол тийбестик беришибиз керек. Кызматтан кеттиби - кол тийбестик болбошу керек. Ансыз деле кол тийбестик берип, «мамлекеттик дачада жашаш керек, мамлекеттин эсебинде болуш керек, жок дегенде бир жансакчы бериш керек» деп жатабыз. Бул да жеңилдиктердин түрү да».

Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач былтыр, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн. Депутат Масалиев ЖЭБди модернизациялоого буга чейинки бийликтин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон тартып бул демилге Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган аракет катары бааланып, коомчулукта кызуу талкууга негиз болгон.

Кийин КСДПнын өкүлү Асел Кодуранова мыйзам долбоору азыркы жана болочок президенттерди чектей турганын айтып, кол тийбестикти алып салууга каршы сунуш киргизген.

Эми мыйзам долбоору президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Жээнбеков-Атамбаев: бийликти сынаган бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG