Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

“Датка-Кемин” экинчи ЖЭБ болобу?


"Датка-Кемин".
"Датка-Кемин".

Жогорку Кеңеште "Датка-Кемин" линиясын курууга алынган насыянын пайдаланышын текшерүү демилгеси көтөрүлдү.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарган жылдары ишке ашкан "Датка-Кемин" линиясынын курулушун текшерүүнү экс-президенттин мурдагы партиялашы, депутат Кожобек Рыспаев көтөрүп чыкты.

Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс комитетинин учурдагы төрагасы Рыспаев бул долбоор үчүн Кытайдан алынган насыяны пайдаланууда коррупциялык иштер болгон деп шек санайт. Ошондуктан депутат линияны курууга кеткен каражатты иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады:

- Биз “Датка-Кемин” боюнча документтерди сурадык. Бул маселени комитетте карайбыз. Бишкек ЖЭБинен кийин ишенбей калдык. Ири насыялардын жумшалганын сөзсүз карашыбыз керек. Өкмөт кандай аткарды, жеп койгон жокпу? Коомчулукта баасы жогорулатылган деген маалыматтар айтылып жатат.

"Датка-Кемин".
"Датка-Кемин".

Рыспаевдин сунушу боюнча парламент чечим кабыл ала элек. Бирок Кытайдан алынган ири насыя боюнча маселенин көтөрүлүшү бул жаатта кызыгууларга жем таштады. Себеби буга чейин Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларды колдонуудагы коррупциялык иштер быйылкы жылдын башкы окуясына айланган. Бул иш үчүн мурдагы эки премьер баш болгон 15тен ашык адам камакта отурат.

"Датка-Кемин" линиясын ишке ашыруу үчүн да Кытайдын "Эксимбанкынан" 389 миллион доллар насыя алынган. Аны Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилген. Бул долбоорду мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттик жылдарындагы эң ири жетишкендик катары баалап келген.

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

"Датка-Кемин" линиясын куруунун башынан аягына чейин катышкан "Улуттук электр станциялар" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов долбоордо коррупциялык иштер болгон эмес деп ишендирди:

- Линия иштеп жатат. Эч кандай маселе болгон жок. Эгер депутаттар кааласа текшерсе болот. Ал жакка барууну каалаган журналисттерге да атайын сапар уюштуралы. Баарын көрүп келгиле.

Негизи “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын колдонулушун териштирүү ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерден кийин эле Башкы прокуратурага тапшырылган. Башкы көзөмөл орган материалдарды УКМКга өткөрүп бергени белгилүү болду. Азырынча тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат бериле элек. Бирок бул териштирүүнүн аягына чыга электе эле экс-президент Атамбаевдин жакынкы убакытка чейин партиялык үзөңгүлөшү болгон Кожобек Рыспаев кайрадан көтөрүп отурат.

Өткөн апталарда КСДПнын саясий кеңеши Рыспаевди партиядан чыгарган. Партия муну тазалануу, жаңылануу аракети менен түшүндүргөн. Депутат болсо бул чечимди сынга алып келет. Ошондуктан Рыспаевдин бул билдирүүсүн мурдагы президент менен мамилесин териштирүү катары сыпаттагандар чыгууда. Алардын бири - парламенттин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Мындай билдирүүгө акыркы саясий окуялар негиз болду. Кожобек Жайчыбековичти партиядан чыгарып, комитет төрагалыгынан чакыртып алуу боюнча КСДПнын саясий кеңеши фракцияга чакырык жасагандан кийин ушундай кадамга барып отурат. Бул эми чагымчылдык. Эмне себептен ал киши бул маселени көрүп жатса эки-үч жылдан бери унчукпай отурду. Ошол кезде деле Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин төрагасы болчу да. Мыйзамсыз иштерди көрсө ошондо айтпайт беле.

Бирок "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов муну "саясий оюн" эмес, бүгүнкү күндүн талабы деп түшүндүрдү:

- Бул Рыспаевдин эле демилгеси эмес. Бул демилге көптөн бери коомчулук, жарандык активисттер тарабынан көтөрүлүп келет. Учурда бул багытта эки маселе бар. Бири дал ушул "Датка-Кемин" болсо, экинчиси Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу. Экөөндө тең наркы эки эсе кымбат көрсөтүлгөн деген шектенүүлөр болуп келет. Албетте, бул жерде Бишкек ЖЭБ сыяктуу, Тарых музей же Жогорку Нарын каскады сыяктуу баалары кымбат көрсөтүлгөн эмеспи деп текшерүү керек.

Азырынча "Датка-Кемин" боюнча депутаттар комиссия түзүп, текшерүүгө алуу чечимин кабыл ала элек. Бирок мурдагы президент менен учурдагы президенттин ортосундагы өтө начар мамилени эске алганда окуя дал ушул өңүттө өнүгүшү мүмкүн экенин эксперттер белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG