Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Добушуң ким үчүн, талапкер?


Президенттик шайлоо жарышына чыккан 16 талапкердин бири добуш бере албай калса, дагы бири кечке жуук гана добуш бергенге үлгүрдү.

Президент Роза Отунбаева Бишкек шаарындагы №1215 шайлоо участогунда добуш берди. Ал бул күндү тарыхый күн катары сыпаттап, "жалпы Борбор Азияга үлгү көрсөткөндөй иш жасап жатабыз" деп айтты.

Президент шайлоодо Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүү алып келчү талапкерге добуш бергенин кошумчалады.

Роза Отунбаева бул шайлоо бакиевчилердин бийликке келишинин акыркы аракети болгонун жана алардын шайлоого көп акча жумшаганын белгиледи:

- Бүгүн Кыргызстан үчүн кубанычтуу күн. Биринчи жолу үлгү боло тургандай иш жасап жатабыз. Былтыркы парламенттик шайлоону да таза, ачык өткөргөнбүз. Быйыл да ошондой өтөт деп ишенем. Биздин өлкөдө мактана тургандай иш болуп жатат. Ушул ишти түшүнүп, сезишибиз керек, мындай жетишкендикти жоготпойлу. Артка жол жок, биз алдыга гана жылышыбыз керек. Биз экономиканы да өзгөртө турган, жакшы жолго түштүк деп терең ишенем.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Бишкек шаарында жайгашкан №1208 шайлоо участогунда добуш берип, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам шилтегени турганын баса белгиледи. Ошондой эле бул шайлоо тазалыгы, ачык-айкындулугу менен айырмаланып, биринчи ирет бийликти башка бир адамга тынч өткөрүп берүүгө шарт түзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Келдибеков төрага катары шайлоонун мыйзам чегинде өтүүсүнө күч-аракетин жумшай турганын белгиледи:

- Мен төрага катары айтаарым, башка депутаттардын ой-пикири деле ушундай, мамлекетибизде тынчтык болуп, бардыгы мыйзам чегинде өтүшүнө болгон күч-аракетимди жумшайм.

Президент болом дегендердин добушу

Өлкөнү башкарууга, "эки тизгин бир чылбырды" колго алууга ниеттенген талапкерлер да бүгүн добуш беришти. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында болушту. Маселен, Өмүрбек Суваналиев №1041, Кубатбек Байболов №1204 шайлоо участогунан добуш беришти.

Талапкер Адахан Мадумаров Бишкек шаарында добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, буларды айтты:

- Мен жеңилип калууга өзүмдү даярдап жаткан жерим жок. Оптимист же пессимист эмес, реалист болуш керек. Кудай буйруса, мен өзүмө экинчи турду камсыз кылдым деп эсептейм.

Дагы бир талапкер Темирбек Асанбеков айрым талапкерлер сыяктуу эле добушканага жубайы менен келген. Бирок Темирбек Асанбековдун жубайы башка өлкөнүн жараны болгондуктан добуш берүүгө катышкан жок.

Мындан тышкары президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев жана Турсунбай Бакир уулу да добуштарын Бишкек шаарында беришти. Турсунбай Бакир уулу добуш бергенден тышкары мечитке барып, намаз окууга жетишсе, Алмазбек Атамбаев шайлоонун бир айлампа менен эле жыйынтыкталышын каалап жатканын айтты:

- Баары Кудайдын колунда эмеспи, ал чечкендей болот го. Бирок элди көп кыйнай бербей, жыйынтык биринчи айлампада эле чечилип калат го деп үмүт кылып турам.

Добуш бере албай калган талапкерлер да болду

Анткен менен президенттикке талапкерлердин арасынан добуш бере албай калгандары да болду. Алардын бири Сооронбай Дыйканов шайлоочулардын тизмесинен өзүн таппагандыктан добуш бере албай калды.

- №1052 добушканада катталгам. Ошол жерде дайыма эле, парламенттик жана башка шайлоолордо деле добуш берип келгем. Бирок эмнегедир бүгүн барып, өзүмдү тизмеден тапкан жокмун. Кварталдык кызматкерлер менен байланышып тактасак, алар "биз тизмени бергенбиз" деп айтышты.

Талапкер Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Арал айылында добуш берүүнү ниет кылып, бирок алгач паспортун унутуп койгонуна байланыштуу добуш бере албай калганын "Азаттыкка" өзү билдирген эле. Бирок кечке жуук Ташиев айдоочулук күбөлүгү менен добуш берип кеткенин Арал айылындагы шайлоо участоктун төрайымы Гүлүмжан Орозалиева билдирди.

Бул жолку президенттик шайлоого 16 талапкер ат салышты.


Кыргызстанда президенттик шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

XS
SM
MD
LG