Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия көрсөткөн добушканаларда кайра санак жүргүзүүдөн баш тартууда. Буга чейин БШК 10 тилкеде добуштар кайра саналып, партиянын шектенүүсү тастыкталбаганын билдирген.
Бирок, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров БШК өзүнө ыңгайлуу добушканаларды тандап алганын айтып, нааразы болгон. Эми Мадумаров БШК партия көрсөткөн бардык шайлоо участокторун санап чыгууга милдеттүү дейт:
- Биз Борбордук шайлоо комиссиясына бир нече жолу кайрылганбыз. Шайлоо тилкелеринде одоно мыйзам бузуулар болгонун, автоматтык эсептөө кутучасы берген маалымат менен кол санактан кийинки протоколдун ортосунда чоң айырмачылыктар чыгып жатканын айтып, кайра саноону өтүнүп кайрылганбыз. Алардын баарын БШК четке каккан. Ошонун баарын биз сотко бергенбиз. Сот БШКнын 19-20-октябрда кабыл алган чечимдерин мыйзамсыз деп тапты. Эми биз талап кылган шайлоо тилкелериндеги добуштарды кайра санап чыгууга мажбур.
Мадумаров азырынча кайра санап чыгуу канча шайлоо участокторунда жүргүзүлөрүн так айткан жок. Буга чейин партия Ош, Өзгөн, Бишкек шаарларындагы, Ноокат, Базар-Коргон, Жайыл, Панфилов райондорундагы 100дөн ашуун добушканалардагы бюллетендерди кайра саноону талап кылган эле. Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан Эмгектин” талабы туура эместигин айтып, Жогорку Сотко кайрылганы турат. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров:
- 20-октябрда биз "арыздануу мөөнөтүн бузуп берген жана ирети туура келбей калган" деп партиянын үч арызын кароодон баш тартканбыз. Эми сот ошону кайра карап бергиле деп чечти. Биз Жогорку Сотко "биздики туура" деп жазабыз.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясы 97 миң добуш топтоп, 7 пайыздык тосмодон өтпөй калган. Партияга парламентке өтүшү үчүн 0.8% же дагы 10 миңдей добуш керек. Партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров Ош жана Жалал-Абад облустарында Борбордук шайлоо комиссиясынын эсеби менен алардын эсебинин ортосундагы айырмачылык 37 миң добуш болгонун билдирип чыккан. Ал эми БШК бул сан чындыкка коошпойт, айрым участоктордон ашып кетсе, 30-40тан гана айырма болгонун маалымдаган. Ошондой эле буга чейин Жогорку Сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырган эмес.
Ошентип, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” добуштарын жети пайыздык чектен ашырып, парламентке илинип калуу аракетинен азырынча майнап чыга элек. Бирок, акыркы жагдай партия өкүлдөрүнө үмүт бергендей болду окшойт.
Адахан Мадумаров баштаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010-жылкы парламенттик шайлоодо да 7 пайыздык тосмону аша албай калган.
Деген менен серепчилердин, байкоочулардын көпчүлүгү партия кандай болгон күндө да бу сапар да парламентке өтө албастыгы айкын болуп калганын белгилешүүдө. “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбекова мындай деди:
- Кайра саноого арыз берүү мөөнөтү өтүп кетпедиби. Борбордук шайлоо комиссиясы 4-5 чырлуу болуп жаткан участкаларды санап чыкты. Ал жактарда туура эле болду. Ал эми бул партия дагы башка участкаларды таап, санагыла деп жатат. Азыр кайра саноого арыз берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберишти. Партия жөн эле тырышып жаткандай. Кайра саналган добуштардын саны жалпы шайлоо жыйынтыгына таасир этпегени менен ачык-айкындуулук үчүн добуштарды кайра санап чыгуу ашыктык кылбайт.
Шайлоонун жүрүшүнө көз салган “Демократия жана жарандык коом коалициясы” жетекчиси Динара Ошурахунова соттун мындай чечимин жакшы көрүнүш катары баалады:
- Партия БШКнын добуштарды санабайбыз дегенин сотко берип, соттон утуп алса кайра саналышы керек. Ал эми Жогорку Сот БШКнын арызы туура десе, анда саналбайт. Бирок, соттор кайра саналсын деген чечим чыгарып жатканы жакшы көрүнүш. Анткени, бизде түшүнүксүз, сүйлөшүү менен чыгарылган соттордун чечими көп эмеспи.
Буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлер да Жогорку Сотко кайрылган. Сотто арыз жазган алты талапкер партияны жана БШКны утуп алды. Андан сырткары Жогорку Сот “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкеринин тизме боюнча арызын да канааттандырган.
Ошентип, сот чечимдерине байланыштуу Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына шайланган депутаттарга мандат тапшыруу белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.
4-октябрдагы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 млн. 700 миңден ашуун жарандын 1.5 миллиону добуш берүүгө келген. Шайлоого катышкан 14 партиянын ичинен алтоо республикалык 7 пайыздык жана регионалдык 0.7% босоголорун аттап, парламентке өттү.