Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Ректор шайлоо өзүн актабады


Жогорку Кеңеш депутаттары жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоону жоюп, дайындоого негиз берген мыйзам долбоорун даярдады.

Мыйзам авторлору дайындоо системасы акыркы кезде жогорку окуу жайлардын жамааттарын жаатташтырган кырдаалды жоет дешсе, айрым окумуштуулар ал министрдин жеке тандоосуна көз карандылардын санын көбөйтөт деп каршы болушууда.

Ректорлор кандай критерий менен тандалыш керек? Тандоодо башкы көңүл жамааттын баасына бурулуш керекпи же бийлик жетекчилеринин чечимине бурулуш керекпи?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана Кыргыз Улуттук университетинин мурдагы ректору Аалыбек Акунов катышты.

“Азаттык”: Иса мырза, Жогорку Кеңештин сиз баштаган бир топ депутаттары “Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоо жөнүндөгү жобосун өзгөртүүчү мыйзам долбоорун даярдап, ректорлукка талапкерди билим берүү министри тандап, премьер-министрге сунуштайт жана аны өкмөт башчы бекитет деген жобону киргизгени жатасыздар. Мындай өзгөртүү акыркы жылдарда ЖОЖдордун жамааттарын 2-3 топко бөлүп араздаштырган кырдаалды жоет деп ишенип турасыздарбы?

“Манас": ректор бизден, акча сизден...

“Манас": ректор бизден, акча сизден...

Жогорку Кеңеште Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректорлугу тууралуу маселе кайрадан көтөрүлдү.

Иса Өмүркулов: Ооба, ишенген үчүн ушундай сунуштарды киргизип жатабыз. Анткени, кийинки жылдары ректорлорду шайлоо абдан чоң көйгөйгө айланды. Мисалы, Медициналык академиянын, Улуттук университеттин, Раззаков атындагы Техникалык университеттин жана башка окуу жайлардын ректорлорун шайлоо жамаатта чоң жаңжалдарды пайда кылып, аягы бөлүнүп- жарылууларга, араздашууларга, куугунтуктарга, соттошууларга айланды.

Ректор шайлангандан кийин куугунтуктоолор күчөп, жамаатта моралдык абалды курчутуп, эң башкысы студенттерди окутуу процессине эң жаман таасир берип жатат.

Билим берүүнүн флагманы болгон Улуттук университеттеги жаңжал бүгүнкү күнгө чейин уланып, өкмөт да, Жогорку Кеңеш да түзгөн комиссиялар чырдын аягына чыккан жери жок. Демек, Кыргызстандын билим берүү тармагында чаржайыттык, жаңжал орун алган чоң мүчүлүштүк болуп жатат.

Албетте, башында демократиялык принциптер менен өнүгөлү деген ойдо шайлоо системасы киргизилгендир. Бирок, шайланган үч талапкердин ичинен премьер-министрге сунушталган талапкердин татыктуусун тандоонун критерийи так жазылган эмес. Мына ушундан улам биринчи орунду алган эмес, акыркы орунду алган талапкер ректор болуп дайындалганда эле чатак чыгып жатат. Ошон үчүн ушундай башаламандыкты жоюуну өзүмдүн принципиалдуу милдетим деп сезип, тактоо киргизип, ректорду түз дайындоо жобосун киргизүү аракетин көрүп жатам. Ал эми ректор билимдүү, кесипкөй мыкты адис, тажрыйбалуу башкаруучу жана албетте, жамаатта кадыр-баркка ээ адам болуш керек. Мына ушундай критерийлердин негизинде бардык талапкерлер ачык тандалыш керек. Ошондо чаржайыттык токтойт.

“Азаттык”: Аалыбек мырза, сиз Кыргыз Улуттук университеттин ректорлугуна дайындалып, бирок көп узабай ал кызматтан кеткен элеңиз. Кандай дейсиз, жамаатта дайындалган жетекчинин сөзү өтүмдүү болобу же шайланган ректор салмактуу болобу?

Аалыбек Акунов: Албетте, демократиянын эң негизги шарты шайлоо. Шайлоо демократиянын көрсөткүчү катары кабыл алынат, бирок биздеги шайлоолор кандай жүрүп жаткандыгы жана кандай жыйынтыктарга алып келип жаткандыгы жалпыга белгилүү.

Башында демократиялык принциптер менен өнүгөлү деген ойдо шайлоо системасы киргизилгендир. Бирок, шайланган үч талапкердин ичинен премьер-министрге сунушталган талапкердин татыктуусун тандоонун критерийи так жазылган эмес.

Ушундан улам мен бул мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойм. Анткени, ректор беш жылга шайлангандан кийин ошол мезгилдин ичинде, башкача айтканда келерки шайлоого чейин өзүнө гана добуш бере турган адамдарды топтоп, жамааттын курамын өзгөртүүгө жетише алат экен.

Жамаатка жалаң эле туугандар эмес, досторун, өзүнө ымаласы жакшы адамдарды ар кандай кызматтарга алуу менен топтой алат экен. Ушундан улам шайлоодон кийин куугунтуктар пайда болуп жатат.

Сыртынан демократиянын талаптарын бузуу катары көрүнгөн менен дайындоо азыр Кыргызстанга зарыл талап болуп турат. Анткени, шайлоо бөлүп-жаруунун кыймылдаткычы болуп калды. Абалды чечкиндүү кадамдар менен өзгөртпөсөк билим берүү саясатын жүргүзүү мүмкүн болбой калды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG