Жаңы окуу жылынын башталышын утурлай китеп дүкөндөрүндө соода кызыды. Анткени мектеп окуучуларды китеп менен камсыздай албай калгандыктан, ата-энелер тартыш китептерди өз алдынча дүкөндөрдөн издеп таап, сатып алууга аргасыз. Алардын бирин кепке тарттык.
- Бүгүн мектепте бизди жыйналышка чакырып, китеп тартыш экенин айтышты. Анан кайсы китепти сатып аларыбызды жазып берди. Математика, орус тили, англис тили, кол жазма боюнча китепти сатып алышыбыз керек болуп турат. Мектепте болгону бизге кыргыз тили гана китебин беришти. Калганы жок экен.
- Баалары кандай экен анан?
- Математика 350 сом, англис тили китеби 400-500 сом болот окшойт. Жылда эки балама ушинтип китеп алчумун. Быйыл кызым кошулуп жатат. Аны толук даярдаш керек. Кээ бир мектеп программасына келген китептер аябай эле кымбат болуп жатат, - деди Бишкектин тургуну Айнура.
Кичүү кызын 1-класска даярдап жаткан Айнура баш-аягы сегиз китепти сатып алышы керек. Дүкөндө ага зарыл китептин эң эле арзаны 200 сом болсо, эң кымбаты 1200 сомго чейин барат экен. Ал үйдөн алып чыккан 2000 сомун кайсы бирине жеткирерин билбей убара.
Көп жылдан бери китеп саткан Салтанаттын айтуусунда, жаңы китептердин баасы бир топ эле кымбат. Ал мурда пайдаланган китептер кыйла арзан болорун, көпчүлүк ата-энелер ошону сатып алышарын айтты:
- Бир эле окуучуга 3-4 миң сомго китеп алып бериш керек. Бул бардык эле ата-эненин колунан келе бербейт. Ошондуктан эски китептерди кабыл алып, кайра арзаныраак сатабыз. Мисалы, кээ бир ата-энелер былтыркы китептерди алып келип ордуна башка китептерди алып кетишет. Бизде Кыргызстанда чыккан китептер орточо 200-300 сомдун тегерегинде сатылат. Ал эми Орусиядан чыккандар кымбат. Мисалы, англис тили китебинин эки бөлүгү 1200 сом турат.
Билим берүү министрлигинин китеп боюнча адиси Чынара Курбанова китеп тартыштыгы өзгөчө башталгыч класстарда курч экенин моюнга алат. Анын айтуусунда, министрлик башталгыч класстар үчүн китепти беш жылда бир жолу чыгарып турат. Ал эми мектепке бара турган балдардын саны жыл сайын 10 пайызга өсүүдө. Адис ушул тапта министрлик жаңы кабыл алынган стандарт боюнча заманбап китептерди чыгарууга камданып жатканын, жыл аягында жаңы китептерди жазуу боюнча конкурс жарыялай турганын белгиледи.
- Азыр жаңы окуу жылына карата китеп менен камсыздоону 78 пайызга жеткирип жатабыз. Жыл сайын китеп аз болсо дагы кичинеден чыгарылып жатат. Бирок алар беш жылдык мөөнөткө эле чыгарылат. Бул жылдын аягында дагы жаңы заманбап китептерди чыгаруу боюнча сынак жарыялаганы жатабыз.
Билим берүү тармагы боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров Билим берүү министрлиги болгон эски китептердин бардыгын кошуп, китеп менен камсыздоо 78 пайыз деп жаткандыгын, чындап келгенде ал 33 гана пайызды түзөрүн белгилейт.
Эксперт окуу китебинен тышкары билим берүү тармагында хрестоматия, мугалимдерге керектүү методикалык куралдар туурасында сөз дагы боло электигин, мунун баары системанын ичиндеги кризистин тереңдеп баратканын көрсөтөрүн белгилейт.
- Китеп тартыштыгын жоюунун альтернативдүү жолдорун кароо керек. Азыр дүйнө жүзүндө китеп менен камсыздоо электрондук формаларга өтө баштады. Эмне үчүн ушул маселени карашпайт. Акыркы 4-5 жылда бизде бул сунуш айтылып эле келе жатат, бирок майнап жок. Азыр алыскы айылдарда деле балдар смартфондорду көтөрүп жүрүшөт. Алар деле окумак да.
Билим берүү министрлигинин маалыматында азыр орус мектептердин бардык класстарында китеп жетишпейт. Мурдагы пайдалануудагы Орусиядан чыккан китептерди азыр алууга же аны кайра басып чыгарууга мүмкүн эмес. Мындан улам министрлик Орусия менен макулдашып, керектүү китептердин топтому камтылган веб-сайттарды жарыяламай болду. Ошондой эле кыргызстандык авторлор менен макулдашып, тартыш эсептелген 20-30 китепти интернет порталга жарыялоо боюнча иштер жүрүп жатканын Чынара Курбанова кошумчалады.
- Биз электрондук портал ачып жатабыз. Улуттук китепкананын сайтында Lib.kg деген сайт ачылган. Ошол жерге биз автордук укуктары алынган китептерди толук мазмуну менен жарыялап жатабыз. Азыр ал жерде 20 китеп бар. Каалаган киши ошону пайдаланып, өзүнө керек жерлерин көчүрүп. Чыгарып алса болот. Бирок алыс айылдардагы мектептерде интернет жок да. Алар муну, тилекке каршы, пайдалана албай калышат. Биздин министрликтин сайтындагы электрондук материалдар деген жерде сайттын шилтемеси бар.
Талдоочулар Кыргызстанда окуу китептерин жаңылап толук кандуу камсыздоо үчүн бир жолу 700 миллион сом керектигин жана жыл сайын 200 миллион сом бөлүнүп турушу зарыл экендигин айтып келишет. Бүгүнкү күндө бюджеттен окуу китептерин чыгарууга жылына 100 миллион сомдун тегерегинде каражат каралат. Ал дагы толугу менен эмес, бөлүнүп-жарылып, кечиктирилип жатып берилет.