Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

Кумар оюндарына тыйуу салынат


29-сентябрда өткөн митингден бир көрүнүш.
29-сентябрда өткөн митингден бир көрүнүш.

2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагындагы казинолор жана оюн автоматтары жабылат.

Жогорку Кеңеш кумар оюндарын уюштуруу ишкердигине тыйуу салган мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Бирок муну ишкердиктин өнүгүшүнө бут тосуу катары баалаган кумарканалардын кожоюндары жана анда иштегендер парламенттин алдына чыгып, кумар оюндарына тыйуу салууга каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Митингден бир көрүнүш
29-сентябрда эртең менен колдоруна “Бизсиз кантип пенсия менен айлыкты төлөйсүңөр”, “Парламент экономиканы кыйратуучу” жана “Жумушчу орундарын жок кылбагыла” деген сыяктуу ураан-чакырыктарды көтөргөндөр парламенттин алдына каршылык акциясына чыгышты.

“Монте Карло” казиносунун кызматчысы Гүлнура Каримова эгерде казинолор менен оюн автоматтары жабыла турган болсо, он беш миңден ашуун адам жумушсуз каларын айтты:

- Биз ошол казинолордо ак эмгегибиз менен иштеп, бала-чакабызды багабыз. Башка жакта иш жок болуп жатса, анан эмне кылышыбыз керек? Жолдошум экөөбүз тең ошол жакта иштейбиз. Балдарыбыз мектепте окуйт. Эгерде казино жабылып калса, биз кантип жан багабыз? Казино десе эле адамды буза турган мекеме катары карашат экен. Ал жакка акчасы бар, эс алгысы келген адамдар барышат.

Митингден бир көрүнүш
Кумар оюндарын уюштуруу ишкердигинин өкүлдөрү алар буга чейин мамлекеттик казынага миллиондогон сом каражат салык төлөп келишкенин айтып чыгышты.

Эгерде мындай ишкердике тыйуу салынса, жумушсуздуктан сырткары бюджетке беш жүз миллион сомдон ашуун каражат түшпөй каларын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов да айткан болчу.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Эсенгул Өмүралиев депутаттарды мунасага келүүгө үндөдү:

- Биринчиден, бул бюджетке байланыштуу маселе. Экинчиден, бул жумуш орундары жана рыноктук мамилелерге кандай таасир этиши мүмкүн? Ошого байланыштуу биз оюн автоматтарын жабууга каршы эмеспиз. Бирок казинолор боюнча кайра бир карап чыгып, башка бир чечим кабыл алсак деген сунушка кандай карайсыздар?

Чара көрүү учуру

Бирок мыйзам долбоорунун автору депутат Бакыт Жетигенов кумар оюндарына толугу менен тыйуу салуу демилгесинен кайтпай турганын айтты. Мыйзамдын демилгечиси кумарканаларды алыскы аймактарга которуу сунушун да четке какты.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров мындай келишпес мамиленин себептерин кумар оюндарынан түшкөн пайдага караганда зыяны көп болуп жатканы менен байланыштырды:

- Бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 500 миллионду кайдан табабыз деген суроо бар. Бирок мына ушул кумар оюндарынын артынан кандай зыян келтирилип жатканын эсептебейлиби. Кумарга азгырылган мекендештер үйлөрүн сатып, унааларын күрөөгө коюшуп, үй-бүлөлөрү оор абалда калгандары канча! Бирок казинолордун кожоюндары беш жүз миллион сом төлөп коюп, беш миллиарддаган кирешени биздин жарандардын эсебинен таап жатышканын карайлычы.

“Монстрга” айланган кумарканалар

Кыргызстанда 21 казино, үч жарым миңге жакын оюн автоматтары бар. Казинолордун көпчүлүгү бул иш менен бир топ жылдан бери шугулданган саналуу адамдарга гана таандык. Мисалы, “Эльдорадо ”, “Алтын ажыдаар”, “Сан клуб”, “Ксанаду казино”, сыяктуу атактуу казинолорго корей улутундагы Борис Сан, Роман Шин жана Валерий Ким ээлик кылат. Алдыңкы экөө мурдагы парламентте “Ак-Жол” партиясынан депутат болушкан.

Ал эми Бозулан Мамазаиров аттуу ишкер “Монте Карло”, “Таш рабат”, “Мери клуб” сыяктуу казинолордун тармагын түзүүгө жетишкен. Кумар оюндарынын ишкердигин мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев жана андан кийин Максим Бакиев калкалап келгени айтылып жүрөт.

Депутат Төрөбай Зулпукаров казинолордун кожоюндары азыр деле коркутуп-үркүтүүгө чейин барып жатышканынан кеп салды:
Казино десе эле адамды буза турган мекеме катары карашат экен. Ал жакка акчасы бар, эс алгысы келген адамдар барышат.

- “Казинолорду жапсаңар парламентти жок кылып жиберем” дегендер мыйзам алдында жооп бериш керек. Азыр бизге көптөгөн телефон чалуулар болуп жатат. Анан ушинтип бизди коркутуп-үркүтүп отурса кандай болот? Биз бүгүн унчукпай калсак эртең алар казинолордо маңзатын сатканга уруксат бергиле деп митинг кылып чыкса эмне кылабыз? Ошондуктан сөздү көбөйтпөй кумар оюндарына толук тыйуу салышыбыз керек.

Кумар оюндарына тыйуу салган мыйзам долбоорун отурумга катышкан 105 депутат колдоп, экөө каршы чыкты.

Жыйынтыгында мыйзам кабыл алынып, президент кол койсо, жаңы жылдан тартып күчүнө кирмей болду. Бирок айрым серепчилер кумар оюндар ишкердиги эми көмүскө шартта өнүгүшү мүмкүн деп чочулашууда.

Парламенттин мурдагы чакырылыштарында да кумар оюндарына тыйуу салуу маселеси бир нече жолу көтөрүлүп, бирок чечим кабыл алынбай келген болчу.


Кумарканада иштегендер митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG