Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Мамбетов: үч айда 60 мектепти колдонууга беребиз


Быйылкы жыл аягына чейин Кыргызстанда 60 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Турдубек мырза, 2016-жылы Кыргызстанда 80 мектептин курулушу мерчемделип, анын ичинен 2016-жылдын 1-октябрына карата 20сы ишке берилет деген маалымат айтылууда. Бул 20 мектеп өлкөнүн кайсы аймактарында курулду, балдар ал мектептерде окуп жатышабы?

Мамбетов: Жыйырма мектептин баарында балдар учурда окуп жатышат. Жыл башында быйыл 80 мектептин курулушу пландалган болсо, эми октябрь айында 14, ноябрда 28, декабрда 18 мектепти бүтүрүп тапшырабыз. Бул маалыматты өкмөт башчыга да айттык.

Каражаттын жоктугунан август айында мектептердин курулушу убактылуу токтоп калган. Анткени, ипподром менен жолдун курулушуна акча керек болуп, жалпы мамлекеттик казынадагы акчанын көпчүлүгү ошол курулуштарга жумшалып кетти.

Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна мектептерге бөлүнгөн акча жумшалып кетиптир деген сөздөр туура эмес, бул жалпы казынадагы акча. Ошондуктан, биз Каржы министрлигине “август айында бере албаган 400 млн сомду октябрда бергиле, биз курулушту жаңы жылга чейин бүтүрөбүз” деп айтып жатабыз.

Сиздин кайсы аймактарда мектеп курулуп жатат деген сурооңузга жооп: Чүй облусунда 20, Баткенде 20, Жалал-Абадда 29 мектеп курулуп жатат. Ысык-Көл облусунда 20, Нарында 22, Ош облусунда 64, Таласта 12 объекттин курулуштары башталган. Булардын арасында курулушу кызуу жүрүп жатканы бар, убактылуу токтоп тургандары да бар. Анткени, мектептердин курулушуна мурунку жылы 2,1 млрд сом бөлүнгөн болсо, былтыр жыл башында 925 млн сом гана бөлүндү. Ошондуктан, 117 объект бир жыл бою токтоп турду. Эмки жылы ошол 117 объекттин курулушу жанданат.

“Азаттык”: Каржы министрлиги мектептердин курулушу үчүн октябрда 398 млн сом берилерин убада кылууда. 60 мектепти бүтүрүүгө бул акча жетеби?

Мамбетов: Каржы министрлиги өзү айткандай суммадагы акчаны берчү болсо, сөзсүз бүтүрөбүз. Кечээ күнү биз премьердин тапшырмасынан соң жергиликтүү бийликтер менен жүрүп жаткан иш тууралуу маалыматтарыбызды салыштырып, текшерип чыктык. Айырмасы бир же эки мектеп болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Мектептерди куруп жаткан учурда, алыскы аймактардагы же эскилиги аябай жетип, авариялык абалда турган мектептердин ордун жаңылап берүүгө артыкчылык берилип жатабы?

Мамбетов: 2012-жылы комиссия аныктап, андан кийин өкмөт программа кабыл алган. 217 “кызыл аймак” же авариялык мектептер бар экени аныкталган. Ошол үчүн Жерүй алтын кенинен түшкөн акчанын 90% ушул мектептерге жумшалсын деген президенттин буйругу бар. Мунун ичинен 100 мектепти жаңыдан куруп жатабыз. 100 мектеп билим берүү министрлиги тарабынан кайра оңдолду. Биздин агенттик тарабынан курулуп жаткан 117 мектептин 62син быйыл бүтүрөбүз.

“Азаттык”: Шашылыш бүткөрүлсө, сапатына доо кетпейби?

Мамбетов: Шашылыш болбойт. Пландаштырганбыз. Ар бир объекттин өзүнүн мөөнөтү бар, бир жыл беш айдан эки жылга чейинки мөөнөтү бар. Эки жылда курабыз деп айтканбыз. Былтыр башталган мектептер быйыл жыл аягына бүтүрүлөт. Быйыл башталган курулуштар кийинки жылга берилет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG