УКМКдагы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын карамагындагы токтоп турган кылмыш иштеринин тизмеси Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев акыркы маалымат жыйынында коомчулукка кабарлады. Буга чейин коомчулукта "унутта калган чуулгандуу кылмыш иштерин президент аягына чыгарышы керек" деген сунуштар айтылып келген.
Дамир Сагынбаевдин маалыматына караганда, тизмедеги убактылуу токтотулган кылмыш иштеринин чоо-жайы аныкталган соң тиешелүү органдарга президент өз баасын берет:
- Кылмыш иштеринин тизмеси боюнча маалыматтарды билип турушу үчүн биз ал материалдарды президентке жөнөттүк. Эми тергөө жүргүзгөн тиешелүү укук коргоо органдары ошол кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу кошумча мааалыматтарды Башкы прокуратура менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турушу керек. Ошондон кийин президент тарабынан буга баа берилет.
Кош стандарттуулук жана териштирүүнүн удулу
Акыркы беш жылда козголгон чуулгандуу кылмыш иштери аз эмес экени коомчулукка белгилүү. Алардын ичинен аягына чыккандардын катарында "ата-мекенчи" депутаттар Өмүрбек Текебаевге, Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага жана "Кыргызстан” фракциясынан Канат Исаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштери бар.
Ошол эле учурда коомчулуктун назарындагы бир топ иштер аягына чыга элек экени айтылып келе жатат. Алардын катарын “Бир Бол” фракциясынын депутаттары Исхак Пирматовго, Игорь Чудиновго, Акылбек Жапаровго, КСДПдан Музаффар Исаковго, Нурмахамат Баяхуновго жана мурдагы чакырылыштагы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нурлан Сулаймановго байланыштуу козголгон коррупциялык кылмыш иштери толуктайт.
Аты аталган белгилүү адамдар өздөрү да бул иштерге комментарий берүүнү каалашпайт. Маселен, парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков ага эки жыл илгери козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу мындай жооп берди:
- Ал иштин аягын убакыт көргөзөт. Ошондуктан тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туралы... Ошондон кийин гана комментарий бере алам.
Эмнеси болсо да Коопсуздук кеңешинин мурда козголуп, кийин кайра токтотулган кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун текшерип чыгуу аракетин бир катар коомчулук өкүлдөрү колдоп чыкты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкер болгон саясатчы Улукбек Кочкоров муну Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу аракети катары кабыл алды:
- Президент 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында козголгон кылмыш иштеринин 30 пайызы гана сотко жетип жатканын айтты. Анан сотко ашкан иштердин арасынан 10 пайызы гана жазага тартылган. Бул жагдай ишти козгоп туруп, күнөөкөр адамдардын чөнтөгүн кагып алып, кийин алардын иштерин жаап коюу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан токтотулган же кыскартылган ар бир иш боюнча текшерүү жүргүзүп, анын негиздемесин карап чыкканда эле канчалык чырмалышкан коррупциялык байланыштар бар экени чыгып калат. Мындай иликтөө иштери коомчулукка ачык-айкын жарыяланып, ага тиешеси бар жогорку кызмат адамдары жоопко тартылышы зарыл.
Ишенимсиздиктин илинчеги
Анткен менен буга окшогон кадамдарды популисттик жана аягына чейин жетпеген аракет катары кабыл алгандар да бар. Мындай ишенбестикке буга чейин демилге көтөрүлүп, бирок аягына чыкпай калып кеткен учурлар негиз болгон. Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бул тууралуу мындай дейт:
- Бул жерде бир жолку акция катары болуп эле токтоп калбай, дайыма иш жүрүп турушу керек. Андай болбосо, анда коррупция менен күрөштө эч кандай жылыштар болбойт. Бизде азыр эми бирөө бийликке келип, бир иштерди баштаса эле, андан кийин келгени ал жасаган иштердин баарын токтотуп салат эмеспи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мурда козголуп, бирок кийин негизсиз токтотулган коррупциялык кылмыш иштери боюнча июнь айына чейин жыйынтык чыгарыла турганын билдирди. Анын айтымында, мындай иштердин мыйзамдуулугу иликтенип, ага катышы болгон тиешелүү кызматтарга жана тергөө органдарына баа берилет.