Бул рейтингдер эмнени түшүндүрөт жана өлкөгө кандай мүмкүнчүлөктөрдү ачат? Биздин суроолорго Кыргызстанга рейтинг ыйгарган Москвадагы агенттиктин адиси жооп берди.
- Биринчиден, рейтинг деген эмне?
- Рейтинг – бул агенттиктин карыз алуучунун өзүнүн каржы милдеттемелерин аткаруу кудуретин баалоо.
- Кыргызстанга “ССС+” деңгээлиндеги рейтинг ыйгарылды. Бул эмнени билдирет жана рейтинг ыйгарууда кандай факторлор роль ойнойт?
- Кыргызстанга бул рейтингдерди ыйгарып жатып, биз өлкө өкмөтү өзүнүн милдеттемелерин аткарууга болгон кудуретин эске алдык. Биздин чечимибизге таасир эткен негизги себептердин бири – экономиканын ар түрдүүлүгүнүн жетишсиздиги. Ал өкмөттүн тобокелдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле, биз инфляциянын туруксуздугун эске алдык. Андан тышкары каржы системасынын ойдогудай өнүкпөгөнү жана өкмөттүн карыз төлөө кудуретин начарлаткан бюджеттин дефицитин да эске алдык. Ички дүң продукциянын (ИДП) деңгээлине салыштырмалуу майда банктар сектору, өлкөнүн компанияларынын банктардан насыя алуунун төмөн жөндөмү жана өнүкпөгөн ички каржы инструменттеринин базары да чечимибизге таасир тийгизди.
- Рейтинг ыйгаруудагы оң таасирлер кайсылар?
- Албетте, өлкөлөрдү кредиттик талдоодо салттуу түрдө бюджеттин жана карыз жүгүнүн параметрлери эске алынат. Дал ушул маселеде Кыргызстан өзүнүн карызынын жеңилдиги менен айырмаланат. Өткөн жылдын аягында мисалы, мамлекеттик карыз ИДПнын 50 пайызынан төмөн болду. Бул экономиканын туруктуулугун көргөзөт. Жалпы карызга салыштырмалуу алтын-валюта резерви жетиштүү. Бул өкмөткө милдеттемелерин төлөөгө мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле реалдуу ИДПнын 2007-жылдан берки 30% өсүшү жана аны менен бирге жан башына ИДПнын олуттуу өсүшү сыяктуу маанилүү экономикалык жылыштын көрсөткүчтөрү оң таасирин тийгизди.
- Ал эми республикадагы кредиттик климатка ыйгарылган “ССС–“ рейтингин кандайча түшүнсөк болот?
Кредиттик климаттын рейтинги – бул биздин агенттиктин ноу-хаусу. Кыргызстанга рейтинг ыйгарып жатканда биз өлкөнүн инвесторлордун укугун коргоо жана маалыматтык ачыктык боюнча эл аралык тизмелердеги бийик орундарын эске алдык.
- Кыргызстанга ыйгарылган рейтингдер өлкөгө кандай мүмүкүнчүлүктөрдү ачат?
- Кыргызстанга рейтинг ыйгаруу тууралуу бизге өлкөнүн айрым компаниялары жана банктары тарабынан талап түшкөн. Компанияларга рейтинг ыйгаруу – Орусиянын банктары менен диалог түзүүгө жакшы шарт түзөт. Себеби Орсуиянын банктары менен иштегиси келген жана насыя алгысы келген компанияларга рейтинг талап кылынат. Карыз алуучуларга рейтингдин болгонунун өзү – ачыктыктын, ишеничтин далили жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдүн сапатын да, жыйынтыгын арттырчу кошумча курал. Көбүн эсе, облигацияларды сатууга рейтинг талап кылынат. Бирок азыр компанияларга карыз кагаздары аркылуу акча тартуудан көрө, банктардан насыя алуу пайдалуураак.
- Коңшу өлкөлөрдүн рейтингдери да барбы?
- Өзбекстанга “ВВ–” жана Казакстанга “ВВВ+” деңгээлдериндеги рейтингдер ыйгарылган. Өзбекстанга ыйгарылган “ВВ–” Кыргызстандын рейтингинен бир тепкич жогору жана Казакстандын “ВВВ+” рейтингинен бир тепкич төмөн. Бул өлкөлөрдүн окшоштуктары да бар. Өкмөттөрдүн карыз жүгүнүн салыштырмалуу жеңилдиги, карызга салыштырмалуу алтын-акча резервдеринин көптүгү жана пайда алып келген кендердин бардыгы – бул коңшулардын төлөмгө жарамдуулугуна оң таасир тийгизет. Кыргызстандыкынан айрымаланып, Казакстандын бюджетинде дефицит жок жана ал өлкөнүн ири каржы базары бар. Өзбекстанда валюталык жагдай туруксуз жана бул жаатта мыйзамсыз келишимдер абдан көп. Биздин оюбузча, дал ушулар өлкөнүн финансылык коркунучтарын жогорулатат.
Маалымат үчүн
Жогоруда сөз болгон өлкөлөрдөн тышкары, мурдагы Советтер Союзундагы мамлекеттерден Орусиянын рейтинги эң жогору – “А–“. Андан соң, Латвия – “ВВВ–”, Беларусь – “ВВ–” жана Украина – “В+”.
“Эксперт РА” агенттигинде “ААА” эң бийик рейтинг, ал эми эң төмөнкүсү – “D”. Рейтингдер шкаласы өзүнө “АА”, “А”, “ВВВ”, “ВВ”, “В”, “ССС”, “СС”, “С” өңдүү рейтингдерди камтып, “+” же “–“ кошумча белгилери менен коштолушу мүмкүн.