Кенди иштетүү укугун сатып алган орусиялык “Восток геологодобыча” компаниясы социалдык милдеттенмелерин аткара баштамак.
Ал тургай кенди казуу укугун сатып алган компания аны кайра башка бир чет элдик корпорацияга сатып жибергени тууралуу маалымат тарады. Бул тармактагы адистер былтыр тендер туура эмес өткөрүлгөнүн айтып, мамлекеттин кызыкчылыгы четте калганын белгилешүүдө.
“Унчукпай" калган убакыт, убара болгон убадалар
Өкмөттүн буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, Жерүй алтын кенин казып алуу иши быйыл 1-марттан башталып, өндүрүш ишке кирмек. Бирок ушул күнгө чейин Жерүйдө алтын казууну колго алып, өндүрүштү жолго коюуга даярдык байкала элек. Ошол эле кезде буга чейин аталган алтын кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундардын айрымдары каршы болсо, кээ бирлери колдогон эле.
Азыр ал жакта кандай иш жүрүп жатканы белгисиз. Аны компаниядан такташ керек. Ошол эле кезде аталган лицензия башка бирөөгө кайра сатылып кетти деген расмий маалымат да жок.Рыспек Токтоналиев
Бул арада “Азаттыктын” ишенимдүү булагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун сатып алган орусиялык компания аны үчүнчү бир тарапка сатып жибергени тууралуу билдирди. Маалыматты тактоо үчүн “Восток геологодобыча” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө чалып, бирок жооп алалган жокпуз.
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалымат катчысы Рыспек Токтоналиев Жерүй алтын кениндеги соңку жагдай тууралуу анда так маалымат жоктугун айтты:
- Директордун айтымында, өндүрүш 1-марттан башталып, ошол аймакта жол куруу, суу чыгаруу, адистерди даярдоо сыяктуу бир топ социалдык долбоорлор дагы ишке киришмек. Азыр ал жакта кандай иш жүрүп жатканы белгисиз. Аны компаниядан такташ керек. Ошол эле кезде аталган лицензия башка бирөөгө кайра сатылып кетти деген расмий маалымат да жок.
Тендерден кеткен кемчилик
Былтыр кенди иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Восток геологодобыча” компаниясы тендердин шартына ылайык, өкмөткө 100 миллион доллар төлөгөн. Анын эсебинен өкмөт 170 миллион сомду Талас облусуна, 170 миллион сомду Талас районуна, 170 миллион сомун кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлгөн. Мындан тышкары өкмөт кенди иштетүү укугун саткан каражаттын эсебинен жакынкы жылдары Кыргызстанда жүз жаңы мектеп курулуп, дагы жүз мектеп оңдоодон өтө турганын убада кылган.
Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов өкмөт бул иште коомчулуктун көзүн боёп, орусиялык компания менен келишим түзүлбөй калган жагдайга токтолду:
- Тендерден лицензияны мына ошондой туура эмес жол менен алып, анан итке сөөк ыргыткандай кылып, компания болбогон бир каражат салуу менен чектелди. Ошол тендер шарты боюнча 100 миллион доллар төккөндөн кийин ал биздин өкмөт менен башкы келишимге кол коюшу керек эле. Ага ылайык казылган алтынды же кирешени бөлүүгө тийиш болчу. Бирок 100 миллион доллар бергенден кийин келишим тууралуу оозанган бирөө болбоду. Бул жерде эки тарап келишип алып, келишим түздүрбөй койгон. Алар акчаны төлөгөндөн кийин эми кенди каалагандай калчайбыз деген ниетте турушат. Ошон үчүн ал компания азыр бизге милдеттүү эмес.
Жерүй кени буга чейинки 23 жыл аралыгында колдон-колго өтүп, сегиз жолу сатыкка түштү. Учурда Жерүйдө 84 тонна таза алтын бар экени аныкталган. Азыр дүйнөлүк базарда алтындын бир унциясынын баасы 1200 доллар турат. Ошону менен эсептегенде 84 тонна алтындын баасы 3 миллиард 200 миллион доллар болот. Бирок 100 миллион доллар төлөгөн “Восток-геологодобыча” кенге теңшериксиз укук алган. Анткен менен тендерде англиялык инвестор менен бирге тендерге катышкан “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасы бир топ ыңгайлуу шарттарды сунуштаганы менен ал өтпөй калган.
“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын төрага орун басары Сагынбек Абдрахманов былтыр тендердин шарты одоно бузулганын айтты:
- Биз нааразы болгон себеп. Ал орусиялык компанияга салыштырмалуу, биз шарта ылайык мамлекетке 111 миллион берели дегенбиз. “Восток геологодобыча” компаниясы "100 миллион беребиз" деп эле утуп кетти. Биздикилер кендин 50 пайыз үлүшүн калтыруу сунушун берген. Тигил компания болсо эч нерсе берген жок. Бир топ ыңгайлуу шарттарды сунуштаган биздин “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы менен өнөктөш болгон компанияга иштетүү укугун бербей койгону кызык болду да. Мамлекеттик кызыкчылык эске алынбай, ич ара коррупциялык байланыш жеңип кетти.
Сариев: Тендер таза өткөн
Ошол эле кезде өкмөт башчысы Темир Сариев Жерүй алтын кенин иштетүү укугу таза жана ачык-айкын сатылды деп билдирүү жасаган. Ошого карабастан жергиликтүү тургундар алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып жатканына кейиген Темир Сариев бул долбоордо анын же башка мамлекет жетекчилеринин жеке кызыкчылыгы жок экенин мындайча түшүндүргөн болчу:
- Эгерде мамлекетте өкмөт башчысы катары мен же президент жеп-ичип алса, ушунчалык нааразы болсо жарашмак. “Эй жеп-ичип жатасыңар, токтоткула” десе, элдин күчү болмок. Жөндөн жөн эле “иштетпейбиз” деп каршы чыга берген болобу? Ал эми тендер таптаза өткөн...
Жерүй алтын кени андагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турат. Жерүйдө СССР кезинде эле геологдор 90 тоннадан ашуун алтындын запасы бар экенин чалгындап чыгышкан. Бирок алтын кени ишке кирбей, анын лицензиялары арзан баада сатылып алынып, эл аралык биржаларда кымбатка соодаланып жатканы буга чейин парламентте көтөрүлүп келген эле.