Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Православ орозосунун өзгөчөлүгү


Ыйык чокундуруу жөрөлгөсү Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдалган соң белгиленет. Ош шаарындагы православдар. 2015-жыл
Ыйык чокундуруу жөрөлгөсү Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдалган соң белгиленет. Ош шаарындагы православдар. 2015-жыл

Быйыл православ христиандардын улуу орозосу 27-февралда, масленица майрамынан кийин башталды. Ал жети жумага созулуп, 16-апрелде Пасха майрамы менен жыйынтыкталат. Христиандардын орозосу мусулмандардын орозосунан эмнеси менен айырмаланат?

Кыргызстандык православ-христиандар башкалар сыяктуу эле улуу орозого үч апта даярданып, бул аралыкта кыш узатар “масленица” майрамын шаңдуу майрамдашты.

Мария жетимиш жашка келгенде гана кудайын таанып, чиркөөдө ырааттуу сыйынып, диний ырым-жырымдарга катыша баштаган. Беш жылдан бери орозо кармап жүргөн экен.

Мариянын айтымында, христиан орозосунун биринчи күнүндө тамак жегенге болбойт. Эртеси нан менен суудан татууга уруксат берилет. Кийинки эки күндө чийки азыктарды жеп, анын эртеси май кошулбаган ысык тамак ичсе болот:

- Этти, майлуу тамакты жебейм, сүт азыктарын ичпейм. Орозодо ар бир христиан тамак-аштан эле баш тартпай, руханий жактан да тазаланышы керек. Бирөө менен урушканга болбойт. Кечиримдүү болгонуң жакшы. Көркөм адабий китептерди окуп, рухий жактан жаңыланууга умтулган дурус. Биз бул айда эң башкысы өзүбүздүн жан дүйнөбүздү тарбиялайбыз.

Православ ишенимидеги дагы бир жердешибиз Света улуу орозо адамдын рухий дүйнөсүн эле тазартпастан, саламаттыгын жана эркин чыңдайт дейт:

- Светтик адабияттарда ден соолукту чыңдоо үчүн ачка болуу, чийки тамактар жакшы натыйжа берери жазылган. Мисалы, жер-жемиштерде, жашылчаларда көптөгөн витаминдер, минаралдык заттар бар эмеспи.

Кыргыз улуттук университетинин дин таануу кафедрасынын доценти Бакыт Мааткеримовдун айтымында, адамдын жан дүйнөсүн тазалоо, саламаттыгын чыңдоо максатын көздөгөн бул өңдүү жөрөлгөлөр бардык диндерде бар:

- Жаңы доордун өкүлдөрү, жаңы адамдар бул диний түшүнүктөрдү ар кандай кабыл алышы мүмкүн. Бирок мында эң башкысы - адамды сабырдуулукка тарбиялоо. Мындай милдет бардык эле диндерде кездешет. Мисалы, бутпарастар азап чегүүнүн жолун тандаса, ислам дининде орозо айында өзүн өзү чектөө, сактоо бар. Диндерде мындай ыкмалар инсандарды сабырдуулукка үйрөтүүнүн бирден бир жолу катары каралат.

Православдардын улуу орозосун туткан киши ар бир аптага, анын ичинде ар бир күнгө түзүлгөн календардын негизинде тамактануусу керек.

Белгиленген календарга ылайык жети жума катары менен ар аптанын баштапкы күндөрү жалаң чийки же кайнатылган азыктар менен азыктанганга гана мүмкүн болсо, ишемби, жекшемби күндөрү өсүмдүк майы аралашкан кайнатма жана шарап ичкенге уруксат берилет. Эт азыктарынын ичинен алтынчы жумалыкта гана балык, икра жесе болот.

Анткен менен сурамжылоого караганда православдардын улуу орозосун дээрлик улуу муундагылар кармап, жаштар арасында анча кеңири жайылган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG