Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Володиндин сапары шайлоого камылгабы?


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. 2017-жыл, 28-июнь
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. 2017-жыл, 28-июнь

28-июнда Кыргызстанга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келип, президент Алмазбек Атамбаев жана парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушту.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаганы ага Орусиянын таасири тууралуу сөздөр кызыды. Ушул күндөрү орусиялык лидерлердин Кыргызстанга сапарын да буга байланыштыргандар бар.

Володиндин Кыргызстанга расмий сапары, анын Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, президент Алмазбек Атамбаев менен чакан жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары тууралуу кыска маалыматтар гана берилди.

Орусия президенти Путин жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин
Орусия президенти Путин жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин

Бул расмий жолугушууда эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгын кубаттоо, өркүндөтүү маанайында пикир алмашуу болгон. Анда Мамдума төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстандын Орусияга 240 миллион доллар карызын кечүү тууралуу орус президентинин чечимин кубаттай турганын билдирди:

- Президентибиздин чечимин бардык кесиптештер, алар ар кандай саясий күчтөрдөн турганына карабастан колдойт. Анткени ал стратегиялык өнөктөштүккө жана мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жолугушуудан кийин журналисттерге билдиришинче, Володин баштаган Орусия парламентарийлери менен миграция, ЕАЭБ алкагындагы маселелер талкууланды жана ал жемиштүү болгон.

Орусия менен кызматташтык боюнча депутаттык топтун мүчөсү, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүдөгү парламенттердин ролу талкууланды:

- Биз Орусия менен бир топ уюмдарда мүчө катары кызматташабыз. Андагы мыйзамдарды депутаттар иштеп чыгып, бекитет. Бүгүн парламент аралык комиссия көйгөйлөрдү ачык-айкын айтып иштешели деп сүйлөштүк.

Жогорку Кеңеште ушундай эле жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр келерки аптада Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун катышуусунда өтөрү күтүлүп жатат.

Орусиянын шайлоодогу кызыкчылыгы

Ал эми Володиндин сапарын орусиялык жана жергиликтүү эксперттер Кыргызстандагы президенттик шайлоого байлап жатышат. Маселен, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов өзүнүн Фейсбук баракчасына Мамдума төрагасынын расмий сапарынын программасын сейрек жагдай катары баалап, "Москва Атамбаевдин талапкери Жээнбековду сынайт, Орусия бир талапкерге токтоло элек" дегендей пикирин жазды.

Ал эми жергиликтүү серепчи Медет Түлегенов болсо мындай пикирде:

- Кандай болгон күндө да Орусиянын Кыргызстанга кызыкчылыгы чоң. Албетте алар мына ушул президент алмашуу мезгилине көз салат. Менимче, Орусия Кыргызстанга болгон так аныктап алган. Президенттик, парламенттик шайлоодо ким жеңбесин Орусиянын таасири азайбайт. Андыктан Орусия шайлоо саясатына кийлигишип, бир талапкерге басып жасабайт.

Собянин: Орусия бийлиги иштеп жаткан режимди колдойт

28-июнда Думанын спикери Вячеслав Володиндин, эмки жумада Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун келиши эмнеге байланыштуу? Бул сапарларда «эки тараптуу алака жана парламенттик кызматташтык» гана талкууланабы же башка да максаттар барбы? Эмне үчүн кыргызстандык талапкерлер Орусияга ыктоону артык көрүшөт?

Орусиядагы чек аралык кызматташтык Ассоциациясынын стратегиялык пландоо кызматынын жетекчиси, саясат талдоочу Александр Собянинди кепке тарттык.

Собянин: Максат көрүнүп эле турат. Аны микроскоп менен издөөнүн кереги жок. Жогорку жетекчилердин саясий колдоосун көрсөтүү жана мамлекеттик сапар, Кыргызстан менен стратегиялык кызматташтык тууралуу декларацияга кол коюу учурундагы орус президенти Владимир Путиндин Алмазбек Атамбаевге болгон колдоосун улантуу. Албетте калган жогорку жетекчилер да өз лидери менен бирге быйылкы президенттик шайлоонун алкагында Атамбаевге өтө керек, маанилүү кол кабыш көрсөтүшөт. Башка жасалма себептерди издөөнүн кереги жок. Орусия дайыма иштеп жаткан режимди колдойт.

Кыргызстан менен Тажикстан коопсуздук жагынан маанилүү орунда болгондуктан ушундай кубаттоо орус президенти, премьер-министри, Дума менен Федерация кеңеши жана башка аткаминерлер тарабынан болуп турат. Ал эми бардык талапкерлер, анын ичинде Жээнбеков дагы башка саясий күчтөргө байланышкан маселе. Орусия жетекчилиги бирдиктүү колдоону Жээнбековго эмес, Атамбаевге көрсөтөт.

"Азаттык": Ошол эле учурда мамлекеттен тышкары да кандайдыр таасир эткиси келген саясий күчтөр бар да. Алардын таасири салмактуу деп ойлойсузбу?

Собянин: Орусияда таптакыр башка талапкерлерди колдогон түрдүү топтор бар. Бул нормалдуу көрүнүш. Өлкө катары иштеп жаткан президентке колдоо көрсөтүп жатса, ал эми башкалар, маселен отставкадагы аскер адамдары, таасирдүү саясатчылар, өнөктөштөрү бар кандайдыр каржы-өндүрүштүк топтор да албетте таасир этет.

Менимче, Кыргызстанда кайсы гана талапкер жеңбесин геосаясий жактан алганда жүзүн буруп кетпейт, өлкөдө олуттуу улут аралык кагылыш, географиялык принцип боюнча бөлүнүү болбойт. Ошондуктан эл өзү, саясий партиялар өз ара күрөш аркылуу тандашат.

"Азаттык": Жогорудагы сиздин оюңузду уласак, анда ким жеңбесин өлкөдө орусиячыл талапкер шайланат дегенди билдиреби?

Собянин: Кандайдыр бир деңгээлде бардык талапкерлер негизинен орусиячылдар. Антиорусиялык талапкер жок. Орусиядагы мигранттар Кыргызстандын бюджетине ири өлчөмдө акча салып эле турбастан, чоң таасири да бар экенин эске алганда ушу тапта антиорусиячыл талапкер чыгарын элестетүү кыйын.

"Азаттык": Бирок көптөр талапкерлердин чет өлкөлөргө каттап, кимдир бирөөнүн макулдугун алууга кызыкдарлыгына нааразы. Алар мындай кадамдар улуттук кызыкчылыкка шайкеш эмес деген ойдо. Эгемен мамлекеттин жетекчиси мындай маселелерди өз мекенинде чечиши керек да, ыраспы?

Собянин: Эмнеге ал жолду жабуу керек? Кыргыз саясатчыларынан кимдир бирөө Евразиялык процессти үзгүлтүккө учураткысы келеби? Же Кыргызстандын геосаясий багытын бургусу келеби? Кыргызстандык саясатчылар Астана менен Москвага барууну токтотушу үчүн ал саясатчылар казак менен орустарды жаман көрүшү керек. Бирок андай жок да. Кыргызстандыктардын кызыкчылыктарына төп келген нерселерди жасоого эмнеге тоскоол болуу керек? Достук, албетте жардам дагы элдин кызыкчылыгына төп келет.

"Азаттык": Бирок ички маселелерди чек арадан чыкпай туруп деле чечсе болот да?

Собянин: Бирок Кыргызстанда өлкөнүн ичинде гана, союздаштарга таянбай туруп чече турган олуттуу, каржы-экономикалык, энергетикалык, транспорттук маселе барбы? Бардык экономика, коомчулуктун өнүгүүсүнө байланыштуу маселелердин баары кандайдыр деңгээлде эл аралык кызматташтык менен байланыштуу болуп жатпайбы.

Путин Атамбаев экөө стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюшпадыбы. Карап көрөлү, стратегиялык өнөктөштүк маанилүүбү же кандайдыр саясий күчтүн биз темир парданы жабабыз дегениби?

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия сапарынан кийинки маалымат жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президент болууга татыктуу деп, КСДПнын бул тандоосун колдогон. Ага чейин саясий айдыңда чыккан парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков дагы талапкер болушу ыктымал деген божомолдор басыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG