Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

Укчу, кыргыз!


Эмнеге биздин жашоо татаал болду?
Кыргыз деген өтсө дагы татаал жолду.
Ишенип ушундай жер берилсе да,
Кыргыздар, бири-бирин колдободу?!

Илгертен ак сакал, карыялар
Тарбия насаат берчү жаш балдарга,
Ал эми азыркы карыялар,
Алы да келбей калды тарбиялаганга!!!

Карасаңар илгерки кыргыз бабаларын,
Жаңылышсам, тапчы каталарын?!
Таппасаң, билгин бул не белгиси,
Аларда болгон эмес башчылыкка келгиси!!!

Кылымдардан кылымдарга кыргыз тилин сакташкан,
Орустарга кошулсак да, кыргыз тилди сатпашкан!
Башка тилди билбесе да,
Кыргызмын деп, кыргыз тилин макташкан!!!

Бирден кырып жок кылса да,
Бирин колдоп жашашкан.
Кордоп чырдап, чачса дагы,
Намыстарын сакташкан!!!

А биз болсо намыс үчүн,
Унуттук кыргыз тилди,
Билбейбиз улут күчүн,
Чанганбыз кыргыз дилди!!!

Орусча билип, таптыңбы сен пайдасың?!
Айтчы кана кыргыз намыс кайдасың?!
Айтчы кана, кайран кыргыз намысын,
Тапсаң эгер бүт дүйнөбүз карысын!!!

Карачы айланаңды эмне көрүп жатасың?!
Жерге башты салсаң, аны кайда катасың?!
Ойлончу кыргызсыңбы, улутуң неге жаралган?
Билгиниң сен, Эр Манастын бир өзүнөн тараган!!!

Ырларды толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Миргел уулу Адилет, Жалал-Абад
XS
SM
MD
LG