Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Эне-баланын эски таарынычты козгогон чыры


Иллюстрация
Иллюстрация

Элнура Жумабекова аттуу келин "Азаттыкка" кайрылып, өгөй энеси баласын талашып жана жашап жаткан үйүнөн кууп жатканын айтып арызданды.

Эки жашынан тартып өгөй эненин колунда чоңойгон кыз үйдө зомбулукка туш болуп, анын кесепетинен оорукчан болуп калганын айтып жатат.

"Азаттыкка" арызданып кайрылган Элнура Жумабекова өзү телефонго тартып алган видеосун көргөзүп, анда Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын өкүлү жана милициянын кызматкери ал жашаган үйдүн эшигин ачууга аракет кылып жатканын айтат. Буга өгөй энеси Жүзүмкан Балыкованын "баланы карай албайт, аны өлтүргөнү жатат" деген арызы себеп болгон.

Жумабекова өгөй эненин колуна эки жашында барганын, бала кезинде анын ур-токмогуна кабылып, оор иштерге тартылганын айтып отурду.

- Мени кичинекей кезимден эле сабай берчү. Чачымдан сүйрөп тамга ургузуп, жүгөрү саттырып иштетчү. Тамак бербей, жеп жаткан нанымды, тамагымды алдымдан тартып алчу, "балээ жегир" деп. "Сен жетимсиң" деп кышында эшикке чыгарып салчу, кышкы өтүгүм жок туфли кийип чыкчумун. Кайра-кайра башыма токмок жей берип азыр башымда шишик бар, оор көтөрүп иштегендиктен белим ооруйт. Омурткам кыйшык, сколиоз. Экинчи балам беш айлык боюмда барда ичке тээп, балам чарчап калган.

Адвокат Эркин Айдаралиевдин айтымында, Элнуранын өгөй апасынын өзүнүн дагы уулу бар. Экөөлөп Элнураны сабап койгону үчүн аларга карата кылмыш иши козголуп, кийин бул иш тосмо арыз менен кайра кыскарган. Адвокат чыр-чатактын төркүнү батир талашка барып такаларын билдирди.

- Чынында эле жашап жаткан батир өгөй энесинин атына жазылган. Ошол жерден өгөй энеси Элнураны чыгара албай жатат. Ошондуктан кызынын үстүнөн арыз жазып, милициялар келип ызы-чуу болгондо иш козгоп, камап таштаган ал кызды. Кийин иш сотто кыскарып, жабылган. Кайра энеси акимиатка "кызын жакшы карабайт, аны коргоого алгыла" деп арыз жазып, баланы алганга аракет кылып жатат. Баласы экөө сабап салып, ал боюнча иш козголгон. "Башыңды дарылатканга, саламаттыгыңды текшергенге алты миң сом беребиз" деп тосмо арыз жаздырган. Тергөө учурунда психикалык ооруканадан текшерүүдөн өтүп, эч кандай каттоодо жок, оорубайт деген аныктама жазып беришкен. Өмүр бою токмок жеп жүрүп, башында шишик бар. Аны дарылатканга акчасы жок.

Турмушка чыгып, бир баласы менен ажырашкан Элнура үй-бүлөсүнүн бузулушуна дагы өгөй энеси себеп болгонун билдирүүдө. Аны күйөөсүнө, кайненесине жамандап жатып, ажыраштырып тынып, эми батирден чыгарып салуунун айласын издеп, "психикалык жактан оорулуу, баласын бага албайт, өлтүргөнү жатат" деп социалдык кызматкерлерге, милицияга кайрылып жатканын айтат. "Башка барар жерим жок" деген Элнура Свердлов райондук милициясына, Акыйкатчы институтуна кайрылып жардам ала албаптыр.

- Свердлов райондук милициядан эшигимди келип тепкилеп, өгөй энем дегенди укпай эшикти сындырып, ар кандай жалаа жаап келип жатат. Өгөй энемдин кызыкчылыгы үчүн баланы берип, мени бир жакка алып барып жаткырабыз деп алдын ала сүйлөшүп алышыптыр. Кайра-кайра келип жатышат. Адвокатка акча берип жатып акчам дагы түгөндү. Такыр алым келбей калды, булар менин артымдан жүрүшөт. Телефон сатып иштечүмүн. Тапкан акчамды да алып алышты.

"Өзүмдүн кызым, өгөй эмес"

Элнура айыптап жаткан Жүзүмкан Балыкова бардык дооматтарды четке кагып, аны тогуз ай көтөрүп төрөгөн өз кызы экенин белгиледи:

- Ушундай бир абалга туш кылды мени. Өзүм эле тогуз ай көтөрүп төрөдүм эле. Анан эле өгөйсүң дейт. Беш балам бар, бирөө каза болуп калган. Бул кичүү кызым. Эркелиги деп да жүрдүм, андан деле эмес экен. Мени тирүүлөй эле тозоктун отуна кармап келет. Актангандай болбоюн, өзүнчө да жашатып көрдүм. Эки жолу ооруканага алып бардык, албай койду. Ал жакка барганда туура сүйлөп калат. Мектепти деле эптеп бүттү. Үй алгам деп айтат, жүгөрү сатып кантип үй ала алсын?

Ал эми Свердлов райондук администрациянын аппарат башчысы Чыңгыз Байсов балдар иштери боюнча комиссия Элнура Жумабекованын үй-жайын көрүп келишкенин айтты. Анын айтымында, белгисиз бирөө баласын сабап жатат деп ишеним телефонго маалымат берген.

- Комиссия үй тиричилигин көрүп келишиптир. Азыр бала энеси менен жашап жаткан экен. Ал эми баласын сабап жатат деген маалымат ишеним телефонго түшүптүр. Ким жазганы белгисиз, ошонун негизинде комиссия барыптыр. Кошуналары менен жакшы эмес экен, баласы менен ойнобойт деп айтышыптыр.

Бишкек шаардык милициясы келиндин арыз жазуусун сунуш кылууда. Ал эми Свердлов райондук администрациясы бул ишти көзөмөлгө алып турарын билдирип жатат. Адвокаттын айтымында, ушул тапта Элнура Жумабекова моралдык, укуктук жана материалдык жардамга муктаж.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG