Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Партиялардын унутта калган убадалары


Жогорку Кеңеш, 4-ноябрь, 2015-жыл.
Жогорку Кеңеш, 4-ноябрь, 2015-жыл.

2015-жылы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялар ошол кезде берген убадаларынын 20% да аткара элек.

Politmer.kg сайты жүргүзүп жаткан талдоонун баштапкы жыйынтыгы беш жыл мурунку убадалардын жарымы да аткарыла элек экенин көрсөттү. Толук баяндама 2020-жылдын апрелинде жарыяланмакчы.

Наргиза Иманкулова.
Наргиза Иманкулова.

Ал арада быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоо жакындап, саясий партиялар жанданып, кайрадан ар кандай убадалар жаңыра баштады.

Politmer.kg сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева беш жыл муруңку убадаларга жүргүзүлүп жаткан байкоо жөнүндө айтып берди. Аны төмөндө угуңуз:

Жарымы да аткарылбаган убадалар (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

Politmer.kg басылмасынын адистери партиялардын, депутаттардын жана башка аткаминерлердин убадаларынын тизмектеп, сайтка жана «YouTube» порталындагы каналына жарыялап келатат.

Басылманын журналисттери жүргүзүп жаткан талдоонун баштапкы жыйынтыгына караганда, 2015-жылы парламенттин VI чакырылышына шайланган депутаттар жана алардын партиялары берген убадалардын 20% жакыны гана аткарылды.

Толугураак бул жактан угуңуз:

Жарымы да аткарылбаган убадалар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Politmer.kg сайты башында шайлоо алдындагы убадалардын статистикасына көңүл буруп, көбүрөөк ким кандай убада бергенин эсептеп чыккан. 2019-жылдын ноябрынан тартып убадалардын сапатына көңүл бурула баштады. Аягына чыга элек изилдөөнүн баштапкы натыйжасына ылайык, курулай чакырыктар, популисттик убадалар сап башына чыгып калды.

Маектин уландысын угуңуз:

Убадалардын жарымы да аткарыла элек (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Басылманын маалыматына караганда, Кыргызстанда партиялар көбүнчө популисттик мүнөздөгү саясий, экономикалык жана социалдык темадагы убадаларга, чакырыктарга басым жасашат. Маданият жана экология темасы дээрлик көтөрүлбөйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG