Улуттук статкомдун маалыматы боюнча бул жолу чет өлкөдө бир жылдан ашык жүргөн мигранттар эсепке алынбайт.
Орусияда 13 жылдан бери иштеп жүргөн Зулпидин Нурматов мындай кабардан чочулап турган кези. Ал кыргыз жараны, Баткен облусундагы Кызыл-Булак айылында каттоодо турат, үлүш жери да бар.
Москвада аялы, эки баласы менен жашаган Зулпидин мигранттарды расмий каттоодо эсепке албай коюу менен алардын кызыкчылыктары эске алынбай калабы деген ойдо.
- Чет өлкөдө бир миллиондон ашык эл жүрөт. Эмне үчүн алар эсепке алынбашы керек? Кантип Эл каттоого кирбей калабыз? Керек болсо, Москвага келип, бизди каттоого алуу керек.
Улуттук статистикалык комитет мындай чектөө өлкөдөгү социалдык- экономикалык, демографиялык абалды, туруктуу жашаган адамдардын санын так көрсөтөрү менен түшүндүрүүдө.
Мекеменин статистикалык каттоо жана демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева мындай норма КМШ алкагында киргизилип жатканын билдирди.
- Быйыл октябрдан баштап келерки жылдын октябрына чейин КМШ өлкөлөрүндө калкты каттоо өтөт. Бул процесс Европа статисттеринин Конференциясынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө адамдардын санын так аныктоо үчүн жасалууда. Ал үчүн бир жылдан ашык өлкөнүн сыртында жүргөндөр эсепке алынбашы керек деген талап жазылган. Мисалы, Орусияда да ушундай эле Эл каттоо жүргүзүлөт. Ал жактагы кыргызстандыктар Орусиядагы калктын санына кирип калат. Буга кошумча Кыргызстандын «Эл жана турак жай фондунун каттоосу» жөнүндө деген мыйзам бар. Ага ылайык адамдар жарандыгы, жашаган жери, каттоосуна карабай, оозеки берген маалыматы боюнча өлкөдө катталат.
Чыныбаеванын айтымында, чет өлкөдө иштеген мигранттар тууралуу маалымат өзүнчө чогултулат. Ошондой эле үй-бүлөдөн миграцияга кеткен адамдын учурда жүргөн жери, акча которуулары тууралуу маалымат топтолот.
- Мигранттарга атайын 4-форма түздүк. Чет жакта иштеген мигранттар тууралуу алардын жакындары маалымат берип, ошол өзүнчө тизмеге киргизсе болот. Алар да эсептелинет. Бирок бир жылдан ашык өлкөдөн сырткары жүргөн адамдар каттоодо калктын жалпы санына кирбейт.
Чет жакта иштегендердин ичинен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери үй-бүлөсү менен каттоого алынат. Ошондой эле Кыргызстандагы чет өлкөлүк мигранттар да каттоого алынып, алардын өлкөгө келген максаттары сурамжыланат.
Эл аралык талаптарга ылайык үлгүдө түзүлгөн жаңы каттоо баракчалары боюнча адамдарды каттоо мартта Чүй облусунан башталат.
Ошол эле Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандагы калктын саны 6 млн. 400 миңдин тегерегинде. Ал эми Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлөрдө 710 миңдей кыргызстандык миграцияда жүргөнүн кабарлап келет.
«Борбор Азия кыймылда» жарандык платформасынын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева бул каттоодо сыртта жүргөн миллиондой мигрантты эсепке албай коюуга болбостугун белгиледи:
- Мигранттардын каттоого алынбай турганын укканда эле «Кайсы мыйзамдын, норманын негизинде?», «Мигранттардын шайлоо укуктары эмне болот?» деген бир нече суроолор менен бул өкмөттүк мекемеге кайрылганбыз. Расмий толук түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп, жолдомо да жөнөткөнбүз. Мындай чектөөнү ар тараптан карап, бардык коркунуч, артыкчылыктарын эске алуу керек. Азыр көп нерсе түшүнүксүз. Мисалы, айыл-аймактардагы калктын санына жараша өкмөттөн социалдык, экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо багыттарына бюджет бөлүнүп турат. Анан чет жакта иштеп жүргөн мигранттарыбызды эсепке албай койсок, алар өкмөттүн социалдык камкордугунан тышкары калышабы деген коркунуч пайда болот. Алар баары бир мекенге кайтышын күтөбүз да.
Бозгорпоеванын белгилешинче, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, демографиялык абалды так аныктоого алгач жалпы коомчулукка Эл каттоонун жаңы талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Кыргызстанда акыркы жолу калкты каттоо 2009-жылы жүргүзүлгөн. Анда өлкөдөгү элдин саны 5 млн. 363 миңди түзүп, чет өлкөдө бир жылдан ашык жашап жүргөн адамдар да эсепке алынган.