Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Президенттин кеңешчиси сурак берди


Дастан Догоев жана Сооронбай Жээнбеков.
Дастан Догоев жана Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сегиз саатка чукул сурак берип чыкты.

Маалыматка ылайык, ал биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендерге байланыштуу козголгон иште күбө катары чакырылган.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиеванын маалыматына караганда, УКМКнын кызматкерлери Дастан Догоевди 8-майда саат 11лерде алып кеткен. Бул тууралуу ага Догоевдин кесиптештери билдирген.

Догоев УКМКда дээрлик сегиз саатка чукул сурак берип чыкты. Адвокат Бакыт Осмоналиев Догоев биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендерге байланыштуу козголгон иште күбө катары чакырылганын билдирди.

«Буга чейин тендерге байланыштуу балдар кармалбады беле, Дастан Догоев ошол иш боюнча күбө катары суралды. Андан башка эч нерсе болгон жок. «Тендерге тиешеси барбы же жокпу?» деген суроо болду. Тиешеси жок экенин айттык. Ошону менен сурак бүттү».

Дастан Догоевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Догоевге байланыштуу эч кандай маалымат бербей жатат.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева Догоев сурактан чыккандан кийин аны менен кенен сүйлөшө албаганын айтты.

«Догоев бул жөн гана сурак болгонун жана аялы ооруканада жатканын айтып эле шашып кетип калды. Кенен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок».

Быйыл 22-февралда биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен деген негизде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Башкы прокуратура бул фактыны «Коррупция» беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Башкы көзөмөл органы паспортко бланктарды даярдоо боюнча мыйзам бузуудан мамлекет 253 млн. 377 миң сом зыян тартканын маалымдаган. Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар адамдар катары жалпысынан 15 кишинин аты-жөнү аталып, арасына Догоевдин ысымы да киргизилген.

Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган. 26-апрелде Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Камакка алынгандарды колдоп келаткан укук коргоочу Рита Карасартова абакта жаткан IT адистердин бөгөт чарасы каралып жатканда тергөөчүлөр Догоев да камаларын айтышканын билдирди.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Биз сотто көпкө чейин отурдук. Тергөөчүлөр Догоевди «кийинкиси сенсиң» деп кекетип ары-бери баскандарын көргөнбүз. Паспорт боюнча тендердик комиссияны жетектеген адамдын бөгөт чарасын өзгөртүп коюшту, ал эми IT кызматкерлерине чабуул жасап жатышат».

Буга чейин айрым IT адистер акыркы камоолор Кыргызстандагы санариптештирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Биометрикалык паспорттордун тендерине байланыштуу кырдаалга карата президент Сооронбай Жээнбеков да пикирин билдирип, жарандык коомду шашылыш тыянак чыгарбоого үндөгөн. Ал бул тууралуу 22-апрелде Ошто санариптештирүү маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып билдирген.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тендер чырына байланыштуу кармалды. Мен коомдун пикирин урматтайм. Жарандык коом күчтүү болгону, жарандар мамлекеттик маселеге кайдыгер карабаганы - жакшы көрүнүш. Бирок тендердин айланасында суроо көп. Ошондуктан шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырам. Баары мыйзам чегинде болууга тийиш. Мыйзам баарына бирдей. Эгер ал бузулса, ким болушуна карабай, жоопкерчиликке тартылат».

Дастан Догоев 2017-2018-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ал бул кызматтан өз ыктыяры менен былтыр февраль айында кеткен жана аны жеке жагдайына байланыштырган.

2018-жылдын июнь айында Догоев президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Ал президентке караштуу санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңештин жетекчиси.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG