Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Мурдагы мэрге дагы бир иш козголду


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы мэр бул ирет "ТНК Дастан" ишканасына тиешелүү "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шектелип жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Албек Ибраимов бул иш тууралуу 17-январда кабардар болгон.

Козголгон ишке ылайык, ал Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча шектелип жатат.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, Албек Ибраимов президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп турган кезде "ТНК Дастан" мамлекеттик ишканасынын Ю.В. аттуу башкармалык төрагасына буйрук берип, "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын төмөн баа менен саттырган. Натыйжада мындан мамлекетке 82 750 556 сом зыян келтирилген.

- Тергөөдө президенттин аппарат башчысынын жетекчилиги жана көрсөтмөсү менен "ТНК Дастан" ишканасынын төрагасы "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын ылдый баада сатып, жыйынтыгында "ТНК Дастан" ишканасы 82 750 556 сом чыгымга учураган. Белгилей кетсек "ТНК Дастан" ишканасынын 98% мамлекетке тиешелүү. Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө "Күнөстүү жээк" пансионатынын М.Б. аттуу азыркы ээси мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен мамлекеттин эсебине которуп берди.

Пансионаттын азыркы кожоюну ким экени, арзандатылган баада убагында ким сатып алганы тууралуу маалыматтар ачык айтылган жок.

УКМК былтыр 12-июлда “Күнөстүү жээк” пансионатынын акциялары төмөн баада сатылып кеткенине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же таратып жок кылуу") ылайык мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу "ТНК Дастан” ишканасынын башкармалыгынын башчысы Юрий Васильевди камаган.

Анда “ТНК Дастан” Ысык-Көлдүн жээгиндеги 11,7 гектар жерде жайгашкан пансионаттын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылганы, 2013-жылдын 15-февралында Васильев пансионатты бир жаранга сатуу тууралуу келишимге кол койгону кабарланган. Эсеп палатасы бул келишимдин натыйжасында “ТНК Дастандын” жоготуулары 128 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөнүн аныктап чыккан.

Мындан көп өтпөй, 19-июлда "Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айып менен экс-мэр Албек Ибраимов камакка алынган. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

Ал эми адвокат Сергей Слесарев "Күнөстүү жээк" пансионаты сатылган учурда Ибраимов "ТНК Дастандын" төрагасы болуп иштебей калганын билдирди. Жактоочу экс-мэрди болушунча каралоо аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

- Тергөө бул ишке Ибраимов катышкан деп шек санап жатат. Пансионат арзандатылган баада сатылып кеткен дешүүдө. Адвокат катары мага жеткен материалдарга карап айтсам, "Күнөстүү жээк" директорлор кеңешинин уруксаты менен сатылган. Экинчиден, анын баасы атайын уюм тарабынан баалаган. Үчүнчүдөн, Мамлекеттик мүлк фонду аны сатууга уруксат берген. Анын сатылышы мына ушул чечимдерди аткаруу гана болуп жатат.

Албек Ибраимовдун аты аталган "Дастан" ишканасы жана жерге байланыштуу иштер боюнча соттук териштирүү 15-январда башталган. Айыпталуучунун материалдар менен таанышуу өтүнүчүнөн улам сот 28-январга жылдырылган.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Дастанга" тиешелүү жерлер арзан сатылып кеткенин 2016-жылы эле көтөрүп чыккан. Фракциянын азыркы лидери Алмамбет Шыкмаматов ошондо прокуратура органдары көңүл бурбай койгонун белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- 82 млн. сомду мойнуна алып, кайра мамлекетке төлөп берип жатпайбы. Демек аныкталганы ушул. Биздин маалымат боюнча арзан баада бир фирма сатып алган. Ошондо УКМК, Башкы прокуратура көрмөксөн болуп койгон. Бирок азыркы резонанстуу иштер чиновниктерге сөзсүз сабак болот. Аткаминерлер бир топ тыйылып калды.

Юрист Кайрат Осмоналиев ар бир ишке укуктук баа берилип, жемкорлукка аралашкан аткаминерлерди бирдей жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. "Коррупциянын негизги себеби чиновниктердин ачкөздүгүндө", - деген юрист аткаминерлердин мал-мүлкүнүн мыйзамдуулугун текшерип чыгууну сунуштап жатат.

- Бир топ саясатчылар коррупцияга малынып кеткен. Ошол эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү губернатор болуп турганда пансионаттарды кантип тоногонун баары билет. Ошондуктан жалгыз эле Албек Ибраимовду эмес, башка аткаминерлерди да бирдей жоопкерчиликке тартыш керек. Былтыр 8-февралда Коопсуздук кеңешинин биринчи отурумунда коррупция боюнча атайын талкуу өтүп, бир топ иш-чаралар көрсөтүлгөн. Ошондон бери эмне иштер аткарылды, отчет берилиши керек. Албек Ибраимовдун жаңы кылмыш иштери, былыктары чыгып жатканы бир мисал. Бирок мындай иштер адилеттүү болушу керек. Мурдагы президенттин тушунда иштеп, азыр да мамлекет башчынын тегерегинде жүргөндөрдү да текшерип, жоопкерчилигин кароо зарыл.

​Былтыр Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында паракорчулук сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын айынан азайбай жатканын билдирген. Ал "чоӊ кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогору эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды" деген мазмундагы даттануу көбөйгөнүн белгилеген.

Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин мүчөсү, эл өкүлү Зарылбек Рысалиев жер сатуу боюнча жазаларды катаалдаштыруу керек деген пикирде. Депутат бул ишке кимдер аралашып, кимдер сатып алганын ачык айтып чыгуу керек деп эсептейт.

- Коррупция менен күрөштө радикалдуу чараларды көрбөсө оңолбойт. Албек канчалык актанган күндө деле мамлекетке тиешелүү жерди менчикке чыгарып алып анан бирөөгө сатып, ошол жерге там салып, суунун нугун буруп отуруп алганга чебер. Колунда бар бай-манаптын баары эле суу башына там сала берсе, Кыргызстандын келечеги кандай болот?

Мындан тышкары Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акчанын өөнөлүшү боюнча да айыпталып жатат. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мектеп курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG