Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

ЕАЭБ шарттары ишкерлерди кыйнай баштады


"Кара-Суу" базары
"Кара-Суу" базары

Кыргызстандын Кытай менен чектеш Эркеч-Там жана Торугарт бажы бекеттеринде товар ташыган автоунаалар Кыргызстанга кирбей турушат.

Бажы кызматы Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу товарларга керектүү документтер тизмеги өзгөргөнүн айтышууда. Ишкерлер орто жолдо ири чыгымга учурап жатканын билдиришип, бажычылар товарларга жаңы баалар коюла электигинин айынан көп күн талаада түнөп жатканын маалымдашты.

Кытайдан жүк ташыган Адилет Айталиев эки жумадан бери Кыргызстандын Кытай менен чектеш Эркеч-Там бажы бекетинде турат. Коңшу өлкөдөн кийим-кечектерди алып келаткан айдоочу, 20-августта Кара-Суу базарына барып калууну пландаштырган. Бажы бекетинде ал жүктөп келаткан товарларына жаңы баа коюла электигин айтышып, ушул убакытка чейин кармап турушканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Азыр көптөгөн КаМАЗ турат. Көпчүлүк айдоочулар үйлөрүнө кетип калды. Биз болсо бажыны ачканча күтүп отурабыз. Мен кийим-кечектерди алып келаткам, бардыгы Кытайдан чыккан товарлар. Бажычылар товарларга жаңы баа келе элек, жогору жактан буйрук болсо эле ачабыз деп атышат.

Бажы кызматы Эркеч-Там бажы өткөрмөсүндө 63 оор жүк ташуучу унаанын тийиштүү документтери жок болгонуна байланыштуу терминалда өткөрүлбөй турганын кабарлайт. Ош бажысынын жетекчиси Алтынбек Торутаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ЕАЭБдин жаңы нормаларына ылайык жүктөрдүн документтери толук болбой жатат. Көпчүлүк айдоочуларда товарды коштогон документтери жок болуп, товардын коддору Кытайдан туура эмес түзүлүп келген.

- ЕАЭБдин талабына жараша документтериңерди оңдоп келгиле деген тапшырмаларды бердик. Көпчүлүк товарлар кытай тилинде келип жатат. Унаалары терминалда токтоп турат. Буга чейин документтерди текшерүү жөнөкөйлөштүрүлгөн негизде болсо, эми ЕАЭБдин нормаларына ылайык тыкыр көзөмөлгө алабыз. Товар кайдан алынганы, кимге баратканы тууралуу да документтери жок болуп жатат, – деди Торутаев.

Бажы кызматынын маалыматында, 12-августтан бери Эркеч-Там өткөрмө пунктунан болгону 12 оор унаа өткөрүлгөн. Ушул өңдүү көрүнүш Торугарттагы бажы бекетинде да орун алды. Бажы кызматынын Чыгыш бажысынын жетекчиси Үсөн Өмүракунов Торугартта Кытайдан товар алып келген 32 оор унаа өткөрүлбөй турганын маалымдады.

ЕАЭБ кытай товарын азайтат

Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине байланыштуу 166 товардын түрүнө эски бажы тарифи калып, калгандарына уюмдун талабына ылайык бажы төлөмү көтөрүлгөн. Анын ичинде Кытайдан ташылып келген товарларга бажы төлөм үч-төрт эсе жогорулаганын айткан экономист Жумакадыр Акенеев, алдыда Кытайдын товарынын Кыргызстанга алып келүү көрсөткүчү төмөндөй берерин кошумчалады.

- Кытайдын товарлары мурункудай жүгүрбөй калат. Биринчиден, алар кымбаттайт. Экинчиден, мурда алар бош шартта алып келинчү, азыр бир топ товарды Кытайдан алып келгенден көрө, бул жакта өндүргөн ыңгайлуу болуп калат. Себеби кытай товары 5-10% чейин баасы көтөрүлөт. Мурункудай киреше болбойт бирок, жетиштүү деңгээлде болот.

Бажы кызматы Кытайдан башка Европа өлкөлөрүнөн алып келип жаткан товарларга дагы бажы төлөмүн кескин көтөрдү.

Унаа саткан ишкерлердин күйүтү

Европадан оор унаа ташып саткан ишкерлер 24-августта өкмөткө кайрылып, жаңы бажы төлөмүн алып турууну суранууда. Ишкер Айдин Намазов бажы кызматы Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу оор унааларга бажы төлөмүн эки эсе көбөйткөнүн айтат.

Ишкерлер бажы төлөмүн төлөгөн учурда, оор унааны сатып пайда көрбөй калабыз деп учурда жүздөн ашык унаа бажы терминалында турганын билдиришти.

- Өкмөт алдын ала бажы төлөмү көтөрүлөт деп эскертүү берген эмес. Биз унааларды алып келгенден кийин гана баа өзгөргөнүн билдик. Европадан оор унаа ташып, орто жолдо келаткандары дагы бар, алар дагы баа көтөрүлүп кеткенин билбей эле келе жатат.

Ишкерлердин көпчүлүгү насыя алып, оор жүк ташуучу унааларды алып келип сатарын кошумчалашканы менен, бажы кызматы жеңилдиктер берилбесин билдирди. Жаңы тарифтер Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан макулдашып коюлганын айткан бажы кызматы бардык ишкерлерге алдын ала төлөмдөр кымбаттаары тууралуу маалыматтар берилген деп ишендирет.

Кыргызстан ушул жылдын 12-августунда ЕАЭБдин расмий мүчөсү болду. Уюмдун талабына ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү товар алмашуу эркин болуп, ал эми башка өлкөлөрдүн товарларына бажы төлөмү жогорулайт.

XS
SM
MD
LG