“Азаттык”: Бул маданият иш-чарага элүүдөй кытайлык кыргыз келет экен. Кытайлык кыргыздардын маданияты менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткан экен.
Султан Раев: Кытайдын Кыргызстандагы маданият күндөрү 25-30-сентябрь күндөрү өтөт. Маданий делегациянын катарында элүүдөй кыргыз келет. Биринчи жолу ушундай чоң форматтагы иш-чара өткөн жатат.
Келе тургандардын 80 пайыздайы Кызыл-Суу кыргыздарынын чыгармачыл инсандары, артисттери. Алардын катарында Дүйшөн Сейит кызы деген ырчы бар. Сыргак Абды деген манасчы келет. Кыргыз ырлары, кыргыз бийлери, кытайлык кыргыздардын аткаруусунда "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылат.
27-сентябрда Опера жана балет театрында гала-концерт болот. Ушул эле күнү Көркөм сүрөт музейинде фото сүрөтчүлөрдүн, кийимдердин көргөзмөсү ачылат. Иш-чаралар Бишкек шаарында өтөт, ошондой эле Чолпон-Атада да маданият күндөрү өтөт.
“Азаттык”: Кытайдын ушинтип пейилин салып, маданий алака-катышты чыңдап жатканын айрымдары ар кандай жооруп, экспансиянын бир түрү катары да баалагандар бар. Буга пикириңиз кандай?
Раев: Бул маданият күндөр Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына, ошондой эле кыргыз-кытай алака-катышынын жыйырма жылдыгына карата өтүп жатат. Биз баарыбыз эле маданият аркылуу интеграция болуп, байланышып жатпайбызбы. Кытай келсе эле кытай экспансиясы болуп калмак беле?
Кытайдан кыргыздар келип жатпайбы. Кыргыздардын концерти болуп жатат. Башка мамлекеттердин деле маданият күндөрү өтүп жатат. Алардын баарын деле экспансия деп айта берсек болмок беле?
Маданият – бул көпүрө. Эл аралык мамилелерди, достукту, руханий байланышты чыңдоонун өзөгү болуп эсептелет. Муну экспансия деген өтө туура эмес ой. Маданият аркылуу экономикалык байланыш да чыңдалып жатат. Мунун баарын биз позитивдүү нерсе катары карашыбыз керек.
“Азаттык”: Мен Тажикстандын кыргыздар жыш жашаган жери Мургабда болгонумда ал жактагы кыргыздар Кыргызстандан маданият жактан колдоо болсо дегендей айтышты эле. Мурдагы совет доорундагыдай ырчылар келип, концерт коюп дегендей. Кытайдагы кыргыздар менен маданий алака-катыш кандай?
Раев: Биздин артисттер ал жакка барып турушат. Чакан топ болуп барып турушат. Келечекте Кызыл-Суу кыргыз автоном облусуна чоң концерттик делегация барып, маданиятыбызды тааныштырып кетели деген ниетибиз бар. Муну кытай тарап жакшы колдоп жатат.
Өзүңөр билесиңер, жакында манасчылардын чоң конкурсу болду. Ага да келишти. Биздин манасчылар да барып жатат. Маданий алака-катыш жакшы болуп жатат. Биздин мамлекет башка мамлекеттерде жашаган кыргыздардын маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн сактоого жардам бериши керек. Кандаш, бир тууган катары милдетибиз чоң.
“Азаттык”: “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине Кытайдын атынан катталышы кыргыз коомунда далай талкуу жаратты эле. Бул маселе азыр кандай болуп жатат?
Раев: Бул маселени азыр деле ар кандай жооруп жатышат. Бирок маселенин өзөгүн билүү керек. Кытайлык кыргыздардын манасчылык өнөрү ЮНЕСКОнун тизмесине жоголуп бараткан өнөр катары кирген. Биз азыр "Манас", "Семетей", "Сейтек" деген үчилтикти ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизип жатабыз. Бул эки тизме эки башка. Биз ошол үчиликти көөнөрбөс мурас, үлгү катары киргизгенге аракет жасап жатабыз. Комиссия иштеп жатат. Буйруса 2013-2014-жылдары руханий мурас катары тизмеге кирет.
“Азаттык”: Рахмат.