Долбоордо мыйзамдагы кээ бир тыюу салууларды алып салуу сунушталып, фонограмма же нукура ыр угуу элдин тандоосуна коюлган. Бул түзөтүү боюнча өнөр адамдары эки ача пикирде.
Министрлик мыйзамды өзгөртүүгө анын ансыз деле иштебей жатканы, көп ырчылар катышкан өкмөттүк маданий иш-чараларды фонограммасыз өткөрүүгө мүмкүн эместиги менен түшүндүрдү.
Фонограмманы колдонууну чектөө мыйзамы 2011-жылы кызуу талкуу менен кабыл алынган. Долбоордун автору, мурдагы депутат Исмаил Исаков анын негизги максаты тууралуу буларды айтты:
- Бул чыныгы таланттарга жол ачмак. Себеби, мен же сен акча төлөп барсак, анан эмнеге ырчылардын фонограммадагы кооздолгон үнүн угуп келишибиз керек? Мен анын нукура үнүн угайын деп акча төлөп жатам да.
Исаков мыйзам долбоорун дагы да кеңейтип, фонограммага бөгөт коюну мындан да күчөтүү керек эле деген пикирде.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Рыскул Боронбаевдин айтымында, сөз болуп жаткан мыйзамдын негизинде республикалык жана жергиликтүү казынанын эсебинен өтө турган концерттер сөзсүз нукура үн менен өтүшү керектиги жазылган, бирок иш жүзүндө мындай эрежени сактоо мүмкүн эмес:
- Мыйзамда өкмөттүн каражатына өткөн концерттер, маданий иш-чаралар таза үн менен өтсүн деген берене бар эле. Эми ал жерде фонограмма колдонууга уруксат берилип жатат. Анткени жүз киши катышкан иш-чараларда оркестрге же ырчы-бийчилердин ар бирине үн күчөткүч жетпейт. Ушул сыяктуу өзгөрүүлөр бар.
Анткен менен адис мыйзамдын негизги өзөгү ошол боюнча калганын айтып, бирок бул өзгөртүүнүн ырчылардын жеке концерттерине тийгизген таасири тууралуу мындай деп айтты:
- Ырчылар деле бул чектөөдөн чыкты да. Баары элдин өзүнүн каалоосуна коюлду. Болгону эми артисттер өздөрүнүн концерт тууралуу жарнама бергенде ал кечеде фонограмма же чыныгы үн менен ырдай турганын жазып коюшу керек.
Боронбаевдин айтымында, ушул убакытка чейин аталган мыйзам иштебей келди. Анан калса андагы беренелерди бузгандарды жазага тартуу механизмдери иштелип чыккан эмес. Ошондуктан кандай угууну элдин өз эркине койгон туура.
Эл артисти Курмангазы Азыкбаев башынан эле фонограммага каршы чыгып келаткан өнөрпоздордун бири. Анын пикиринде аталган мыйзамга карата сунушталган жогорудагы өзгөртүү мыйзамдын негизги маанисин жоготушу мүмкүн.
- Телерадиого тартылып жатканда фонограмма болсо болот. Ал эми аянттарда өтүп жаткан жандуу концерттерде фонограмманы алып салуу керек. Тойлордо да нукура үн менен ырдасын да. Ошондой болгон учурда биздин жеңил ырчылар өзүнөн өзү сыртка калкып чыкмак.
Ал эми эмгек сиңирген артист Бек Борбиев фонограммага тыюу салууну чыгармачылыкка кийлигишүү деп баалады:
- Бул сунушту эстрада тармагынан кабары жоктор киргизген деп билем. Биринчиден, демократиялык принциптер бузулат, түздөн түз чыгармачыл адамдын ишине кийлигишүү болот. Алдыңкы өлкөлөрдө мындай мыйзамдар жок. Кээ бир өлкөлөрдө болуп кайра жоюлган. Экинчиден, таза өз үнүң менен ырдаш үчүн ТВда же башка жерлерде тийиштүү аппаратуралар болушу керек.
Режиссер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов болсо массалык маданий иш-чараларды өткөрүүдө көрүүчүлөрдү ырчы үн менен тартуу оңой эмес экенин кеп кылды:
- 2016-жылы Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" театралдык көрсөтүү койдук. Ал жер эки гектарды ээлеген аймак эмес беле? Ошол жерде фонограмма колдондук. Ал жерде техникалык жактан нукура үн менен коюу мүмкүн эмес. Чынында дүйнө жүзүндө деле ушундай колдонулат. Анткени эки миңдей кишинин ар бирине үн күчөткүч илип жүргөнгө техникалык мүмкүнчүлүк жок. Мен биринчи иш-чараны жандуу үн менен өткөргөн элем. Бирок ал жерде актерлордун баары эки үн күчөткүчкө байланып, көркөмдүк жагы көңүлгө толбой калган.
Анткен менен академиялык музыканттар мыйзамдагы чектөөнүн алынышы кайрадан фонограмманын күчөшүнө салым кошот, тескерисинче, анын иштетүү жол-жобосун жазып чыгышы керек деген пикирде.
Адистердин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө, атүгүл коңшу Орусия, Казакстан, Өзбекстанда да концерттерде фонограмма менен ырдоого чек коюлган. Ал эми Кытайда болсо фонограмма менен ырдагандарга 2500 доллар айып салынат экен.